2024-жылдын 9-августунда Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп, анда күн тартибиндеги бир катар маселелер боюнча чечимдер кабыл алынды.
Судьялар кеңеши баяндаманы угуп, Тартип комиссиясынын корутундусун талкуулап, Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы У. Ажиматовго карата П.М. Суранбаевдин даттануусун канааттандыруудан баш тартуу тууралуу чечим кабыл алды. Тартип комиссиясынын калган эки материалын кароо ар тараптуу изилдөө жана сунуштар боюнча материалдарды чогултуу үчүн Судьялар кеңешинин кийинки отурумуна калтырылды.
Судьялар кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына квалификациялык класстарды берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштар киргизилди.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти менен Сот адилеттигинин жогорку мектебинин, Сот департаментине караштуу «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесининин 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы бюджеттин аткарылышы тууралуу маалыматы угулду жана сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алынды. Жогоруда аталган сот органдарынын жетекчилерине бюджеттик каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу жөнүндө эскертүү берилди. Судьялар кеңеши тарабынан АМС-2.0 (Автоматташтырылган маалыматтык тутум) киргизүү жана электрондук сот өндүрүшүн ишке ашыруу үчүн техникалык каражаттарды тез арада сатып алуу зарылдыгына басым жасалды.
Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына турак жайды ижаралоо боюнча эки календардык жылдан ашпаган чыгымдарды компенсациялоого макулдук берди.
Сот тутумунун жүз жылдыгына карата Судьялар кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана жергиликтүү сотторунун бир катар судьяларын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө сунуштамалар жөнөтүлдү.
Ар түрдүү маселелерди кароо учурунда процессуалдык эмес кайрылуу боюнча жергиликтүү соттун судьясынын кайрылуусу угулду, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин дарегине жеке жактардан, мамлекеттик органдардан жана ведомстволордон келип түшкөн каттар жана арыздар эске алынып, жооптор тиешелүү даректерге жөнөтүлдү.