KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү

12 сентября 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 12-сентябрында Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын судьяларынын кызмат ордуна талапкерлер менен конкурстук тандоону өткөрүү тартиби жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу маселени талкуулап, аталган маселени кылдат изилдөө үчүн аны кароону кийинкиге калтырды.


«Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесининин АИС-2.0 тутумунун тесттик режимде иштөөсү боюнча маалыматы угулду жана аны мындан ары киргизүү боюнча маселелер талкууланды.


Ар түрдүү маселелерди кароо учурунда Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин дарегине жеке жактардан, мамлекеттик органдардан жана ведомстволордон келип түшкөн каттар жана арыздар эске алынып, жооптор тиешелүү даректерге жөнөтүлдү.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...