KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Күнөөсүздүк презумпциясы жана УКМКнын башчысынын билдирүүсү боюнча ачык кат

25 декабря 2020

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Т.Т.Мамытовго Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинен  ачык кат


 Урматтуу Талант Турдумаматович!


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши  акыркы убакта сот бийлик бутагына карата укук коргоо органдары тарабынан болуп көрбөгөндөй кысымдар жана куугунтуктоолор болуп жатканына тынчсызданууда. Аталган органдардын басма сөз кызматы жана кээ бир жетекчилери тигил же бул судья сот тарабынан күнөөлүү деп табыла электе эле анын кылмыш кылганы далилденди деген билдирүүлөрдү байма-бай таратып жатат.


2020-жылдын 24-декабрында УКМКнын төрагасы К.К. Ташиев  пресс-конференция учурунда “Жогорку соттун Төрагасы кармалат, ага коюлган айыптар боюнча жетиштүү далилдер бар” деп билдирүү жасады.


Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши, Кыргыз Республикасынын судьяларынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында иштелип чыккан соттук өз алдынча башкаруу  органы катары, бийликтин бир бутагы болгон  сот тутумуна, анын жетекчисине карата айтылган айыптоолор Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине  жана жазык-процесстик мыйзамдарына  каршы келээрин  билдирет.


Күнөөсүздүк презумпциясы кылмыш ишинин негизги принциптеринин бири болуп саналат, ал адам кылмыш жасагандыгы боюнча  күнөөсү мыйзамда белгиленген тартипте далилденмейинче жана соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен аныкталганга чейин күнөөсүз деп эсептелет.


Акыркы окуялар укук коргоо органдарынын жашыруун кысым көрсөтүүсүнүн далили. Буга жол берилбеш керек! Анткени,  бул жалгыз сот бийлигинин бутагынын гана эмес, жалпы эле мамлекеттик бийликтин негиздеринин кадыр-баркына  жана туруктуулугуна шек келтирет.


Пресс-конференция учурунда жасалган бир жактуу билдирүүлөр биздин өлкөдө гана эмес, башка мамлекеттерде да чагылдырылары түшүнүктүү. Андыктан, жогорудагыдай айыптоолор жалпы мамлекеттин аброюна да доо кетирет.


Сот бийлик бутагы мыйзамдуулукту сактоодо, жеке жана коомдук кызыкчылыктардын бирдейлигин жана теңдигин камсыз кылууда өз алдынча жана көз карандысыз болушу зарыл.


Ал эми сот бийлигинин көз карандысыздыгы сот ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө Конституция тарабынан белгиленген негизги кепилдик болуп саналаары талашсыз.


Урматтуу Талант Турдумаматович,


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши   Сизге бардык бийлик бутактарынын тең салмактуулугун сактоодо өзгөчө орунда турган Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин  аткаруучу катары кайрылып, сот корпусуна карата айтылган жогорудагыдай бир жактуу айыптоодон жана кысым көрсөтүүдөн калкалооңузду, сот тутумунун көз карандысыздыгын камсыздоого көмөктөшүүңүздү суранат.


Анткени, бардык мамлекеттик органдар менен структуралар бирдиктүү максатты көздөшөт – бул жарандардын укуктары менен эркиндиктерин натыйжалуу коргоону  камсыздаган, коррупциядан алыс болгон мыйзамдуулукту куруу.


 


Урматтоо менен,


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...