Бүгүн, 2023-жылдын 02-ноябрында «2023-2026-жылдарга сот адилеттиги системасын өнүктүрүү» Мамлекеттик максаттуу программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басары Рахат Каримованын, Дүйнөлүк банктын өкүлдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын жана медиаторлорунун, ошондой эле USAIDдин «Укук булагы» долбоорунун жана IDLOнун өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стол болуп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө тегерек столдун катышуучулары менен сот тутумун санариптештирүү, анын көйгөйлөрү, келечеги жана аталган органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча милдеттерди андан ары ишке ашыруу маселелери боюнча пикир алмашуулар болду.
Онлайн сот процесстерине толук өтүү маселелери талкууланып, буга байланыштуу тиешелүү процессуалдык кодекстерге өзгөртүүлөрдү киргизүү, аталган онлайн процесстер учурунда айыпталуучунун позициясын аныктоо үчүн соттордо адвокаттардын кабинеттерин түзүү зарылдыгы ортого салынды. Ошондой эле адвокатураны жана медиацияны санариптештирүү, тараптардын өкүлдөрү үчүн, анын ичинде адвокаттарга жана медиаторлорго онлайн сот процесстерине жеткиликтүүлүктү жакшыртуу жана интеграциялоо маселелери талкууланды.
Андан соң Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жана Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин ишмердүүлүгү жана жабдылышы менен толук таанышышты.