KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү

19 декабря 2022

Бүгүн, 2022-жылдын 16-декабрында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши баяндаманы угуп, Тартип комиссиясынын корутундуларын талкуулап, алар боюнча чечим кабыл алды:



  1. Жалал-Абад облусунун прокурору А.Кыязовдун Кара-Көл шаардык сотунун төрагасы К. Жусупбековага, учурда Токмок шаардык сотунун судьясы Ч. Чоноевге жана Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун судьясы Н. Миракмиловго карата сунуштамасын канааттандырып, аларга карата эскертүү түрүндө тартиптик жаза чарасы колдонулду;

  2. К.А. Алпаровдун даттануусу канааттандырылып, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук сотунун судьясы учурда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотунун судьясы Энкилбаева Эльнура Баатырбаевнага карата эскертүү түрүндө тартиптик жаза чарасы колдонулду.

  3. К. К. Иманкуловдун Ысык-Көл облусунун Түп райондук сотунун судьясы учурда Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун судьясы Б.А. Астаевге карата даттануусун канааттандыруудан баш тартылды;

  4. З. Маматовдун Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун судьясы К.Самудиновго карата  даттануусун канааттандыруудан баш тартылды;

  5. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын орун басары  А. С. Колоповдун Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы А.К. Кадыркуловага карата  сунуштамасын канааттандыруудан баш тартылды;

  6. Л.М. Иванованын Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун судьясы Д. Т. Морозовага карата даттануусун канааттандыруудан баш тартылды;

  7. Н.В. Зотованын Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Ж. Жумагуловага карата даттануусун канааттандыруудан баш тартылды;

  8. В.В. Тепляковдун Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы А. К. Кадыркуловага карата даттануусу кыскартылды.


Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы М.А. Эшалиевге жана Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Г.Ы. Дыйканбаевага карата даттанууларды кароо Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кийинки отурумуна калтырылды.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши мыйзам чыгаруу демилгеси укугун ишке ашыруу алкагында  «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизип, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине өткөрүп берүү үчүн мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна жөнөттү.


Судьялар кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин 2023-жылга карата окуу планын кароо жөнүндө маселе жеткире иштеп чыгуу үчүн кайтарылды.


Ошондой эле Судьялар кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына турак жайды ижаралоо боюнча эки календардык жылдан ашпаган чыгымдарды компенсациялоого макулдук берилди.


Судьялар кеңешинин чечими менен активдүү катышкандыгы жана жемиштүү кызматташкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин Ардак грамотасы менен  ЮСАИДдин «Укук Булагы» долбоорунун эксперти Осмонов Айдарбек Касымалиевич сыйланды.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...