KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү

09 сентября 2024

2024-жылдын 6-сентябрында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп, анда күн тартибиндеги бир катар маселелер боюнча чечимдер кабыл алынды.


Судьялар кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү сотторунун аппарат кызматкерлеринин штаттык бирдигин көбөйтүүгө макулдук берилди.


Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына турак жайды ижаралоо боюнча эки календардык жылдан ашпаган чыгымдарды компенсациялоого макулдук берди.


Судьялар кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына квалификациялык класстарды берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштар киргизилди.


Ар түрдүү маселелерди кароо учурунда Инфоком ишканасынын адиси тарабынан «Инфодокс» электрондук документ жүгүртүү тутуму боюнча окутуу өткөрүлдү.


Сот тутумунун 100 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун бир катар судьяларын жана сот тутумунун кызматкерлерин Судьялар кеңешинин  ведомстволук сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө чечим кабыл алынды.


Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин дарегине жеке жактардан, мамлекеттик органдардан жана ведомстволордон келип түшкөн каттар жана арыздар эске алынып, жооптор тиешелүү даректерге жөнөтүлдү.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...