KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү

14 октября 2024

2024-жылдын 11-октябрында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп, анда күн тартибиндеги бир катар маселелер боюнча чечимдер кабыл алынды.


Судьялар кеңеши баяндамаларды угуп, Тартип комиссиясынын корутундуларын талкуулап, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Э.Б.Б.га карата В.В. Петрусьтун даттануусун жана Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Б.Т.А.га карата Ч.У. Иманбековдун арызын канааттандыруудан баш тартуу тууралуу чечимдерди кабыл алды.   


Судьялар кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлер менен конкурстук тандоо өткөрүү тартиби жөнүндө Жобого өзгөртүүлөр киргизилди.


Кыргыз Республикасынын сот тутумунун 100 жылдыгына карата Судьялар кеңешинин ведомстволук сыйлыктарын салтанаттуу тапшыруу аземи болуп өттү.


Сот бийлигин калыптандырууга, өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө кошкон олуттуу салымы жана активдүү катышкандыгы үчүн жана ошондой эле сот тутумунун 100 жылдыгына карата Судьялар кеңешинин медалы менен сот тутумунун ардагерлери, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана Жогорку соттун судьялары медалдар менен сыйланышты.


Мыйзамдуулукту камсыз кылууга кошкон маанилүү салымы, кызматтык милдеттерин ак ниет аткаргандыгы жана сот органдарынын кадыр-баркын көтөрүүгө умтулгандыгы үчүн жергиликтүү соттордун бир катар судьялары жана аппарат кызматкерлери, ошондой эле сот органдарынын кызматкерлери Судьялар кеңешинин Ардак грамоталары, грамоталары жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.


Судьялар кеңешинин чечими менен жергиликтүү соттордун судьяларына квалификациялык класстарды берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш киргизилди.


Судьялар кеңеши жергиликтүү соттордун судьяларына турак жайды ижаралоо боюнча чыгымдарды компенсациялоону көбөйтүүгө макулдук берди.


Судьялар кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментине соттордун имараттарын куруу боюнча планына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө макулдук берилди.


Ар түрдүү маселелерди кароо учурунда Судьялар кеңешинин дарегине жеке жактардан, мамлекеттик органдардан жана ведомстволордон келип түшкөн каттар жана арыздар эске алынып, жооптор тиешелүү даректерге жөнөтүлдү.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...