KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү

03 июня 2024

2024-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин, «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесининин жана сот тутумун санариптештирүү пункттары боюнча ММП-3 (Мамлекеттик максаттуу программасынын) иш-чараларын аткаруу боюнча жумушчу топтордун маалыматын укту.


АИС-2.0 боюнча жумушчу топтун жетекчиси, Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары Бекмухаммет Мусурманкулов, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директорунун орун басары Кубат Черикчиев, Сот департаментинин ресурстарды башкаруу башкармалыгынын башчысы Курулуш Үсөналиев, Сот департаментине караштуу «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесининин директору Рустам Шабыев, Сот департаментине караштуу «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесининин программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана ишке киргизүү бөлүмүнүн башчысы Алисбек Ибраимов сот тутумун санариптештирүү жана башка маселелер боюнча маалымат беришти.


Ошондой эле «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамынын долбоору талкууланды.


Сот тутумунун ардагери Темирбаева Тамара Токтосуновнаны көп жылдык ак ниет эмгеги жана сот тутумун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин медалы менен сыйлоо тууралуу маселе каралды.


Судьялар кеңешинин чечими менен Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук сотунун судьясы Б.Ш.Турсункуловдун ыйгарым укуктары ага карата чыгарылган өкүм күчүнө киргендигине байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулду.


Ар түрдүү маселелерди кароо учурунда Судьялар кеңешинин чечими менен КР Судьялар кеңешинин ишин өркүндөтүү боюнча комиссия түзүлдү.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...