KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин 2023-жылдын 30-июнундагы жыйналышынын күн тартиби

29 июня 2023

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин

2023-жылдын 30-июнундагы

жыйналышынын күн тартиби:


1. Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселени кароо;


2. Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясынын материалдарын кароо;


3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларынын судьялык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө арыздарын кароо;


4. «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына жана Кыргыз Республикасынын сот аткаруучуларына турак жайды жалдоо боюнча чыгымдарды компенсациялоо жөнүндө» Жобонун долбоорун кароо;


5. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин мамлекеттик сатып алуулардан үнөмдөлгөн жана Чүй облустук сотунун жаңы административдик имараттарына бөлүнгөн акча каражаттарын 3111 «Имараттар жана курулмалар» беренесинин ичинен жогорудагы кошумча каржылоону талап кылган чыгымдар беренелерине жылдырууга макулдук берүү боюнча кайрылуусун кароо;


6. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын балансындагы Ысык-Көл облусунун Административдик сотунун имаратын жана Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык сотунун имаратын жер тилкелери менен кошо Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү боюнча иш амалдарын жүргүзүү үчүн макулдук макулдук берүү жөнүндө өтүнүчтү кароо;


7. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин «Сот тутумунун кызматкерлерине ипотека жолу менен турак-жай берүү үчүн резервдик жана кезектүүлүк тизмесин түзүү жөнүндөгү» Жобонун 3-пунктуна ылайык комиссиянын төрагасын белгилеп берүү менен анын мүчөлөрүн бекитип берүү жөнүндө кайрылуусун кароо;


8. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына квалификациялык класс ыйгаруу жөнүндө маселени кароо;


9. Ар түрдүү маселелер.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...