KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Судьялар кеңешинин төрагасы Кыргыз Республикасынын сот системасынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктады

05 марта 2024

Урматтуу судьялар, сот тутумунун кызматкерлери жана ардагерлери!


Сиздерди Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын сот системасынын кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!


Аталган майрам мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк үчүн өз эмгегин арнап, милдеттерин талбай аткарган бардык сот органдарынын кызматкерлеринин башын бириктирип турат эмеспи.


Коомдо туруктуулуктун, тынчтыктын, ынтымактын сакталышы көпчүлүк учурда сот бийлигинин кызматкерлеринин күнүмдүк жана тынымсыз эмгегинен көз каранды экени талашсыз.


Сот адилеттигине кызмат кылуунун ардактуу жана татаал миссиясы судьялардан жана сот органдарынын кызматкерлеринен – жогорку жоопкерчиликти, акылмандыкты, мол тажрыйбаны, өз милдеттерин ак ниет аткарууну жана өзгөчө жеке сапаттарды: ар-намысты, кадыр-баркты, кызматына берилгендикти, эң башкысы — адамдарды урматтоону жана барктап-баалоону талап кылат.


Бүгүнкү жаркын майрамда сиздерге бекем ден соолук, тынчтык, жакшылыктарды, бакубатчылык, жаңы кесиптик ийгиликтерди, жетишкендиктерди жана эли-жерибиздин өнүгүүсүн каалайбыз!


 


Урматтоо менен,


Кыргыз Республикасынын


Судьялар кеңешинин төрагасы


Кыдык Джунушпаев


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...