Бүгүн, 2023-жылдын 29-августунда Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезексиз жыйыны болуп өттү.
Күн тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Калиева Гүлбара Утюровнанын өз каалоосу менен судьялык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө арызы каралып, канааттандырылды.
Кыргыз Республикасынын Президентине аталган судьянын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунуш Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберүү үчүн жөнөтүлдү.