KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Судьялар кеңеши Тартип комиссиясынын корутундуларынын негизинде бир катар чечимдерди кабыл алды

24 сентября 2023

2023-жылдын 22-сентябрында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши баяндамаларды угуп, Тартип комиссиясынын корутундуларын талкуулап, бир катар чечимдерди кабыл алды:


1. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун мурдагы судьясы Н.И.Каримбековду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө  сунуштамасы канааттандырылды.


2. Ош шаарынын прокуратурасынын Ош облусунун Ноокат райондук сотунун судьясы Г.А. Абылкасымовага карата сунуштамасы канааттандырылып, сөгүш түрүндө тартиптик жаза чарасы колдонулду;


3. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын Чүй облусунун Жайыл райондук сотунун судьялары Н.К. Сооронбаев жана Г.Ч. Жоробаевага  карата сунуштамалары канааттандырылып, аталган судьяларды алдын ала эскертүү түрүндө тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө чечим кабыл алынды;


4. М.Б. Сулаймановдун Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы А.А. Сулаймановго карата арызы канааттандырылып, алдын ала эскертүү түрүндөгү тартиптик жаза чарасы колдонулду;


5. О.П. Михайловдун жана анын жактоочусу А. Типеровдун Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы Т.Т. Шанкаевге карата даттануусу канааттандырылып, алдын ала эскертүү түрүндөгү тартиптик жаза чарасы колдонулду;


6. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын Жалал-Абад облусунун Аксы райондук сотунун судьясы М.К. Султаналиевге карата тартиптик жаза чарасын колдонуу жөнүндө сунуштамасын канааттандыруудан баш тартылды;


7. Ош шаарынын прокуратурасынын Ош шаардык сотунун судьялары Р.Ш. Саткынбаев, Н.М. Малдыбаев жана Ж.Т. Жумаковго карата сунуштамасын канааттандыруудан баш тартылды;


8. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун прокуратурасынын Ош облусунун Араван райондук сотунун төрагасы М.К. Тентиевага, Таш-Көмүр райондук сотунун судьясы Н.Т. Джунушевага, Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун судьясы О.С. Абдыкаровго карата сунуштамасын канааттандыруудан баш тартылды;


9. А.У. Сарбагишевдин Жалал-Абад облустук сотунун төрагасынын орун басары А.Р. Шукуралиевге, судьялар Б.М. Сейталиевге жана М.М. Кенжеевге карата даттануусун канааттандыруудан баш тартылды;


10. Ош облусунун прокуратурасынын Кара-Суу райондук сотунун (учурда Чүй облусунун Жайыл райондук сотунун) судьясы Н.К. Сооронбаевге, Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун судьясы О.С. Абдыкаровго, Өзгөн райондук сотунун судьясы Э.Д. Бекишовго, Нарын облусунун Кочкор райондук сотунун судьясы О.Р. Сарыбаевге, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьялары М.Р. Сыдыковго жана Сатарбек уулу М., Ноокат райондук сотунун судьясы Ч.Н. Ибраевага карата сунушу кайтарылды;


11. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун төрагасы К.К. Касымбековго жана Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Э.Б. Барыктабасовага карата сунуштамасын кароо кийинки отурумга калтырылды;


12. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук сотунун судьясы А.А. Мойдуновду мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө сунуштамасын кароо кийинки отурумга калтырылды.


13. А.И. Джабарованын Баткен облусунун Сүлүктү шаардык сотунун төрагасы У.А. Садыковго жана Сүлүктү шаардык сотунун судьясы А.Ж. Турусбековго карата  арызын кароо кийинки отурумга калтырылды.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...