KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши мекендештерди өлкөбүздүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайт

31 августа 2024

Урматтуу кыргызстандыктар!


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши

өлкөбүздүн Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт!


Кыргызстан дүйнө мамлекеттеринин катарында эркин жана демократиялык өлкө катары өз ордун тапты.


Азыркы милдетибиз — укуктук коомду чыңдоо жана элдин ишенимине ээ болуу.


Келечекте күчтүү мамлекетти куруу үчүн бизге тынчтык, ынтымак жана талыкпаган эмгек керек. Ак ниетибиз, адал эмгегибиз менен Кыргызстандын жаркын келечегин курууга салым кошуу — ар бирибиздин ыйык милдетибиз.


Урматтуу мекендештер! Жерибизде тынчтык болсун, жүрөгүбүздө ыйман орноп, ишибизди ийгиликтер коштосун! Эгемендүүлүк күнүбүз кут болсун!


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...