KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү

24 июня 2022

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти жөнүндө» Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу маселе  каралганга чейин мекеменин директору Урмат Кожомбердиев аталган маселени кароосуз калтырууну сурады.


Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына турак жайды ижарага алуу боюнча чыгымдарды компенсациялоо маселеси каралды, Судьялар кеңеши бул маселе боюнча чыгымдарды эки жылдан ашпаган мөөнөткө компенсациялоого макулдук берди.


Ар түрдүү маселелердин ичинен Кыргыз Республикасынын судьяларынын кызмат ордуна конкурстук тандоону (аңгемелешүүнү) жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө Жобону, «Талапкердин кесиптик жана эрктүү сапаттарын аныктоо боюнча аңгемелешүүнү өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна конкурстук тандоонун критерийлери» Инструментарийине, оозеки аңгемелешүүнүн маселелерин бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин кайрылуусу  каралып, бул боюнча чечим чыгарылды.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...