KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө

22 ноября 2021

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ


2021-жылдын 15-ноябры № 134


Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө


I БӨЛҮМ


ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР



1-берене. Жөнгө салуу предмети




  1. Ушул конституциялык Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана жергиликтүү соттордун ишин уюштуруу тартибин, сот адилеттигин жүзөгө ашыруу принциптерин, соттордун жана судьялардын ыйгарым укуктарын, соттордун аппараттарынын жана алардын кызматкерлеринин ишин уюштуруу, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана жергиликтүү соттордун ишин камсыз кылуу жана каржылоо тартибин аныктайт.

  2. Ушул конституциялык Мыйзамдын жөнгөсалуу предметин башка мыйзамдарда регламенттөөгө жол берилбейт.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана жергиликтүү соттордун судьяларына, соттордун аппараттарынын кызматкерлерине мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдардын жоболору ушул конституциялык Мыйзамда жөнгө салынбаган өлчөмдө жайылтылат.



  1. Кыргыз Республикасында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана жергиликтүү сотторунун статусун, көз карандысыздыгын жанаөз алдынчалыгын төмөндөтүүчү мыйзамдар чыгарылбоого тийиш.



2-берене. Кыргыз Республикасында сот адилеттигинин жүзөгө ашырылышы




  1. Кыргыз Республикасында сот адилеттиги сот тарабынан гана жүзөгө ашырылат.

  2. Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте, Кыргыз Республикасынын жарандары сот адилеттигин жүргүзүүгө катышууга укуктуу.


Сот адилеттигин жүзөгө ашырууну өзүнө алууга эч кандай башка органдардын жана адамдардын укугу жок.



  1. Соттор сот адилеттигин конституциялык, жарандык, кылмыш-жаза, административдик жана мыйзамда каралган сот өндүрүштөрүнүн башка формалары аркылуу алардын компетенцияларына кирген талаш-тартыштарды чечүү жана иштерди кароо аркылуу жүзөгө ашырат.

  2. Сот адилеттиги Кыргыз Республикасынын атынан жүзөгө ашырылат жана адамдын, жарандын жана юридикалык жактардын, коомдун жана мамлекеттин укуктарын жана эркиндиктерин, ошондой эле мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, Кыргыз РеспубликасынынКонституциясынын(мындан — ары Конституция), мыйзамдарынын, башка ченемдик укуктук актыларынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин аткарылышын камсыз кылууга багытталган.

  3. Кыргыз Республикасында мыйзам менен адистештирилген соттор түзүлүшү мүмкүн.

  4. Өзгөчө сотторду түзүүгө жол берилбейт.



3-берене. Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу принциптери




  1. Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, эч ким өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында таандык кылынган соттук караштуулугу боюнча сотто кароо укугунан ажыратылышы мүмкүн эмес.

  2. Мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей. Соттор мамлекеттик, социалдык, жыныстык, расалык белгиси, улуттук, тилдик же саясий таандыктыгы боюнча, же болбосо алардын тегине, мүлктүк жана кызматтык абалына, жашаган жерине, туулган жерине, динге болгон мамилесине, ынанымдарына, коомдук бирикмелерге таандыктыгына карабастан, ошондой эле ага тете мыйзамда каралбаган башка негиздер боюнча кайсы-бир органдарга, жактарга, процесске катышуучу тараптарга артыкчылык бербейт.

  3. Кыргыз Республикасынын соттору жана судьялары сот адилеттигин мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан көз карандысыз жүзөгө ашырат. Кыргыз Республикасында соттордун жана судьялардын көз карандысыздыгын жокко чыгаруучу же төмөндөтүүчү мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар чыгарылышы жана аракеттер (аракетсиздиктер) жүзөгөашырылышы мүмкүн эмес.

  4. Соттордо иштерди териштирүү ачык жүргүзүлөт. Иштерди жабык жыйналышта угууга мыйзамда каралган учурларда гана жол берилет.

  5. Соттордо иштерди кароо бетме-бет жүргүзүлөт. Мыйзамда каралган учурларда гана иштерди соттордо сырттан териштирүүгө жол берилет.

  6. Соттордо иштерди кароотараптардын атаандашуусу жана тең укуктуулугу негизинде жүзөгө ашырылат.

  7. Күчүнө кирген соттордун соттук актылары, ошондой эле соттордун жана судьялардын мыйзамдуу тескемелери, талаптары, тапшырмалары, чакыруулары жана башка кайрылуулары бардык мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, коммерциялык эмес уюмдар, кызматадамдары, жарандар, башка жеке жана юридикалык жактар үчүн милдеттүү болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында кынтыксыз аткарылууга тийиш.


Аларды аткарбоо, ага тете сотко карата сыйлабастыктын башка көрүнүштөрү мыйзамда каралган жоопкерчиликке алып келет.



  1. Эч ким конкреттүү соттук иш боюнча судьядан отчет талап кылууга укуксуз.

  2. Соттордун иши ушул конституциялык Мыйзамда жана башка мыйзамдарда каралган башка принциптерге да негизделиши мүмкүн.



4-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор




  1. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту (мындан ары — Жогорку сот) жана жергиликтүү соттор (райондук соттор, шаарлардагы райондук соттор, шаардык соттор, административдик соттор, облустук соттор, Бишкек шаардык соту) жарандык, кылмыш- жаза, экономикалык, административдик жана мыйзамда каралган башка иштер боюнча сот адилеттигин жүзөгө ашыруучу соттордун тутумун түзөт.

  2. Кыргыз Республикасынын сотторунун тутумунун (мындан ары — соттор) бирдиктүүлүгү төмөнкүлөр менен камсыз кылынат:


1) Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында белгиленген сот адилеттигинин жалпы жана бирдиктүү принциптери;


2) бардык соттор тарабынан мыйзамдарда белгиленген сот өндүрүшүнүн бирдиктүү эрежелерин сактоо;


3) бардык соттор тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерин бир түрдүү колдонуу;


4) мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларынын Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында аткарылышынын милдеттүүлүгү;


5) судьялардын статусунун бирдиктүүлүгүн мыйзамдарда бекемдөө;


6) сотторду республикалык бюджеттен каржылоо.



5-берене. Ишти кароодо соттун курамы




  1. Биринчи инстанциядагы сотто жарандык, кылмыш-жаза, экономикалык, административдик, ошондой эле башка иштер жана материалдар судья тарабынан жеке, ал эми мыйзамда каралган учурларда сот арачыларынын катышуусу менен коллегиялуу каралат.

  2. Экинчи инстанциядагы соттордун соттук коллегияларында жарандык, кылмыш-жаза, экономикалык, административдик, ошондой эле башка иштерди жана материалдарды кароо үч судьянын курамында жүзөгө ашырылат.

  3. Жогорку соттун соттук коллегияларында жарандык, кылмыш-жаза, экономикалык, административдик, ошондой эле башка иштерди жана материалдарды кароо үч судьянын курамында жүзөгө ашырылат.



6-берене. Сот өндүрүшү жүргүзүлүүчү тил



Кыргыз Республикасында сот өндүрүшү мамлекеттик тилде же расмий тилде жүргүзүлөт.


Ишке катышуучу, сот өндүрүшү жүргүзүлүп жаткан тилди билбеген адамдар иштин бардык материалдары менен таанышуу жана соттук аракеттерде котормочунун жардамы менен катышуу жана сотто эне тилинде чыгып сүйлөө укугу менен камсыз кылынат



7-берене. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна суроо-талап




  1. Эгерде кандай гана соттук инстанцияда болбосун ишти кароодо иштин чечилиши көз каранды болгон мыйзамдын же башка ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу тууралуу маселе келип чыкса, анда сот, судья Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна суроо-талап жөнөтөт.



8-берене. Сот бийлигинин символдору




  1. Жогорку сот жана жергиликтүү соттор ээлеп турган имараттарда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу көтөрүлөт.

  2. Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун жыйналыштарынын залдарында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү жайгаштырылат.

  3. Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун судьялары сот адилеттигин жүзөгө шырууда Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши (мындан ары — Судьялар кеңеши) тарабынан үлгүлөрү бекитилген мантия кийип отурушат.



9-берене. Соттордун мөөрү



Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү болот.



II БӨЛҮМ


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУ



10-берене. Жогорку сот




  1. Жогорку сот жарандык, кылмыш-жаза, экономикалык, административдик жана башка иштер боюнча сот бийлигинин жогорку органы болуп саналат.

  2. Жогорку сот мыйзамда аныкталган тартипте жарандык, кылмыш-жаза, экономикалык, административдик жана башка иштер боюнча сот процессинин катышуучуларынын кайрылуулары боюнча соттук актыларды кайра кароону жүзөгө ашырат.

  3. Жогорку сот Кыргыз Республикасынын Конституциясынын85-беренесинин5-пунктуна ылайык ага таандык болгон өзүнүн карамагындагы маселелер боюнча мыйзам чыгаруу демилгеси укугун жүзегө ашырат, ошондой эле анын карамагындагы маселелер боюнча мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат.



11-берене. Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун ишинин негизги принциптери



Жогорку сот жана жергиликтүү соттор коллегиялуулуктун, ачык-айкындуулуктун, мыйзамдуулуктун, көз карандысыздыктын негизинде иштейт жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына гана баш иет.



12-берене. Жогорку соттун курамы жана түзүмү




  1. Жогорку сот Жогорку соттун төрагасынан, төраганын 3 орун басарынан жана 31 судьядан турат.


Төраганын орун басарлары соттук коллегиялардын төрагалары болуп саналат.


Жогорку соттун судьяларынын санын өзгөртүүгө Судьялар кеңешинин сунушу боюнча гана жол берилет.



  1. Жогорку сот төмөнкү курамда аракеттенет:


1) кылмыш-жаза иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегия;


2) жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегия;


3) административдик иштер боюнча соттук коллегия;


4) Жогорку соттун пленуму.



  1. Жогорку соттун соттук коллегияларында тийиштүү иштерди кароо үчүн үч судьядан турган соттук курамдар түзүлөт.



13-берене. Жогорку соттун судьяларын шайлоо тартиби




  1. Курагы 40 жаштан жаш эмес, 70 жаштан жогору эмес, юридикалык жогорку билими жана юридикалык кесиби боюнча 15 жылдан кем эмес, анын ичинде 5 жылдан кем эмес судьялык иш стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку соттун судьясы боло алат.

  2. Жогорку соттун судьялары Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин (мындан ары — Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш) сунушуна негизделген Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары — Президент) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары — Жогорку Кеңеш) депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен шайланат.

  3. Жогорку соттун судьялары курагынын чегине жеткенге чейин шайланат.



14-берене. Жогорку соттун төрагасын, Жогорку соттун төрагасынын орун басарын дайындоо тартиби




  1. Президент Жогорку соттун судьяларынын арасынан Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде жарымынын макулдугу менен Жогорку соттун төрагасын 5 жылдык мөөнөткө дайындайт.

  2. Жогорку соттун төрагасы ээлеген кызматынан Жогорку Кеңештин депутаттарынынжалпы санынын кеминде жарымынын макулдугу менен «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында (мындан ары — судьялардын статусу жөнүндө конституциялык Мыйзам) каралган учурларда Президент тарабынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.

  3. Жогорку соттун төрагасынын орун басарлары Жогорку соттун төрагасынын сунушу боюнча Президент тарабынан 5 жылдык мөөнөткө дайындалат.

  4. Жогорку соттун төрагасынын орун басарлары ээлеген кызматынан Жогорку соттун төрагасынын сунушунун негизинде судьялардын статусу жөнүндөконституциялык Мыйзамдакаралган учурларда, Президент тарабынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.



15-берене. Жогорку соттун судьясын кызмат ордунан четтетүү жана кызмат ордунан бошотуу



Жогорку соттун судьясын кызмат ордунан четтетүүгө жана кызмат ордунан бошотууга Конституцияда жана судьялардын статусу жөнүндө конституциялык Мыйзамда белгиленген негизде жана тартипте гана жол берилет.



16-берене. Жогорку соттун компетенциясы



Жогорку сот:


1) өз ыйгарым укуктарынын чектеринде кассациялык инстанциянын соту катары иштерди карайт;


2) өзү кабыл алган сот актыларын жаңы же жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра карайт;


3) сот тажрыйбасын изилдейт жана жалпылайт, сот статистикасын талдайт жана сот иштерин кароодо келип чыккан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын колдонуу маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү берет;


4) ушул конституциялык Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.



17-берене. Жогорку соттун Пленуму




  1. Жогорку соттун Пленуму (мындан ары — Пленум) Жогорку соттун төрагасы, Жогорку соттун төрагасынын орун басарлары жана Жогорку соттун судьяларынын курамында аракеттенет.

  2. Пленумдун жыйналыштарына Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана Кыргыз Республикасынын юстиция министри катышууга укуктуу.

  3. Жогорку соттун төрагасынын чакыруусу боюнча Пленумдун жыйналышына жергиликтүү соттордун судьялары, Жогорку соттун алдындагы Илимий-консультациялык кеңештин мүчөлөрү, укук коргоо жана башка органдардын өкүлдөрү катыша алат.



18-берене. Пленумдун компетенциясы



Пленум:


1) сот тажрыйбасын жана сот статистикасын иликтөөнүн жана жалпылоонун материалдарын карайт жана сотторго Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын колдонуу боюнча соттук тажрыйбанын маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү берет; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын колдонуу боюнча соттук тажрыйбанын маселелери боюнча сотторго түшүндүрмө берүү жөнүндө маселелерди талкуулоодо мыйзамдарды колдонуу боюнча соттук тажрыйба жөнүндө жергиликтүү соттордун төрагаларынын жана судьяларынын маалыматын угушу мүмкүн;


2) Жогорку соттун төрагасынын сунушу боюнча соттук коллегиялардын жеке курамын жана Пленумдун катчысын Жогорку соттун судьяларынын ичинен бекитет;


3) Жогорку соттун төрагасынын сунушу боюнча Жогорку сотто жана жергиликтүү соттордо иш кагаздарын жүргүзүү боюнча нускаманы, Жогорку соттун аппараты жөнүндө жобону бекитет;


4) Жогорку соттун төрагасынын сунушу боюнча Жогорку соттун алдындагы Илимий-консультациялык кеңешти бекитет;


5) Жогорку соттун иши жөнүндө Жогорку соттун төрагасынын жана коллегиялардын иши жөнүндө Жогорку соттун төрагасынын орун басарларынын — Жогорку соттун соттук коллегияларынын төрагаларынын маалыматын угат;


6) Жогорку соттун ички ишинин маселелери боюнча Жогорку соттун Регламентин кабыл алат;


7) сотторду уюштуруунун жана ишинин башка маселелерин карайт;


8) ушул конституциялык Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.



19-берене. Пленумдун иштөө тартиби




  1. Пленум Жогорку соттун төрагасы тарабынан зарылчылыкка жараша, бирок жылына бир жолудан кем эмес чакырылат. Пленумдун чакырылган убактысы жана анын кароосуна киргизилген маселелер жөнүндөПленумдун мүчөлөрү, ошондой эле чакырылган адамдар жыйналышка чейинки 10 күндөн кечиктирилбестен кабарландырылат.

  2. Пленум каралуучу маселелерди анын курамынын үчтөн экисинен кем эмеси бар болгон учурда чечүүгөукуктуу.

  3. Пленум токтомдорду жыйналышка катышкан Пленумдун мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү жолу аркылуу кабылалат.

  4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын колдонуу боюнча соттук тажрыйбанын маселелери боюнча токтом долбоорун даярдоо үчүн Пленум зарыл учурларда Жогорку соттун судьяларынын, жергиликтүү соттордун судьяларынын жана Жогорку соттун алдындагы Илимий-консультациялык кеңештин мүчөлөрүнүн ичинен редакциялык комиссияны түзөт.

  5. Пленумдун токтомдоруна Жогорку соттун төрагасы жана Пленумдун катчысы кол коет.

  6. Пленумдун токтомдору Кыргыз Республикасынын соттору үчүн милдеттүү болуп эсептелет.

  7. Пленумдун катчысы Жогорку соттун судьясынын милдеттерин аткаруу менен


катар:


1) Пленумдун жыйналыштарын даярдоо боюнча уюштуруу иштерин жүзөгө ашырат;


2) Пленумдун жыйналышынын протоколун жүргүзүү жана өз убагында жол-жоболоштуруу боюнча ишти уюштурат;


3) Пленумдун чечимдерин Жогорку соттун расмий сайтында жайгаштырууну жана Жогорку соттун бюллетенинде жарыялоону камсыз кылат.



20-берене. Жогорку соттун соттук коллегиялары




  1. Соттук коллегиянынкурамдары Жогорку соттун төрагасынын сунушу боюнча Жогорку соттун судьяларынын ичинен Пленум тарабынан бекитилет.

  2. Жогорку соттун соттук коллегияларын Жогорку соттун төрагасынын орун басарлары болуп саналган соттук коллегиялардын төрагалары жетектейт.

  3. Зарыл болгон учурларда Жогорку соттун төрагасыөзүнүн тескемеси менен бир соттук коллегиянын судьяларын башка соттук коллегиянын курамындагы ишти кароого тартууга укуктуу.



21-берене. Жогорку соттун соттук коллегияларынын компетенциясы



Жогорку соттун соттук коллегиялары өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде:


1) иштерди кассациялык тартипте карайт, ошондой эле өздөрү кабыл алган соттук актыларды жаңы же жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра карайт;


2) сот тажрыйбасын изилдейт жана жалпылайт, сот статистикасын талдайт;


3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.



22-берене. Жогорку соттун токтомдору жана аныктамалары




  1. Кассациялык тартипте каралган иштер боюнча Жогорку сот токтомдорду чыгарат, ал эми жаңы же жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча аныктамаларды чыгарат, аларга төрагалык кылуучу жана Жогорку соттун тиешелүү соттук коллегиясынын соттук курамынын жыйналышына катышкан судьялар кол коюшат.

  2. Тиешелүү соттук коллегиянын соттук курамына кирген, ишти кароодо өзгөчө пикирде калган судья аны жазуу жүзүндө берүүгө укуктуу. Соттук жыйналышта судьянын өзгөчө пикири жарыяланбайт, бирок ишке тиркелет.



23-берене. Жогорку соттун жеке аныктамасы




  1. Иш боюнча токтомду, аныктаманы кабыл алуу менен бирге Жогорку соттун тиешелүү соттук коллегиясынын соттук курамы зарыл болгон учурларда жеке аныктама менен министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жетекчилеринин, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын, мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын көңүлүн сот ишин кароонун жүрүшүндө аныкталган мыйзам бузуу фактыларына, укук бузуу, кылмыш же жорук жасоого түрткү болгон себептерге жана шарттарга бурат.

  2. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери, мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары бир айдын ичинде Жогорку соттун жеке аныктамасы боюнча алар тарабынан көрүлгөн чаралар жөнүндө Жогорку сотко билдирүүгө милдеттүү.



24-берене. Жогорку соттун токтомдорун жана аныктамаларын аткаруу



Сот иштери боюнча Жогорку соттун токтомдору жана аныктамалары акыркы болуп эсептелет жана даттанууга жатпайт, алар кабыл алынган учурдан тартып дароо күчүнө кирет жана мыйзамдарда белгиленген тартипте аткарылат.



25-берене. Жогорку соттун төрагасы



Жогорку соттун төрагасы:


1) Жогорку соттун ишин уюштурат, Жогорку соттун аппаратынын ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;


2) сот тажрыйбасын иликтөө жана жалпылоо, сот статистикасын талдоо боюнча ишти уюштурат;


3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын колдонуу боюнча соттук тажрыйбанын маселелери боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрүнүн аткарылышын контролдоо жүргүзүү ишин уюштурат;


4) Пленумду чакырат жана анын жыйналыштарында төрагалык кылат;


5) кандай гана иш каралбасын Жогорку соттун соттук коллегияларынын жыйналыштарында төрагалык кылууга укуктуу;


6) Жогорку соттун төрагасынын орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;


7) соттук курамдарды түзүү жана судьялардын ортосунда иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрүү боюнча автоматташтырылган тутумдун иштешин камсыз кылат, ал эми автоматташтырылган тутум техникалык жактан бузук болгон учурда өз алдынча соттук курамдарды түзөт жана иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрөт;


8) зарыл болгон учурларда Жогорку соттун бир соттук коллегиясынын судьяларын башка соттук коллегиянын курамындагы иштерди кароого тартат;


9) Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун судьяларынын аракеттерине (аракетсиздигине) карата сунуштама менен Судьялар кеңешине кайрылат;


10) Жогорку соттун судьяларынын ичинен Жогорку соттун төрагасынын орун басарларын кызмат ордуна дайындоо үчүн сунушту Президентке киргизет;


11) жергиликтүү соттордун судьяларынын ичинен жергиликтүү соттордун төрагаларын жана алардын орун басарларын дайындайт;


12) Конституцияда жана судьялардын статусу жөнүндө конституциялык Мыйзамда каралган тартипте жергиликтүү соттордун төрагаларын жана алардын орун басарларын кызмат ордунан бошотот;


13) судьялардын статусу жөнүндө конституциялык Мыйзамда аныкталган учурларда ордун которуу (ротациялоо) тууралуу кайрылууларды карайт жана жергиликтүү соттун судьяларын которуу (ротациялоо) сунушун Президентке киргизет;


14) Жогорку соттун аппарат жетекчисин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;


15) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директорун (мындан ары — Сот департаменти) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директорун (мындан ары – Сот адилеттигинин жогорку мектеби) Судьялар кеңешинин макулдугу менен кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;


16) белгиленген тартипте эл аралык байланыштарды жүзөгө ашырат, мамлекеттик, коомдук жана башка органдар, эл аралык уюмдар менен болгон мамилелерде Жогорку соттун өкүлү болот;


17) Жогорку соттун соттук коллегияларынын ишин координациялайт;


18) Жогорку соттун, жергиликтүү соттордун судьяларын, Жогорку соттун аппаратынын, жергиликтүү соттордун, Сот департаментинин аппараттарынын жана Сот адилеттигинин жогорку мектебинин кызматкерлерин ведомстволук жана мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө сунуштарды Пленумдун кароосуна киргизет;


19) Пленумдун чечиминин негизинде Жогорку соттун, жергиликтүү соттордун судьяларын, Жогорку соттун аппаратынын, жергиликтүү соттордун, Сот департаментинин аппараттарынын жана Сот адилеттигинин жогорку мектебинин кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө сунуштарды Президенттин кароосуна киргизет;


20) жарандарды кабыл алуу жана алардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча соттун ишин уюштурат;


21) Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун судьяларынын ишин уюштуруу маселелери боюнча буйруктарды чыгарат;


22) аткарылган иштин көлөмүн эске алуу менен Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде негизги иштеген жери боюнча милдеттерди аткаруудан Судьялар кеңешинин мүчөлөрүн бошотот;


23) Пленумга Жогорку соттун алдындагы Илимий-консультациялык кеңештин курамын бекитүү үчүн киргизет;


24) зарыл болгон учурда жергиликтүү сотто ошол соттогу судьянын милдеттерин аткарууну 6 айдан ашпаган мөөнөткө башка соттун судьясына жүктөй алат;


25) экинчи инстанциядагы сотто ишти кароо мүмкүн болбогон учурда ошол эле деңгээлдеги башка сотко ишти өткөрүп берет;


26) ушул конституциялык Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.



26-берене. Жогорку соттун төрагасынын орун басарлары




  1. Жогорку соттун төрагасынын кызматорду боюнча Жогорку соттун соттук коллегияларынын төрагалары болуп саналган үч орун басары бар.

  2. Жогорку соттун төрагасынын орун басарлары:


1) Жогорку соттун соттук коллегияларынын соттук жыйналыштарында төрагалык кылат же бул үчүн соттун судьяларын дайындайт;


2) соттук курамдарды түзүү жана судьялардын ортосунда иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрүү боюнча автоматташтырылган тутумдун иштешин камсыз кылат, ал эми автоматташтырылган тутум техникалык жактан бузук болгон учурда, Жогорку соттун төрагасынын тапшырмасы боюнча соттук курамдарды түзөт жана иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрөт;


3) Жогорку соттун төрагасы жок болгон учурда анын тапшырмасы боюнча Жогорку соттун төрагасынын укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашырат;


4) милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык Жогорку соттун аппаратынын түзүмдүк болүмдөрүнүн ишин жетектейт;


5) Пленумга алар жетектеген Жогорку соттун соттук коллегияларынын иши жөнүндө маалымат берет;


6) сот тажрыйбасын иликтөө жана жалпылоо, сот статистикасын талдоо боюнча Жогорку соттун тиешелүү соттук коллегиясынын ишин уюштурат;


7) жарандарды кабыл алышат жана алардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын карайт;


8) ушул конституциялык Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.



27-берене. Жогорку соттун судьясы



Жогорку соттун судьясы:


1) Жогорку соттун соттук коллегияларынын соттук жыйналыштарына катышат;


2) иштерди автоматташтырылган бөлүштүрүү жолу менен келип түшкөн соттук иштерди жана материалдарды баяндайт, аларды кароонун натыйжалары боюнча алар боюнча сот актыларынын долбоорлорун даярдайт;


3) автоматташтырылган тутум техникалык жактан бузук болгон учурда Жогорку соттун төрагасынын же анын орун басарларынын тапшырмасы боюнча ага берилген сот иштерин жана материалдарды баяндайт, аларды кароонун натыйжалары боюнча алар боюнча сот актыларынын долбоорлорун даярдайт;


4) Жогорку соттун төрагасы же Жогорку соттун төрагасынын орун басарынын — Жогорку соттун соттук коллегиясынын төрагасынын тапшырмасы боюнча Жогорку соттун тиешелүү соттук коллегиясынын соттук курамынын жыйналышында төрагалык кылат;


5) сот тажрыйбасын иликтейт жана жалпылайт;


6) жарандардын, башка жеке жана юридикалык жактардын даттанууларын жана арыздарын чечет;


7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.



28-берене. Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык келишимдеринен жана макулдашууларынан келип чыккан маселелердин Жогорку сот тарабынан чечилиши



Жогорку сот Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген мамлекеттер аралык келишимдерден келип чыккан маселелерди өз компетенциясынын чегинде чечет.



29-берене. Жогорку соттун басма сөз органы



Жогорку сот «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун бюллетенин» чыгарат.



30-берене. Жогорку сотту н жарандык-укуктук статусу



Жогорку сот юридикалык жактын укуктарына, анын ичинде өзүнө бекитилген мүлктү тескөө укугуна, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Жогорку соттун карамагындагы мамлекеттик бюджеттик мекемелердин жана башка уюмдардын уюштуруучусу катары чыгуу укугуна ээ.



31-берене. Жогорку соттун туруктуу жайгашкан орду




  1. Жогорку соттун туруктуу жайгашкан орду — Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаары болуп саналат.

  2. Жогорку соттун соттук жыйналыштарынын туруктуу жайгашкан жеринде өткөрүлөт. Жогорку сот эгерде зарыл деп тапса, жыйналыштарды башка жерлерде дагы өткөрүшү мүмкүн.

  3. Жогорку соттун жыйналыштарын туруктуу жайгашкан жеринен тышкары жерлерде өткөрүү менен байланышкан чыгымдарды каржылоо Жогорку соттун ишин камсыз кылууга республикалык бюджетте каралган бюджеттик каражат бөлүүнүн эсебинен жүзөгө ашырылат.



III БӨЛҮМ


ЖЕРГИЛИКТҮҮ СОТТОР



32-берене. Жергиликтүү соттордун тутуму




  1. Жергиликтүү соттордун тутумун төмөнкүлөр түзөт:


1) биринчи инстанциядагы соттор: райондук соттор, административдик соттор, шаардагы райондук соттор, шаардык соттор;


2) экинчи инстанциядагы соттор: облустук соттор, Бишкек шаардык соту.



  1. Жергиликтүү сотторду түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу, жергиликтүү соттордун судьяларынын санын өзгөртүү мыйзам менен жүзөгө ашырылат. Жергиликтүү соттор жоюлганда, алардын карамагындагы сот адилеттигин жүзөгө ашыруу маселелери башка соттордун юрисдикциясына берилет. Жоюлган соттордун судьяларынын штаттык бирдиктери башка сотторго өткөрүп берилет, ал эми судьялар аларга ротациялоо тартибинде которулат.

  2. Жергиликтүү соттордун судьяларынын санын өзгөртүүгө Судьялар кеңешинин сунушу боюнча гана жол берилет.



33-берене. Жергиликтүүсоттордун судьяларын дайындоо тартиби




  1. Курагы 30 жаштан жаш эмес жана 65 жаштан жогору эмес, юридикалык жогорку билими жана юридикалык кесиби боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны жергиликтүү соттун судьясы боло алат.

  2. Жергиликтүү соттордун судьялары Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин сунушу менен Президент тарабынан биринчи ирет 5 жылдык мөөнөткө, андан кийин курактык чекке жеткенге чейин дайындалат.


Жергиликтүү соттордун судьяларын сунуштоо жана дайындоо тартиби конституциялык Мыйзам менен аныкталат.



  1. Жергиликтүү соттордун судьяларынын ичинен Жогорку соттун төрагасы жергиликтүү соттордун төрагаларын жана алардын орун басарларын 5 жылдык мөөнөткө дайындайт.



1-глава. Биринчи инстанциядагы соттор



34-берене. Биринчи инстанциядагы сотгун курамы



Биринчи инстанциядагы соттор соттун төрагасынан жана судьялардан (судьядан) турат, алардын саны конституциялык Мыйзам менен аныкталат.



35-берене. Биринчи инстанциядагы соттун компетенциясы



1.Биринчи инстанциядагы сот:


1) жарандык, кылмыш-жаза, экономикалык, административдик, ошондой эле башка иштерди жана материалдарды карайт;


2) аталган сот тарабынан кабыл алынган мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын жаңы же жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра карайт (карайт);


3) мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын аткартат;


4) иш кагаздарын жана соттук статистиканы жүргүзөт, соттук тажрыйбаны иликтейт жана жалпылайт, иштердин жүрүшүнүн жана аларды сотто кароо мөөнөттөрүнүн эсепке алууну жүргүзөт, соттук иштердин жана материалдардын сакталышын камсыз кылат;


5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.



  1. Биринчи инстанциядагы соттордун судьялары иштерди жеке өздөрү карайт, ал эми Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган учурларда жана тартипте сот адилеттигин жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын жарандары катышууга укуктуу.



36-берене. Биринчи инстанциядагы соттун төрагасы




  1. Биринчи инстанциядагы соттун төрагасы судья болуп саналат жана судьянын милдеттерин аткаруу менен катар:


1) соттук иштерди карайт;


2) судьялардын ортосунда иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрүү боюнча автоматташтырылган тутумдун иштешин камсыз кылат, ал эми автоматташтырылган тутум техникалык жактан бузук болгон учурда, иштерди жана соттук материалдарды өз алдынча бөлүштүрөт;


3) жарандарды кабыл алуу жана сот өндүрүшүндө турган иштер жана материалдар боюнча арыздарды жана даттанууларды кошпогондо, алардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча соттун ишин уюштурат;


4) судьялардын жана соттун аппаратынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча ишти уюштурат;


5) судьялардын кызмат ордуна талапкерлердин стажировкадан өтүүсүн уюштурат;


6) судьялардын аракеттерине (аракетсиздигине) карата сунуштама менен Судьялар кеңешине кайрылат;


7) соттун аппаратынын ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат, Сот департаментинин директоруна төмөнкү сунуштарды киргизет:


а) соттун аппаратынын мамлекеттик кызматчыларын дайындоо жана бошотуу жөнүндө;


б) соттун аппаратынын мамлекеттик кызматчыларына атайын класстык чендерди ыйгаруу жөнүндө;


в) соттун аппаратынын мамлекеттик кызматчыларына карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонуу жөнүндө;


8) соттук статистиканы жүргүзүүнү жетектейт, сот тажрыйбасын иликтөө жана жалпылоо боюнча ишти уюштурат;


9) жарандарды кабыл алат, сот өндүрүшүндө турган иштер жана материалдар боюнча арыздарды жана даттанууларды кошпогондо, алардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын карайт;


10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.



  1. Соттун төрагасы жок болгондо, төраганын милдеттерин аткаруу анын тапшыруусу боюнча ошол эле соттун судьяларынын бирине жүктөлөт.

  2. Эки судьядан турган биринчи инстанциядагы сотто төраганын милдеттерин аткаруу ал жок болгон бардык учурларда башка судьяга жүктөлөт.

  3. Судья жок болгон учурда же жергиликтүү сотто судьялык кызмат орду бош болгон учурда аталган сотто судьянын милдеттерин аткаруу 6 айдан ашпаган мөөнөткө Жогорку соттун төрагасы тарабынан башка соттун судьясына жүктөлүшү мүмкүн.



37-берене. Биринчи инстанциядагы соттун судьясы



Биринчи инстанциядагы соттун судьясы:


1) сот иштерин жана материалдарын карайт;


2) соттун төрагасынын тапшырмасы боюнча, ошондой эле ушул конституциялык Мыйзамда каралган учурларда төраганын милдеттерин аткарат;


3) сот тажрыйбасын иликтейт жана жалпылайт, соттук статистиканы талдайт:


4) сот өндүрүшүндө турган иштер жана материалдар боюнча арыздар жана даттанууларды копшогондо, жарандардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын карайт;


5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.



2 глава. Экинчи инстанциядагы соттор



38-берене. Экинчи инстанциядагы соттун түзүмү жана курамы



Экинчи инстанциядагы сот төрагадан, төраганын орун басарларынан, судьялардан турат, алардын саны мыйзам менен аныкталат.


Экинчи инстанциядагы сотто төмөнкүдөй коллегиялар иштейт:


1) кылмыш-жаза иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегия;


2) жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегия;


3) административдик иштер боюнча соттук коллегия.



39-берене. Экинчи инстанциядагы соттун компетенциясы



Экинчи инстанциядагы сот:


1) апелляциялык тартипте биринчи инстанциядагы соттордун мыйзамдуу күчүнө кире элек сот актыларын кайра кароону жүзөгө ашырат;


2) процесстик мыйзамдарда каралган учурларда өздөрү кабыл алган сот актыларын жаңы же жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра карайт;


3) иш кагаздарын жүргүзөт, оот тажрыйбасын иликтейт жана жалпылайт, иштердин жүрүшүнүн жана алардын сотто кароо мөөнөттөрүн эсепке алууну жүргүзөт, соттук материалдарды сактоону камсыз кылат, сот статистикасын жүргүзөт;


4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.



40-берене. Экинчи инстанциядагы соттун соттук коллегиялары




  1. Жарандык, кылмыш-жаза, административдик, экономикалык жана башка иштерди кароо үчүн экинчи инстанциядагы сотто тиешелүү соттук коллегиялар түзүлөт.

  2. Соттук коллегиялардын жеке курамы экинчи инстанциядагы соттун төрагасынын сунушу боюнча экинчи инстанциядагы соттун судьяларынын чогулушунда адистигин эске алуу менен шайланат.

  3. Экинчи инстанциядагы соттун төрагасы зарыл болгон учурларда бир соттук коллегиянын судьяларын башка соттук коллегияда карала турган иштерге тартууга укуктуу.

  4. Экинчи инстанциядагы соттордун төрагаларынын орун басарлары кызмат орду боюнча соттук коллегияларынын төрагалары болуп саналат.

  5. Экинчи инстанциядагы соттун соттук коллегияларындагы иштер процесстик мыйзамдарга ылайык тартипте үч судьядан турган соттук курам тарабынан каралат.

  6. Соттук коллегиялар:


1) апелляциялык инстанция катары биринчи инстанциядагы соттордун мыйзамдуу күчүнө кире элек сот актыларын кайра кароону жүзөгө ашырат;


2) сот тажрыйбасын изилдейт жана жалпылайт, соттук статистиканы талдайт;


3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.



41-берене. Экинчи инстанциядагы соттун төрагасы



Экинчи инстанциядагы соттун төрагасы судья болуп саналат жана судьянын милдеттерин аткаруу менен катар:


1) төраганын орун басарларынын ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт;


2) зарыл болгондо соттук коллегиялардын соттук жыйналыштарына төрагалык кылат;


3) соттук курамдарды түзүү жана судьялардын ортосунда иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрүү боюнча автоматташтырылган тутумдун иштешин камсыз кылат, ал эми автоматташтырылган тутум техникалык жактан бузук болгон учурда, өз алдынча соттук курамдарды түзөт жана иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрөт;


4) экинчи жана биринчи инстанциялардагы соттордун судьяларынын аракеттерине (аракетсиздигине) карата сунуштама менен Судьялар кеңешине кайрылат;


5) соттун аппаратынын ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат жана Сот департаментинин директоруна төмөнкү сунуштарды киргизет:


а) соттун аппаратынын мамлекеттик кызматчыларын дайындоо жана бошотуу жөнүндө;


б) соттун аппаратынын мамлекеттик кызматчыларына атайын класстык чендерди ыйгаруу жөнүндө;


в) соттун аппаратынын мамлекеттик кызматчыларына карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонуу жөнүндө;


6) судьялардын жана соттун аппаратынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча ишти уюштурат;


7) сот тажрыйбасын иликтөө жана жалпылоо боюнча ишти уюштурат;


8) жарандарды кабыл алуу жана сот өндүрүшүндө турган иштер жана материалдар боюнча арыздарды жана даттанууларды кошпогондо, алардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча соттун ишин уюштурат;


9) мамлекеттик жана башка органдар жана уюмдар менен мамилелерде соттун атынан чыгат;


10) ишти биринчи инстанциядагы сотто кароо мүмкүн болбогон учурда, ишти ошол эле деңгээлдеги башка сотко берет;


11) ушул конституциялык Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.



42-берене. Экинчи инстанциядагы соттун төрагасынын орун басары




  1. Экинчи инстанциядагы соттун төрагасынын орун басары — соттук коллегиянын төрагасы судья болуп саналат жана судьянын милдеттерин аткаруу менен катар:


1) соттук коллегиянын соттук жыйналыштарына төрагалык кылат;


2) милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык соттук коллегиянын жана соттун аппаратынын ишине жетекчилик кылат;


3) соттук курамдарды түзүү жана судьялардын ортосунда иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрүү боюнча автоматташтырылган тутумдун иштешин камсыз кылат, ал эми автоматташтырылган тутум техникалык жактан бузук болгон учурда, соттун төрагасынын тапшырмасы боюнча соттук курамдарды түзөт жана иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрөт;


4) жарандарды кабыл алат, сот өндүрүшүндө турган иштер жана материалдар боюнча арыздарды жана даттанууларды кошпогондо, алардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын карайт;


5) соттук коллегиянын иши жөнүндө маалымат берет;


6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.



  1. Соттун төрагасы жок болгон учурда соттун төрагасынын ыйгарым укуктарын анын тапшырмасы боюнча төраганын орун басарларынын бири жүзөгө ашырат.



43-берене. Экинчи инстанциядагы соттун судьясы



Экинчи инстанциядагы соттун судьясы:


1) соттук коллегиялардын соттук курамдарынын соттук жыйналыштарына катышат;


2) иштерди автоматташтырылган бөлүштүрүү жолу менен келип түшкөн соттук иштерди жана материалдарды баяндайт, аларды кароонун натыйжалары боюнча алар боюнча сот актыларынын долбоорлорун даярдайт;


3) автоматташтырылган тутум техникалык жактан бузулган учурда төраганын же анын орун басарларынын тапшырмасы боюнча ага өткөрүп берилген сот иштерин жана материалдарды баяндайт, аларды кароонун натыйжалары боюнча алар боюнча сот актыларынын долбоорлорун даярдайт;


4) соттук иш тажрыйбаны изилдейт жана жалпылайт, соттук статистиканы талдайт;


5) соттун төрагасынын же анын орун басарларынын тапшырмасы боюнча соттук жыйналыштарда төрагалык кылат;


6) сот өндүрүшүндө турган иштерге жана материалдарга карата арыздарды жана даттанууларды кошпогондо, жарандардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын карайт;


7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.



IV БӨЛҮМ


ЖОГОРКУ СОТТУН ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ СОТТОРДУН ИШИН КАМСЫЗ КЫЛУУ



44-берене. Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун ишин финансылык камсыз кылуу




  1. Мамлекет Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун иштеши үчүн каржылоону жана талаптагыдай шарттарды камсыз кылат.

  2. Жогорку сот кезектеги финансы жылына, Жогорку сотту каржылоого тиешелүү бөлүгүндө, бюджеттин долбоорун иштеп чыгат.

  3. Сот департаменти кезектеги финансы жылын жергиликтүү соттордун ар биринин берген табыштамалары боюнча жергиликтүү сотторду каржылоого тиешелүү бөлүгүндө бюджеттин долбоорун иштеп чыгат.

  4. Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун бюджеттеринин долбоорлору Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары — Министрлер Кабинети) менен макулдашуу үчүн Судьялар кеңешине жөнөтүлөт.

  5. Министрлер Кабинети Судьялар кеңешинин сунушуна өзгөртүү киргизбестен республикалык бюджеттин долбооруна кошот жана пикир келишпестиктер келип чыккан учурда өзүнүн корутундусун тиркейт.

  6. Жогорку сотту жана жергиликтүү сотторду каржылоого мыйзамда каралган бюджеттик каражаттарынын өлчөмүн учурдагы финансы жылында азайтууга Судьялар кеңешинин макулдугу менен гана жол берилет.

  7. Судьялар кеңешинин төрагасы Жогорку Кеңеште республикалык бюджеттин долбоорун талкуулоого түздөн-түз катышат.

  8. Кыргыз Республикасынын соттору республикалык бюджетте каралган акча каражаттарын өз алдынча тескейт.



45-берене. Жогорку соттун ишин уюштуруу, материалдык-техникалык жана башка жагынан камсыз кылуу




  1. Жогорку соттун жергиликтүү соттордун сот актыларын кайра кароо, ошондой эле мыйзам менен Жогорку соттун карамагына кирген башка маселелер боюнча ишин Жогорку соттун аппараты камсыз кылат.

  2. Жогорку соттун аппараты:


1) Жогорку соттун ишин уюштуруу, материалдык-техникалык жана башка жагынан камсыз кылууну жүзөгө ашырат;


2) сот тажрыйбасын изилдейт жана жалпылайт, Жогорку соттун иш чөйрөсүндө статистикалык эсепти жүргүзөт;


3) даттанууларды жана арыздарды кабыл алат, жарандарды кабыл алат, процесстик жана башка документтерди таратууну жана тапшырууну жүргүзөт, документтердин көчүрмөлөрүн күбөлөндүрөт, мамлекеттик алымдын, соттук чыгашалардын, соттук айып пулдардын мыйзам менен белгиленген тартипте төлөнүшүн текшерет;


4) Жогорку соттун соттук коллегияларында карала турган иштерди алдын ала даярдоону жүзөгө ашырат;


5) иштердин кыймылын жана соттордо иштерди кароо мөөнөттөрүн эсепке алууну жүргүзөт, соттук иштердин жана документтердин сакталышын камсыз кылат;


6) кодификациялык, маалыматтык-тактама иштерин жүзөгө ашырат, соттордун ишин уюштуруу жана тартибин жөнгө салуучу колдонуудагы мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдайт;


7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды жүзөгө ашырат.



  1. Жогорку соттун аппаратына Жогорку соттун төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу аппарат жетекчиси башчылык кылат.

  2. Жогорку соттун аппарат жетекчиси түздөн-түз Жогорку соттун төрагасынын жетекчилиги астында иштейт жана аппараттын ишинде контролдоочу жана тескөөчү функцияларды жүзөгө ашырат, Жогорку соттун төрагасынын макулдугу менен соттун аппаратынын кызматкерлерин кызмат орундарына дайындайт жана мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамда каралган негиздер боюнча аларды кызмат орундарынан бошотот, ошондой эле Жогорку соттун регламентинин сакталышы үчүн контролду жүзөгө ашырат.


Мамлекеттик жарандык кызматка киришкен соттун аппаратынын кызматкерлеринин айрым категориялары (соттун аппарат жетекчисинин орун басары, Жогорку соттун аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана орун басарлары, Жогорку соттун төрагасынын кеңешчилери жана жардамчылары) үчүн аларды кызмат ордуна дайындоонун өзгөчө (конкурстан тышкары) тартиби колдонулат.



  1. Тейлөөчү персоналды кошпогондо, Жогорку соттун аппаратынын кызматкерлери мамлекеттик жарандык кызматта болушат.


Жогорку соттун аппаратынын тейлөөчү персоналынын ишин уюштуруу, анын ичинде ишке кабыл алуу жана иштен бошотуу маселелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат.



  1. Жогорку соттун аппаратынын түзүмү жана штаттык ырааттамасы Жогорку соттун төрагасынын сунушу боюнча Судьялар кеңеши тарабынан чыгымдар сметасынын чектеринде бекитилет.

  2. Жогорку соттун аппаратынын иши Жогорку соттун төрагасынын сунушу боюнча Пленум тарабынан бекитилген Жогорку соттун аппараты жөнүндө жобо менен жөнгө салынат.



46-берене. Жергиликтүү соттордун ишин уюштуруу, материалдык-техникалык жана башка жагынан камсыз кылуу




  1. Жергиликтүү соттордун жана соттордун өз алдынча башкаруу органдарынын ишин уюштурууну, материалдык-техникалык жана башка жагынан камсыз кылууну, мыйзамдуу күчүнө кирген соттук жана башка актыларды, ошондой эле аткаруу документтеринин аткарылышын камсыз кылууну Сот департаменти жүзөгө ашырат.

  2. Сот департаменти юридикалык жак болуп саналат.


Сот департаментин уюштуруу жана анын иши Жогорку соттун төрагасынын сунушу боюнча Судьялар кеңеши тарабынан бекитилүүчү жобо менен жөнгө салынат.



  1. Сот департаментинин директору Судьялар кеңешинин макулдугу менен Жогорку соттун төрагасы тарабынан дайындалат.


Сот департаментинин директорунун орун басарлары Сот департаментинин директорунун сунушу боюнча Жогорку соттун төрагасы тарабынан дайындалат.



  1. Жергиликтүү соттордун сот адилеттигин жүзөгө ашыруу, сот тажрыйбасын жалпылоо, сот статистикасын жана башка иштерди жүргүзүү боюнча ишин камсыз кылуу максатында жергиликтүү соттордо сот аппараттары иштейт. Тейлөөчү персоналды кошпогондо, жергиликтүү соттордун аппараттарынын кызматкерлери мамлекеттик кызматта болушат.

  2. Жергиликтүү соттордун аппараттарынын мамлекеттик кызматчылары тийиштүү жергиликтүү соттун төрагасынын сунушу боюнча Сот департаментинин директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.

  3. Жергиликтүү соттордун аппараттарынын тейлөөчү персоналынын ишин уюштуруу, анын ичинде ишке кабыл алуу жана иштен бошотуу маселелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат.

  4. Жергиликтүү соттордун аппараттарынын кызматкерлеринин чектелген саны, алардын түзүмү жана штаттык саны жергиликтүү соттордун төрагалары менен макулдашылган Сот департаментинин директорунун сунушу боюнча чыгымдар сметасынын чектеринде Судьялар кеңеши тарабынан белгиленет.

  5. Жергиликтүү соттордун аппараттарынын иши Сот департаментинин директорунун сунушу боюнча Жогорку соттун төрагасы тарабынан бекитилген Жергиликтүү соттордун аппараты жөнүндө бирдиктүү жобо менен жөнгө салынат.



47-берене. Жогорку сотко караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби




  1. Жогорку сотко караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби иштейт, ал судьяларды, соттордун, Сот департаментинин аппараттарынын кызматкерлерин окутууну жана квалификациясын жогорулатууну жүзөгө ашырат.


Сот адилеттигинин жогорку мектебинин ишине кесиптик билим берүү жөнүндө мыйзамдар жайылтылбайт.



  1. Сот адилеттигинин жогорку мектебин уюштуруу жана анын иши Жогорку соттун төрагасынын сунушу боюнча Судьялар кеңеши тарабынан бекитилүүчү жобо менен жөнгө салынат.

  2. Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Судьялар кеңешинин макулдугу менен Жогорку соттун төрагасы тарабынан дайындалат.


Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директорунун орун басары Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директорунун сунушу боюнча Жогорку соттун төрагасы тарабынан дайындалат.



48-берене. Жогорку соттун алдындагы Илимий-консультациялык кеңеш




  1. Сот практикасынын принципиалдуу маселелери боюнча илимий негизделген сунуштарды даярдоо үчүн Жогорку соттун алдындагы Илимий-консультациялык кеңеш түзүлөт, анын курамы Жогорку соттун төрагасынын сунушу боюнча Пленум тарабынан бекитилет.

  2. Илимий-консультациялык кеңешти уюштуруу жана анын иши Жогорку соттун төрагасынын сунушу боюнча Пленум тарабынан бекитилген жобо менен жөнгө салынат.


V БӨЛҮМ. КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР



49-берене. Ушул конституциялык мыйзамдын күчүнө кириши




  1. Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


«Эркин Тоо» газетасынын 2021-жылдын 16-октябрындагы N 135 жарыяланды



  1. Ушул конституциялык Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:


1) «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 18-июлундагы № 153 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 10, 463-ст.);


2) «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу» Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 10-июлундагы № 85 Мыйзамы, (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 11, 494-ст.);


3) «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын аттестациялоо тартиби жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу» Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 7-июлундагы № 105 Мыйзамы, (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 7, 577-ст.);


4) «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу» Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 7-майындагы № 69 Мыйзамы, (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 460-ст.);


5) «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине, «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө«, «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө«, «Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө«, «Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө«, «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу» Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын 5-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 6, 526-ст.);


6) «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-июнундагы № 134 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 598-ст.);


7) «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июнундагы № 39 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 6, 530-ст.);


8) «Маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 27-июлундагы № 151 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 7, 869-ст.);


9) «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-июлундагы № 154 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 7, 872-ст.);


10) «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө«, «Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 5-августундагы № 165 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 7, 883-ст.);


11) «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 23-декабрындагы № 217 Мыйзамынын 3-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 11, 1194-ст.);


12) «Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы № 149 Мыйзамынын 5-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж,, № 7-8, 751-ст.);


13) «Бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 17-майындагы № 64 Мыйзамынын 8-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 5, 260-ст.);


14) «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө«, «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө» мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын 4-беренеси («Эркин Тоо» газетасы, 2020-жылдын 28-апрели, № 34).











Кыргыз Республикасынын


Президенти

 


С.Н Жапаров



Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...