KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Сот арачыларынын институтунун маселелери боюнча жумушчу топтун кезектеги отуруму өткөрүлдү

29 ноября 2023

2023-жылдын 28-ноябрында «2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү» Мамлекеттик максаттуу программасын ишке ашыруу боюнча иш чаралар планынын программасынын алкагында сот арачыларынын институтунун маселелери боюнча жумушчу топтун кезектеги отуруму болуп өттү.


Отурумдун жүрүшүндө жумушчу топ тарабынан тийиштүү маселелер талкууланып, каралып, алдын ала иштер топторго тапшырылып берилди жана алар боюнча белгилүү сунуштар киргизилди.


Жумушчу топ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, тактап айтканда «Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине жана башка мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча маселени кароо жөнүндө чечим кабыл алды. Сот арачыларынын институтуна тиешелүү бардык ченемдик-укуктук актылар өзгөртүлүүгө тийиш.


Сот имараттарынын инфраструктурасын жакшыртуу жана модернизациялоо боюнча маселелер талкууланды. Соттордун имараттарын курууда сот арачылары үчүн залдар каралышы керектиги белгиленгенди.


Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине банктык коштоо жагында маселесин жөнгө салуу боюнча тапшырма берилди. Учурда сот имараттарын куруу токтоп калгандыктан, бул боюнча көйгөйлөр көтөрүлдү.


Жумушчу топтун кийинки отуруму 2024-жылдын 12-январына коюлду, аталган күнгө жумушчу топтун мүчөлөрү алдын ала мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуусу керек.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...