KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жыйыны болуп өттү

17 октября 2024

2024-жылдын 16-октябрында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жыйыны болуп, анда бир катар маселелер боюнча чечимдер кабыл алынган.


Судьялар кеңешинин жыйынында Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Кенжебаев Н.Т. карата чыгарылган өкүм күчүнө киргендигине байланыштуу ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш киргизүү тууралуу чечим кабыл алынды.


Ар түрдүү маселелерди кароо учурунда судьянын кызмат ордуна талапкердин сапаттарына баа берүү боюнча Сот адилеттиги иштери боюнча Кеңешке түшүндүрмөлөр берилди, ошондой эле Судьялар кеңешинин дарегине мамлекеттик органдардан жана ведомстволордон келип түшкөн каттар жана арыздар каралып, жооптор адресаттарга жөнөтүлдү.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...