KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Судьялар кеңешинин чечими менен жергиликтүү соттордун судьяларына квалификациялык класстарды берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштар киргизилди

25 ноября 2022

Бүгүн, 2022-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп, анда «2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги тутумун өнүктүрүү» Мамлекеттик максаттуу программасы боюнча макулдашуу маселеси каралды.


Судьялар кеңеши мамлекеттик органдардын сын-пикирлерин жана сунуштарын талкуулап, жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына ишке ашыруу үчүн макулдашуу матрицасын жөнөттү.


Жогоруда аталган программанын долбоору 2022-жылдын 12-октябрында коомдук талкууга коюлуп, Кыргыз Республикасынын сот тутумунун расмий сайттарына, ал эми 2022-жылдын 1-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий сайтына жайгаштырылган.


Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясынын материалдары каралды. Баяндаманы угуп, Тартип комиссиясынын корутундуларын талкуулап, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Бишкек шаарынын прокуратурасынын, Чүй облусунун прокуратурасынын, Жалал-Абад облусунун прокуратурасынын сунуштарын, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын орун басарынын кайрылууларын жана айрым жарандардын арыздарын канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечимдер кабыл алынды.


Жалпысынан Тартип комиссиясынын 12 материалы каралды.


Андан соң, Судьялар кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторуна турак жайды ижарага алуу боюнча чыгымдардын компенсациясын төлөө жөнүндө чечим чыгарылды.


Ошондой эле, Сот департаментинин бюджетинин чыгаша бөлүгүн оптималдаштыруу боюнча чечим чыгарылды.


Мындан тышкары, Судьялар кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун бир катар судьяларына квалификациялык класстарды берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштар киргизилди.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...