KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Судьялар кеңешинин жетекчилери Дүйнөлүк банктын эксперттери менен жолугушушту

31 октября 2023

2023-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Кыдык Джунушпаев жана анын орун басары Рахат Каримова  Дүйнөлүк банктын мамлекеттик сектор боюнча улук адиси Клаус Декер, ошондой эле консультанттар Уран Эсенгелдиев жана Алия Маралбаева менен жолугушуусу болуп өттү.


Тараптар «2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү» иш-чаралар планын ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.


Жолугушуунун жүрүшүндө кеңири маселелер козголуп, талкууга Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин төрагасы Болотбек Акматов, Жогорку соттун Аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын бөлүмүнүн эксперти Данияр Шейшеканов, Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин директору Эльмира Байтикова, Сот департаментинин директору Медербек Сатыев, «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесинин директорунун милдетин аткаруучу Сагынбек уулу Урмат, ошондой эле санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Клим Омелченко катышышты.


Күндүн экинчи жарымында Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү Бишкек шаардык сотунун, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун, Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин жана Сот департаментинин жабдуулары менен таанышышты. Сот органдарында сот отурумунун жүрүшүн аудио жана видео жаздыруу системасынын жана электрондук документ жүгүртүү тутумунун иши көрсөтүлдү.


Белгилей кетсек, 2023-жылдын 31-октябрында жана 1-ноябрында  Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү Жалал-Абад шаарынын Сот адилеттик үйүнө, Ош облустук жана Ош шаардык сотторуна барып, алардын материалдык-техникалык камсыздалышы менен таанышат.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...