KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Судьялар кеңеши эки судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди

04 июля 2024

2024-жылдын 3-июлунда Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жыйынында Чүй облустук сотунун судьялары К.У.Ж. жана А.Т.А. кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун сунушу каралды.


К.У.Ж. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 2-пунктунда, 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1,2-пункттарында, 41-беренесинин 2-пунктунда, 342-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4,5-пункттарында, 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда, 41-беренесинин 2-пунктунда, 337-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн айыпталууда.


Ал эми А.Т.А. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 4-пунктунда, 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1,2-пункттарында, 41-беренесинин 4-пунктунда, 342-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4,5-пункттарында, 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда, 41-беренесинин 4-пунктунда, 337-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн айыпталууда.


Судьялар кеңеши Тартип комиссиясынын баяндамасын угуп,  корутундусун талкуулап, Башкы прокуратуранын сунуштамасын канааттандыруу жана жогоруда аталган судьяларды жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө чечим кабыл алды.  Кыргыз Республикасынын Президентине судьяларды ээлеген кызматтарынан убактылуу четтетүү жөнүндө сунуш киргизилди.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...