KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Судьялар кеңеши Тартип комиссиясынын корутундуларынын негизинде бир катар чечимдерди кабыл алды

09 сентября 2024

Судьялар кеңешинин отурумунда Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун судьясы Б.А. Астаевге карата Ош облусунун прокуратурасынын сунуштамасы каралды. Ошондой эле «Орифлэйм косметикс» ЖЧКнун жана А.Н. Жумагулованын Бишкек шаарынын Административдик сотунун судьясы Г.Ы Дыйканбаевага карата даттануулары каралды. Судьялар кеңеши докладдарды угуп, Тартип комиссиясынын корутундуларын талкуулап, жогоруда аталган судьяларга карата алдын ала эскертүү түрүндөгү тартиптик жаза чарасын колдонуу жөнүндө чечим кабыл алды.


Судьялар кеңешинин чечими менен айрым даттануулардын жана сунуштардын жүйөлөрү негизсиз жана ыраатсыз болгондугуна байланыштуу тартиптик жазаларды колдонуудан баш тартылды.



  1. Башкы прокуратуранын Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы Т.У. Курманбековго карата сунуштамасын канааттандыруудан баш тартылды;

  2. А.С. Кыйгырованын Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун төрагасы К.К. Архаровага карата даттануусун канааттандыруудан баш тартылды;

  3. Т.М. Каримовдун Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы У.Ш. Шаматовго карата  даттануусун канааттандыруудан баш тартылды;

  4. Б.Б. Борошовдун Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы А. Картамбаевага карата даттануусун канааттандыруудан баш тартылды.


Тартип комиссиясынын эки материалын кароо ар тараптуу изилдөө жана сунуштар боюнча материалдарды чогултуу үчүн Судьялар кеңешинин кийинки отурумуна калтырылды.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...