KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Судьялар кеңеши тартип комиссиясынын корутундусунун негизинде чечим кабыл алды

26 февраля 2023

2023-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши баяндамаларды угуп, Тартип комиссиясынын корутундуларын талкуулап, алар боюнча чечим кабыл алды:



  1. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратуранын экс-судья Калыйс Качкыналиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө сунушун канааттандырды;

  2. Башкы прокуратуранын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары Нурлан Мусаевге, Күмүшбек Жоомартовго жана Сүйүнбек Атакуловго карата сунуштамасын канааттандыруудан баш тартылды;

  3. Баткен облустук прокуратурасынын Баткен облустук сотунун судьясы Азамат Алдашовго карата сунуштамасын канааттандырып, ага карата алдын ала эскертүү түрүндө тартиптик жаза чарасы колдонулду;

  4. Жалал-Абад облустук прокуратурасынын Жалал-Абад облустук сотунун судьясы Канат Амановго карата сунуштамасын канааттандыруудан баш тартылды;

  5. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагаысынын Бишкек шаардык сотунун судьяларын жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштамасын канааттандырды. Судья Улан Садырбековго карата эскертүү түрүндө, Жамиля Сабитовага карата алдын ала эскертүү түрүндө тартиптик жаза чарасы колдонулду, ал эми судья Сүйүнбек Бекташовго карата канааттандыруусуз калтырылды;

  6. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Гүлзат Дыйканбаевага карата УКМКнын сунуштамасын канааттандыруудан баш тартылды;

  7. Кыргыз Республикасынын Акыйткатчысынын (Омбудсменинин) Бишкек шаардык сотунун судьясы Салтанат Бектемировага карата чара көрүү тууралуу актысын канааттандыруудан баш тартылды;

  8. Г.Р. Ахмедованын Баткен облусунун Сүлүктү шаардык сотунун төрагасы азыркы учурда Нарын облусунун Нарын шаардык сотунун судьясы Гүлзат Эрматовага жана Баткен облусунун Баткен райондук сотунун судьясы Айзады Оторбаевага карата арызын канааттандыруудан баш тартылды.

  9. М.А. Жакишевдин Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Азис Эшалиевге карата  арызын канааттандыруудан баш тартылды.


Бишкек шаардык сотунун судьясы З.Т. Джунусовду жана Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы А. К. Кадыркулованы тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени кароо Судьялар кеңешинин кийинки отурумуна жылдырылды.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...