KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши судьяларды жана сот тутумунун кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын сот тутумунун кызматкерлеринин күнү менен куттуктайт!

05 марта 2021

Урматтуу судьялар жана сот тутумунун кызматкерлери!


Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын Сот тутумунун кызматкерлеринин күнү менен куттуктайбыз.


Сот системасы мамлекеттин укуктук саясатын түзүүдө өзгөчө орунду ээлейт, сот өндүрүшүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналат. Судьялардын артыкчылыктуу милдеттеринин бири-Мыйзамдын тамгасы менен рухун, адилеттүүлүк принциптерин бекем кармоо жана аларды жетектөө.


Сиздердин кесипкөйлүгүңүз жана коом алдындагы жоопкерчиликти түшүнүүңүз ар дайым Кыргыз Республикасынын жарандарынын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин коргоону, коомдо мыйзамдуулукту жана тартипти камсыз кылууга жардам берет. Ошондой эле принциптерге кармануу, коом жана мамлекет тарабынан берилген сот ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга жоопкерчиликтүү мамиле кылуу ишиңизде ар дайым өзгөрүлгүс осуяттар бойдон кала берерине ишенебиз.


Ушул маанилүү күнү Сизге жана Сиздин үй-бүлөңүзгө чың ден-соолук, бакубат жашоо, көөнөрбөс күч-кубат жана Мыйзамга кызмат кылууда чоң ийгиликтерди каалайбыз.


 


 Урматтоо менен,


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши


 


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...