2024-жылдын 05-мартында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жыйынында Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы Б.Т.К.ны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын сунушу каралды. Ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча айыпталууда.
Судьялар кеңеши Тартип комиссиясынын баяндамасын угуп, корутундусун талкуулап, Башкы прокуратуранын аталган сунушун канааттандыруу жөнүндө чечим кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын Президентине жогоруда аталган судьяны кызматынан убактылуу четтетүү жөнүндө сунуш киргизилди.