KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Кыргызстандын Фемида өкүлдөрү сот тутумун санариптик трансформациялоо боюнча эл аралык тажрыйба менен таанышышты

25 июля 2024

2024-жылдын 22-26-июль күндөрү  Кыргызстандын делегациясы Дүйнөлүк банк тарабынан уюштурулган сот тутумун санариптик трансформациялоо боюнча алдыңкы эл аралык тажрыйба менен таанышуу максатында Азербайжан Республикасында окуу сапары менен болушту.


Окуу-таанышуу сапарына Кыргыз Республикасынын  Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басары Рахат Каримова, Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Клим Омельченко, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын эксперти Данияр Шейшеканов, Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары Бекмухаммет Мусурманкулов, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директорунун орун басары Джылдыз Рыскулова, Сот департаментине караштуу “Адилет Сот”  маалыматтык технологиялар мекемесининин директору Рустамбек Шабыев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн башчысы Алисбек Ибраимов, ошондой эле санариптештирүү жана киберкоопсуздук боюнча мамлекеттик органдардын кызматкерлери дагы катышышты.


Окуу сапары санариптик трансформация маселелеринде кыйла өнүккөн Азербайжандын сот системасы менен таанышуу, ошондой эле сот бийлигинин өкүлдөрү жана башка кызыккан тараптар менен сот тутумун модернизациялоо процессинде өлкө алган сабактарды талкуулоо максатында уюштурулду.


Сапардын алкагында катышуучулар Баку шаарындагы Дүйнөлүк банктын кеңсесинде болушуп, гибриддик форматтагы долбоордук командалардын жетекчилеринин кеңешмеси болуп өттү.


Андан соң санариптик экономиканы өнүктүрүү стратегиясынын маселелери боюнча Азербайжандагы дүйнөлүк экономикалык форумдун төртүнчү өнөр жай революциясын талдоо жана координациялоо борборунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.


Делегаттар Азербайжан Республикасынын юстиция министринин орун басары менен жолугушуп, ал электрондук соттордун жана сот адилеттигинин башка санариптик кызматтарынын санариптик инфраструктурасы жөнүндө маалымат берди.


Мындан сырткары, Жогорку соттун төрагасынын орун басары жана Азербайжан Республикасынын Соттук-укуктук кеңешинин мүчөсү Сенан Хаджиев жана Жогорку соттун судьялары менен жолугушуулар болуп, санариптик трансформация маселелери талкууланды. Анын алкагында Соттук-укуктук кеңештин ишмердүүлүгү боюнча тажрыйба алмашуулар болду.


Белгилей кетсек, Соттук-укуктук кеңеш сот бийлигинин өз алдынча башкаруу функцияларын жүзөгө ашыруучу, Азербайжан Республикасында сот тутумун уюштурууну камсыз кылуу, судья болуп саналбаган талапкерлерди судьялардын бош кызмат орундарына шайлоону уюштуруу, судьялардын ишин баалоо, алардын иш ордун өзгөртүү, кызмат орду боюнча көтөрүү, судьяларды жоопкерчиликке тартуу маселелерин, ошондой эле соттор жана судьялар менен байланышкан башка маселелерди өз ыйгарым укуктарынын чегинде чечүүчү орган болуп саналат.


Сапардын соңунда делегаттар Кыргыз Республикасынын Азербайжандагы элчиси Максат Мамытканов менен жолугушуп, сот тутумун санариптештирүү боюнча маселелерди талкуулашты.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...