2023-жылдын 3-мартында Президент Садыр Жапаров «2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү»Мамлекеттик максаттуу программасын бекитти. Бул сот системасын реформалоого багытталган үчүнчү Мамлекеттик максаттуу программа, бирок мурунку экөөнөн айырмаланып, ал сот органдарын гана эмес, укук коргоо органдарын, сот адилеттигине кирген башка чектеш укуктук институттарды реформалоону камтыйт. Максаттуу программанын максаты сот адилеттиги системасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын аныктоо болуп саналат, адамдын жана уюмдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын адилеттүү жана натыйжалуу коргоого багытталган.