KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Судьялар кеңеши Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен сот тутумун санариптик трансформациялоо боюнча маселелерди талкуулады

14 июня 2024

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Кыдык Джунушпаев 2024-жылдын 13-июнунда санариптик трансформациялоону колдоо максатында сот тутумуна талдоо жана функционалдык байкоо жүргүзгөн Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушту.


Жолугушуунун жүрүшүндө Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү сот тутумуна жүргүзгөн функционалдык байкоо боюнча анализдерди жана сунуштарды берди, ошондой эле санариптештирүү боюнча маселелер талкууланды.


Иш чарага Судьялар кеңешинин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Мукамбет Касымалиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары Күмүшбек Жоомартов жана Айбек Молдакунов, Чүй облусунун Административдик сотунун төрагасы Таалайбек Даркимбаев, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьялары Болот Абдуллаев жана Алмаз Нурбеков, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Темирбек Ибраимов катышышты. Судьялар кеңешинин калган мүчөлөрү жолугушууга видеоконференцбайланышы аркылуу кошулушту.


Дүйнөлүк банк тарабынан мамлекеттик сектор боюнча улук адис жана долбоордук топтун жетекчиси Клаус Декер жана санариптик трансформациялоо боюнча эксперт Уран Эсенгелдиев катышышты.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...