KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Судьялар кеңеши судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди

20 марта 2024

2024-жылдын 20-мартында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жыйынында Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы К.А.К.ны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын сунушу каралды. Ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгүндө жана 1-бөлүгүндө, 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн айыпталууда.


Судьялар кеңеши Тартип комиссиясынын баяндамасын угуп,  корутундусун талкуулап, Башкы прокуратуранын сунуштамасын канааттандыруу жана жогоруда аталган судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө чечим кабыл алды.  Кыргыз Республикасынын Президентине судьяны  ээлеген кызматынан убактылуу четтетүү жөнүндө сунуш киргизилди.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...