KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Судьялар кеңеши Тартип комиссиясынын корутундуларынын негизинде бир катар чечимдерди кабыл алды

12 октября 2023

Бүгүн, 2023-жылдын 12-октябрында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши баяндамаларды угуп, Тартип комиссиясынын корутундуларын талкуулап, бир катар чечимдерди кабыл алды:


1. Ош облусунун Ноокат райондук сотунун судьясы Н.М. Байзаковду мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Ош облусунун прокуратурасынын сунушу канааттандырылды;


2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана УКМКнын төрагасынын Баткен облустук сотунун судьялары Ж.Ж. Жамангуловду, З.Б. Алгожоевди , З.Э. Алыбаевди мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу сунуштары канааттандырылды.;


3. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы К.Ж. Токтомаматовду мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу сунушу канааттандырылды;


4. Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Б.А. Сарыбаевди мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу КР ИИМдин тергөө кызматынын сунушу канааттандырылды;


5. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук сотунун судьясы А.А. Мойдуновду мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын сунушу канааттандырылды;


Судьялар кеңешинин чечими менен жогоруда аталган судьяларды мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө сунуш Кыргыз Республикасынын Президентине киргизилди.


6. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын Ош облусунун Ноокат райондук сотунун судьясы К.Ж. Калиевага карата тартиптик жаза чарасын колдонуу жөнүндө сунушу канааттандырылып,  ага алдын ала эскертүү түрүндөгү тартиптик жаза чарасы берилди;


7. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун судьясы Б.О. Иманбековго карата тартиптик жаза чарасын колдонуу жөнүндө сунушу канааттандырылып, эскертүү түрүндө тартиптик жаза чарасы берилди;


8. Мейкин уулу Н. жана М.Д. Байгелдиевдин Чүй облустук сотунун судьялары И.В. Горшсковскаяга, Г.Т. Кожобековага, Г.Т. Масабировага карата даттануусу канааттандырылып, аларга карата алдан ала эскертүү тартиптик жаза чарасы берилди;


9. Нарын шаардык сотунун төрагасы С.Ы. Осмоновго карата Нарын облустук сотунун төрагасынын сунуштамасы канааттандырылып, алдан ала эскертүү түрүндөгү тартиптик жаза чарасы колдонулду;


10. Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун төрагасы К.К. Касымбековго жана төраганын милдетин аткаруучу Э.Б. Барыктабасовага карата Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын сунуштамасын канааттандыруудан баш тартылды;


11. Т.А. Усманованын Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун судьясы А. Койломбаевге карата даттануусун канааттандыруудан баш тартылды;


12. А.И. Джабарованын Баткен облусунун Сүлүктү шаардык сотунун судьялары А. Турусбековго, У. Садыковго карата даттануусун канааттандыруудан баш тартылды;


13. А. Дүйшеналиевдин Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы М.Б. Шерматовго карата даттануусун канааттандыруудан баш тартылды;


14. А. Жаныбай уулунун Ош облусунун Административдик сотунун судьясы Д.С. Сүйүналиевге карата даттануусун кароо кийинки отурумга калтырылды.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...