KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Сот арачыларынын институтунун маселелери боюнча жумушчу топтун отуруму болуп өттү

16 июля 2024

2024-жылдын 15-июлунда «2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү» Мамлекеттик максаттуу программасын ишке ашыруу боюнча иш чаралар планынын программасынын алкагында сот арачыларынын институтунун маселелери боюнча жумушчу топтун кезектеги отуруму болуп өттү.


Жолугушуунун жүрүшүндө сот арачылары институтунун ишмердүүлүгүнө байланыштуу тиешелүү маселелер талкууланып, иликтенди, мындан тышкары 2025-жылдан тарта ушул сот арачылары институтунун натыйжалуу иши үчүн зарыл болгон башка уюштуруу учурлары да талкууланды


Белгилей кетсек, 2023-жылдын 26-майында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин чечими менен «2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү» Мамлекеттик максаттуу программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 2.7 сандуу максатын аткаруу үчүн эксперттик жумушчу топ түзүлгөн. Аталган жумушчу топтун курамына сот тутумунун, КР Министрлер кабинетинин, укук коргоо органдарынын, адвокатуранын жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү киргизилген.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...