Урматтуу кыргызстандыктар!
Урматтуу кесиптештер!
Сиздерди жалпы кыргыз элинин эң маанилүү майрамы — Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм!
Эгемендүүлүк күнү ар бир кыргызстандык үчүн улуттук биримдиктин, ынтымактын жана өлкөбүздүн азыркы учуру жана келечеги үчүн жоопкерчиликтин символу болуп саналат. Бул маанилүү күнү сиздерге алдыга койгон пландарыңыздардын ийгиликтүү ишке ашуусун, жаңы жеңиштерди жана жетишкендиктерди, туруктуу келечекке ишеним жана бакубаттуу жашоону каалайм! Тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү болсун!
Ылайым аталган майрам биздин Мекенди сүйгөн, анын тарыхын жана эзелки салттарын урматтаган, татыктуу келечеги үчүн кызмат кылган инсандардын башын бириктирсин.
Урматтоо менен,
Судьялар кеңешинин төрагасы
Кыргыз Республикасынын
Кыдык Жунушпаев