2024-жылдын 9-июлунда сот арачыларынын институтунун маселелери боюнча жумушчу топтун кезектеги отуруму болуп өттү.
Отурумдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын сот арачылары институтунун ишмердүүлүгүнө байланыштуу мыйзамдар талкууланды, мыйзамдардын сапатын жогорулатуу маселелери, ошондой эле аталган институттун натыйжалуу иштеши үчүн зарыл болгон башка уюштуруучулук аспектилер каралды.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин чечими менен «2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү» Мамлекеттик максаттуу программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 2.8 максатын аткаруу үчүн сот арачыларынын институтунун маселелери боюнча эксперттик жумушчу топ түзүлгөн.
Жумушчу топтун кийинки отуруму 2024-жылдын 15-июлуна дайындалды.