KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Судьялар кеңеши сот тутумунун 2023-жылга карата бюджетинин аткарылышы боюнча маалыматты жана отчетту укту

15 марта 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 15-мартында, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин жана Сот адилеттигинин жогорку мектебинин 2023-жылга карата бюджетинин аткарылышы боюнча отчетун укту. Сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен сот системасынын аталган органдарынын отчеттору кабыл алынды. Белгилей кетсек, буга чейин Судьялар кеңешинин Бюджеттик комиссиясы сот тутумунун органдарынын маалыматтарын жана отчетторун карап чыгып, өз корутундуларын берген.


Судьялар кеңешинин чечими менен 2024-жылга Сот адилеттигинин жогорку мектебинин ишмердүүлүгү боюнча отчет бекитилди.


Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына турак жайды ижарага берүү боюнча эки календардык жылдан ашпаган чыгымдарды компенсациялоого макулдук берди.


Ар кандай маселелердин ичинен «2023-2026-жылдарга сот адилеттиги системасын өнүктүрүү» Мамлекеттик максаттуу программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар Планынын 1.4 жана 1.5-пункттарын аткаруу боюнча маселелер каралды, тагыраагы, судьялардын тартип комиссиясынын чечимдерине карата Судьялар кеңешине даттануу мүмкүнчүлүгү, Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн санын көбөйтүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жана Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин катчылыгын түзүү тууралуу маселелер каралды.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...