KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Сот тутумун санариптик трансформациялоо боюнча маселелер талкууланды

03 ноября 2023

Бүгүн,  2023-жылдын 3-ноябрыгнда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун конференц-залында Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Кыдык Джунушпаев, Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин төрагасы Болот Акматовдун жана Дүйнөлүк банктын эксперти Клаус Декердин катышуусунда тегерек стол болуп өттү.


Иш чарага ошондой эле Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин төрагасынын орун басары Э.Б. Барыктабасова, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Ч.А. Айдарбекова, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы И.И. Гилязетдинова., Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратынын жетекчиси Мамыров Э.Т., Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин директору Э.Т. Байтикова, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директорунун орун басары К.С. Черикчиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин алдындагы «Адилет сот» маалымат технологиялары мекемесинин директору Р.Ж. Шабыев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары З.К. Конгантиева, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри А.Б. Баетов, КР Финансы министри А.К. Бакетаев, Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары К.С. Омельченко, КР Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын санариптик өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы А.Ч. Буржуев жана КР Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү, донордук жана гранттык жардамдарды мониторингдөө секторунун башчысы Б.Т. Сыдыков катышышты.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар «2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги тутумун өнүктүрүү» иш чаралар планын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү жана Кыргыз Республикасынын сот тутумун санариптик трансформациялоо маселелерин талкуулашты.


Замирбек Базарбеков өз сөзүндө: «Азыркы учурда сот системасында зарыл инфраструктураны түзүү жана маалыматтык системаларды иштеп чыгуу боюнча масштабдуу иштер жүрүп жатат. «Сот» Автоматташтырылган маалымат тутуму, «Соттук актылардын мамлекеттик реестри» АМТ, сот отурумдарын Аудио-, видеофиксациялоо жана протоколдоо, «Санариптик сот адилеттиги» порталы ж.б. ишке киргизилген. Санариптик технологиялардын тез өнүгүшү менен сот системасын санариптик трансформациялоо процессинде колдонууга зарыл болгон жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болууда. Мунун баары, тилекке каршы, бюджеттик каражаттардын да, жогорку деңгээлдеги адистердин да чектелгендигинен улам сот бийлигинин күчү менен ишке ашырылышы мүмкүн эмес», — деди төрага.


Реформанын башкы максаттарынын бири сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн, натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу, ошондой эле сот тутумунун ачыктыгын жана айкындыгын камсыз кылуу болуп саналат, көрсөтүлгөн максаттарга жетүүдө санариптештирүү маанилүү фактор болуп саналат.


Азыркы учурда сот системасын модернизациялоо жарандардын сот адилеттигине жетүүсүнө, жарашуу жол-жоболорун кеңейтүүгө, сот өндүрүшүн андан ары адистештирүүгө жана санариптештирүүгө багытталган. Сот тутумунда алдыңкы технологияларды кеңири колдонуу сот адилеттигинин мобилдүүлүгүн жана ачыктыгын жогорулатат, бюджеттик каражаттарды максималдуу үнөмдөөгө өбөлгө түзөт, сотто жарандардын жана уюмдардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо мүмкүнчүлүгүн жөнөкөйлөтөт.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...