KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү

17 ноября 2023

Бүгүн, 2023-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп, анда күн тартибиндеги бир катар маселелер боюнча чечимдер кабыл алынды.


Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына турак жайды ижарага берүү боюнча эки календардык жылдан ашпаган чыгымдарды компенсациялоого макулдук берди.


Судьялар кеңешинин чечими менен Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Б.А. Сарыбаевдин өз каалоосу боюнча судьялык кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө арызы канааттандырылды.


Судьялар кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун бир катар судьяларына квалификациялык класстарды берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштар киргизилди.


Ар түрдүү маселелерди кароодо Судьялар кеңешине USAIDдин «Укук Булагы» долбоорунун алкагында медиация жаатындагы учурдагы абалды талдоо, ошондой эле Кыргыз Республикасында аны андан ары өнүктүрүү боюнча сунуштар презентацияланды.


Презентацияга USAIDдин «Укук Булагы» долбоорунун Сот адилеттигинин натыйжалуулугу боюнча Компонентинин жетекчиси Динара Молдошева, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Укук үстөмдүгү жана ченем жаратуу институтунун директорунун орун басары Роза Жайлобаева, «Улуттук Медиация Борбору» коомдук бирикмесинин жетекчиси Гульсина Кожоярова жана Республикалык медиаторлор коомчулугунун Байкоочу кеңешинин мүчөсү Жылдыз Ниязова катышышты.


Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин дарегине жеке жактардан, мамлекеттик органдардан жана ведомстволордон келип түшкөн каттар жана арыздар каралып, жооптор тиешелүү даректерге жөнөтүлдү.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы

Сейдакматова Аида Асанбековна

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...