KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Судьялар кеңешинин жетекчилиги жыл сайын өтүүчү “Аял-судьялардын кыргыз ассоциациясынын” IX Конференциясына катышты

04 декабря 2023

2023-жылдын 01-02-декабрында жыл сайын 25-ноябрдан 10-декабрга чейин көптөгөн өлкөлөрдө өткөрүлүүчү «Гендердик зомбулукка каршы активдүүлүктүн 16 күнү» кампаниясына арналган “Аял-судьялардын кыргыз ассоциациясынын” жыл сайын өтүүчү IX Конференциясы болуп өттү.


Конференция адамга багытталган мамилени илгерилетүү боюнча сот адилеттиги институттарынын секторлор аралык өз ара аракеттенүүсүнө арналды.


Конференцияга Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жетекчилери катышып, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич саламдашуу сөзү менен чыгып сүйлөдү. Андан соң Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басары Каримова Рахат Абдылдаевна «Сот адилеттиги тутумун автоматташтыруу» темасы боюнча баяндама жасады. Ошондой эле иш чарага Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин Эксперттик-окуу комиссиясынын төрайымы Алиева Гулкайыр Сакешовна катышты.


Мындан сырткары, Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин мүчөсү Токтосун уулу Каныбектин «Судьялардын ишинин сапатын кесиптик баалоо» темасындагы доклады угулду.


Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар сот адилеттиги институттарынын өз ишмердүүлүгүндө гендердик багыттагы мамилени колдонуу боюнча өз ара аракеттенүүсү, кызматкерлердин квалификациясын биргелешип жогорулатуу ыкмалары, гендердик зомбулукка каршы күрөшүү боюнча чаралар, соттордун ички жана сырткы ишмердүүлүгүн баалоо, санариптештирүү маселелери, насаатчылык институтунун ролун жогорулатуу жана сот адилеттиги институттарында аялдардын өкүлчүлүгүн жогорулатуу маселелерин карап чыгышты жана талкуулашты.


Конференцияга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Осконбаев Эмиль Жолдошевич, Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин мүчөсү Сейдакматова Аида Асанбековна, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Конгантиева Зарема Камбаралиевна, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Баетов Аяз Батыркулович, Кыргыз Республикасынын судьялары, КР Жогорку Кеңешинин, КР Башкы Прокуратурасынын, КР Адвокатурасынын, КР Акыйкатчы институтунун, башка мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү чакырылган. Конференцияга Өзбекстан, Казакстан жана ЕАЭБдин судьялары жигердүү катышты. Ошондой эле онлайн режиминде АКШ, Нигерия жана Кытай өкөлөрүнүн судьялары кошулуп, иш чараны көп улуттуу тажрыйба жана ар түрдүү көз караштар менен байытышты.


Иш чара “Аял-судьялардын кыргыз ассоциациясы” коомдук бирикмеси тарабынан ЕККУнун Программалык кеңсесинин, ПРООНдун «Жарык шооласы» Демилгеси долбоорунун, USAIDдин «Укук булагы» долбоорунун жана UNODCнин колдоосу менен өткөрүлдү.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...