KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү

29 июня 2024

2024-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп, анда күн тартибиндеги бир катар маселелер боюнча чечимдер кабыл алынды.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши өзүнүн чечими менен Тартип комиссиясынын төрагасын жана төраганын орун басарын шайлоо жөнүндө Тартип комиссиясынын протоколун бекитти.


Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясынын төрагасы болуп Касымалиев Мукамбет Шадыканович, ал эми төраганын орун басары болуп Жоомартов Күмүшбек Рыспекович шайланды. Эскерте кетсек, Мукамбет Касымалиев Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы, ал эми Күмүшбек Жомартов Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы болуп эмгектенет.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясынын материалдары каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.


Судьялар кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун бир катар судьяларына квалификациялык класстарды берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш киргизилди.


Ар түрдүү маселелерди кароо учурунда USAIDдин «Укук булагы» долбоорунун өкүлдөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жана Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин ишин камсыз кылуу боюнча бөлүмдүн ишин өркүндөтүү боюнча презентация өткөрүлдү.


Юристтер күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин айрым кызматкерлерин Судьялар кеңешинин ведомстволук сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө маселе каралды.


Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин дарегине жеке жактардан, мамлекеттик органдардан жана ведомстволордон келип түшкөн каттар жана арыздар каралып, эске алынып, жооптор тиешелүү даректерге жөнөтүлдү.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...