KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү

26 августа 2024

2024-жылдын 23-августунда Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин чечими менен Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы А.Ж. Жарматованын өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө арызы канааттандырылды.


Сот департаментинин жана «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесининин АМТ-2.0 (Автоматташтырылган маалыматтык тутум -2.0) тесттик режимде киргизүү боюнча маалыматы угулду. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши менен Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешин электрондук документ жүгүртүү тутумуна кошуу маселеси талкууланды.


«2023-2026-жылдарга сот адилеттиги системасын өнүктүрүү» Мамлекеттик максаттуу программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 1.4 жана 1.5-пункттарын ишке ашыруунун алкагында КР Судьялар ассоциациясы тарабынан аталган программаны аткаруу боюнча презентация өткөрүлдү.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...