Бүгүн, 2024-жылдын 15-мартында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши баяндамаларды угуп, Тартип комиссиясынын корутундуларын талкуулап, бир катар чечимдерди кабыл алды:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Бишкек шаардык сотунун судьялары А.Э. Кубатовго, А.Ж. Момуналиевге жана С.И. Бекташовго карата жай аныктамасын карап, Судьялар кеңеши алдын ала эскертүү түрүндөгү тартиптик жаза чарасын колдонду;
- С.А. Балтабаевдин Ош облусунун Араван райондук сотунун судьясы Н.Б. Джолбуновго карата даттануусун карап, Судьялар кеңеши алдын ала эскертүү түрүндөгү тартиптик жаза чарасын колдонду;
- Т.К. Карагулов Ош облустук сотунун судьялары А.А. Колумбаев, М.М. Дуйшенбекова жана М.У. Шамбетовага карата өзүнүн арызын кайра кайтарып алды.
- Р.Ж. Кузекеевдин Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Ч.М. Бердимуратовго карата даттануусун канааттандыруудан баш тартылды;
- «Нурзаман Плюс» ЖЧКнын өкүлү А.К. Алимбекованын Ош облустук сотунун судьясы Дж.К. Абдымомуновага, Э.Т. Бейсекеева жана М.М. Дуйшенбековага карата даттануусун канааттандыруудан баш тартылды;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы К. Байсовго, Чүй облустук сотунун судьялары К.С. Есекеевге, Н.М. Айтмырзаевге жана Т.А. Абдырашитовго карата жай аныктамасын кароо кийинки отурумга калтырылды.
- Н.А. Пратовдун Ош облусунун Ош шаардык сотунун судьясы С.А. Есенкуловага карата даттануусун кароо кийинки отурумга калтырылды.