KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны өттү

23 апреля 2021

Бүгүн 2021-жылдын 23-апрелинде Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши кезектеги отурумун өткөздү. Анда күн тартибине коюлган  бир катар маселелерди карашты.


Айтсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин 2020-жыл боюнча «2019-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын сот тутумунун өнүктүрүу» жөнүндөгү мамлекеттик максаттуу программасынын аткарылышы боюнча маалыматын укту.


Мындан сырткары күн тартибине коюлган жергиликтүү сотторунун судьяларына турак жайын ижаралоо боюнча чыгымдарын компенсациялоо жөнүндө маселе боюнча Судьялар кеңеши чечим кабыл алышты.


Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши кезектеги жыйынында сот тутумуна байланыштуу бир катар Мыйзам долбоорлорун, «Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын жаңы Мыйзам долбоорун жана «Сот адилеттигинин иштери боюнча кеңеши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзам долбоорун талкуулашты.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...