KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү

22 января 2024

2024-жылдын 19-январында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп, анда күн тартибиндеги бир катар маселелер боюнча чечимдер кабыл алынды.


Судьялар кеңеши баяндамаларды угуп, Тартип комиссиясынын корутундусун талкуулап, чечим кабыл алды. Ага ылайык М.Б. Сулаймановдун Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы А. Сулаймановго карата даттануусу канааттандырылып, ага алдын ала эскертүү түрүндөгү тартиптик жаза чарасы берилди. Ал эми А.М. Комиловдун Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Г. Ы. Дыйканбаевага карата даттануусун кароо Судьялар кеңешинин кийинки жыйналышына калтырылды.


Судьялар кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун бир катар судьяларына квалификациялык класстарды берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш киргизилди.


Ар кандай маселелерде Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана Конституциялык сотунун, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин, Сот департаментине караштуу Адилет сот мекемесинин 2023-жылга Мамлекеттик максаттуу программа-3  ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткарбагандыгынын себептери боюнча отчеттору угулду.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...