Бүгүн, 2023-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешиТартип комиссиясынын баяндамаларын угуп, корутундуларын талкуулап, бир катар чечимдерди кабыл алды:
- Жабырлануучу А.Д.Ногойбаеванын өкүлү – У.Д. Сейитбековдун арызын жана Чүй облустук прокуратурасынын Чүй облустук сотунун судьялары У.Ж. Калыбековго, Т.А.Абдырашитовго жана А.А.Абдугапаровго карата сунуштамасын карап чыгып, Судьялар кеңеши сөгүш түрүндө тартиптик жаза чарасын колдонду;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2023-жылдын 07-августундагы жеке аныктамасын карап чыгып, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы М.Б.Тентимишовго, Бишкек шаардык сотунун судьялары М.С.Динеевге, А.М.Карабековго, А.Т.Калбаевге карата Судьялар кеңеши эскертүү түрүндө тартиптик жаза чарасын колдонду;
- А. Акматбекованын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы У.А. Сатимкуловго карата арызын канааттандыруудан баш тартылды;
- С.У. Кушубаковдун Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунун төрагасы Н.М. Солпуевага карата арызын канааттандыруудан баш тартылды;
- Р. Джумаевдин учурда Ош облустук сотунун судьясы К.А. Пирматовго, учурда Талас облустук сотунун судьясы Н.А. Майлубашевге, учурда Чүй облусунун Жайыл райондук сотунун судьясы Г.Ч. Жоробаевага жана учурда Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун судьясы О.С. Абдыкаровго карата даттануусун канааттандыруудан баш тартылды;
- В.Н. Конюховдун Ысык-Көл райондук сотунун судьясы Т.Ж. Насировага, Ысык-Көл облустук сотунун судьялары А. Бердибековго, Б.Ж. Дюшеналиевге жана Б.Н. Мырзакановага карата арызын канааттандыруудан баш тартылды;
- Р.Т. Исакжановдун Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Г.Ы. Дыйканбаевага карата арызын канааттандыруудан баш тартылды.