KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши судья кармалгандыгы жөнүндө маалыматты жокко чыгарат

21 мая 2022

Кечээ Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы судьянын кармалгандыгы тууралуу маалыматты таратты. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын «Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын талаптарын жетекчиликке алып, судья кармалгандыгы жөнүндө маалымат анык эместигин белгилеп, чындыгында эч кандай кармоо болгон эмес деп расмий билдирүү жасарын билдирет.


Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши көзөмөл органына текшерилбеген жана анык эмес маалыматтарды жарыялоодон сак болууну эскертет.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...