KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Судьялар кеңешинин ведомстволук сыйлыктарын салтанаттуу тапшыруу аземи болуп өттү

16 марта 2024

2024-жылдын 15-мартында сот тутумунун кызматкерлеринин күнүнө карата жергиликтүү соттордун бир катар судьяларына, сот тутумунун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин ведомстволук сыйлыктары тапшырылды.


Судьялар коомдоштугунун органдарынын өнүгүшүнө жана иштешине кошкон олуттуу салымы үчүн Бишкек шаардык сотунун судьясы – Каримова Рахат Абдылдаевна Судьялар кеңешинин медалы менен сыйланды.


Судьялар коомдоштугунун органдарынын ишине сиңирген өзгөчө эмгеги жана олуттуу салымы үчүн Судьялар кеңешинин Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланышты:



  1. Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы – Токтосун уулу Каныбек;

  2. Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы – Чериков Нурлан Кийикбаевич;

  3. Бишкек шаардык сотунун судьясы – СадыковаГульмира Сартовна;

  4. Ош облустук сотунун судьясы – Дуйшенбекова Майрагуль Мырзабековна;

  5. Ош облусунун Ош шаардык сотунун судьясы – Асаналиева Алтынай Аскарбековна;

  6. Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы – Сатарова Айнура Мелисовна.

  7. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы – Мыкыев Сулайман Абдумуталипович;

  8. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Судьялар кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин ишин камсыздоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси – Ажибраимов Эльдар Эмильевич.


Кыргыз Республикасынын сот тутумундагы натыйжалуу жана жогорку сапаттагы эмгеги үчүн Судьялар кеңешинин Грамотасы менен сыйланышты:



  1. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин ресурстарды башкаруу башкармалыгынын башчысы – Үсөналиев Курулуш Үсөналиевич;

  2. Ош облустук сотунун улук консультанты – Макамбаев Ызатбек Аскарбекович.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин маалыматтык саясат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Аширбаева Гульзада Бейшенбековнага кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы жана сот тутумундагы үзүрлүү эмгеги үчүн Судьялар кеңешинин Алкышы жарыяланды.


Кыргыз Республикасында сот реформасын ишке ашырууга кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти – Арстанбеков Мирбек Арстанбекович Судьялар кеңешинин медалы менен сыйланды.


Ошондой эле Судьялар кеңешинин Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланышты:



  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары – Конгантиева Зарема Камбаралиевна;

  2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти – Абдурасулов Омурбек Болотбекович.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...