KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө"Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы

22 ноября 2021

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ


2021-жылдын 15-ноябры № 138


Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө


1-берене. Жөнгө салуу предмети



  1. Ушул конституциялык Мыйзам Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусун, судьялардын көз карандысыздыгынын кепилдиктерин, Кыргыз Республикасынын судьяларын шайлоо, дайындоо тартибин, аларды которууну (ротациялоону), кызматтан бошотууну, судьялардын жоопкерчилигин, алардын ишин материалдык жана социалдык жактан камсыз кылуу чараларын жана ушул статуска байланышкан башка жоболорду аныктайт.

  2. Судьялардын статусуна жана алардын компетенциясына тиешелүү башка мыйзамдар ушул конституциялык Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.


1-глава. Жалпы жоболор


2-берене. Судьялар — сот бийлигин алып жүрүүчүлөр



  1. Кыргыз Республикасында сот бийлиги судьялардын атынан чыгуучу төмөндөгү сотторго гана таандык:


1) Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна (мындан ары — Конституциялык сот);


2) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна (мындан ары — Жогорку сот);


3) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторуна (мындан ары -жергиликтүү соттор);


4) мыйзам менен түзүлгөн адистештирилген сотторго.



  1. Судьялар деп Кыргыз РеспубликасынынКонституциясында(мындан ары — Конституция) жана ушул конституциялык Мыйзамда каралган тартипте сот адилеттигин жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктар берилген жана өзүнүн милдеттерин кесипкөй негизде аткарган адамдар саналат.

  2. Сотко же судьяларга урмат көрсөтпөө мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.


3-берене. Судьялардын статусу жөнүндө мыйзамдар



  1. Судьялардын статусу жөнүндө мыйзамдар Кыргыз РеспубликасынынКонституциясынан, ушул конституциялык Мыйзамынан, башка мыйзамдарынан жана ченемдик укуктук актыларынан турат.

  2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат, эмгек, социалдык, материалдык-техникалык жана башка жактан камсыз кылуу, мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдары судьяларга карата ушул конституциялык Мыйзамда жөнгө салынбаган бөлүгүндө жайылтылат.


4-берене. Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу принциптери



  1. Сот адилеттигин жүзөгө ашырууда судьялар төмөнкүдөй негизги принциптерди жетекчиликке алат:


1) сот адилеттигин сот тарабынан гана жүзөгө ашыруу;


2) мыйзамда каралган учурларда сот адилеттигин акысыз жүзөгө ашыруу;


3) соттордун өз алдынчалыгы жана судьялардын көз карандысыздыгы;


4) мыйзам жана сот алдында бардыгынын теңдиги;


5) мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк;


6) объективдүүлүк жана калыстык;


7) процесстин бардык катышуучуларына сый мамиле кылуу;


8) судьялардын жоопкерчилиги;


9) бардык соттордо иштерди териштирүүнүн ачык-айкындыгы;


10) соттук актылардын милдеттүү түрдө аткарылышы;


11) мыйзамда аныкталган тартипте сот адилеттигин ишке ашырууга жарандардын катышуусу.



  1. Кыргыз Республикасынын жарандары мыйзамда каралган учурларда сот тарабынан акысыз корголууга укуктуу.

  2. Соттор сот бийлигин эч кимдин эркине карабастан,Конституциягажана мыйзамга гана баш ийүү менен өз алдынча жүзөгө ашырат.


Сот адилеттигин жүзөгө ашырууга катышкан судьялар, сот арачылары көз карандысыз, Конституцияга жана мыйзамга гана баш ийишет.


Кыргыз Республикасында соттордун өз алдынчалыгын, судьялардын көз карандысыздыгын кысымга алуучу мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар чыгарылышы мүмкүн эмес.



  1. Мыйзам жана сот алдында бардыгы тең.


Судьялар процесске катышкан кайсы бир органдарга, жактарга, тараптарга алардын мамлекеттик, социалдык, жыныстык, расалык, улуттук, тилдик белгилерине же саясатка таандык экендигине артыкчылык бербестен, алардын тегине, мүлктүк же кызмат абалына, жашаган жерине, туулган жерине, динге мамилесине, ынанымдарына, коомдук бирикмелерге таандык экендигине карабастан, ошого тете мыйзамда каралбаган башка негиздерге таянбай сот адилеттигин калыс жүзөгө ашырат.



  1. Кыргыз Республикасынын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актылары, сот адилеттигин жүзөгө ашыруу учурунда судьянын талаптары жана буйруктары бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, жеке жана юридикалык жактар үчүн милдеттүү болуп саналат жана алар кыйшаюусуз аткарылууга тийиш.


Соттор мыйзамдуу күчүнө кирген ооттук актылардын аткарылышын контролдойт.


Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл маалыматтар, документтер жана алардын көчүрмөлөрү судьялардын талабы боюнча милдеттүү түрдө берилүүгө тийиш.


Соттук актыларды, судьялардын талаптарын жана буйруктарын аткарбагандык мыйзамда каралган жоопкерчиликке алып келет.



  1. Мыйзамда каралган учурларда жабык жыйналышта каралууга тийиш болгон иштерди кошпогондо, иштер бардык соттордо ачык териштирилет.

  2. Кыргыз Республикасынын жарандары мыйзамда каралган учурларда сот адилеттигин жүзөгө ашырууга катышууга укуктуу.

  3. Сот арачылары катары сот адилеттигин ишке ашырууга катышып жаткан жарандарга карата талаптар мыйзамда белгиленет.


Сот адилеттигин жүзөгө ашырууга катышкан мезгили үчүн сот арачыларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте мамлекеттик бюджеттен сый акы төлөнөт.


5-берене. Судьянын статусу



  1. Судьянын статусу анын ээсинин инсандыгына, квалификациясына жана жүрүм-турумуна бийик стандарттарды коюу менен аны алууга жана токтотууга жогорулатылган талаптар, судьялык ыйгарым укуктарды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү, бийик статуска шайкеш келүүчү материалдык жана социалдык камсыз кылуу жана башка кепилдиктер менен аныкталат.

  2. Адамда судьянын статусу тиешелүү соттун судьялык кызматына кирген күндөн тартып келип чыгат жана судьялык кызматтан бошотуу жөнүндө акт чыгарылган күндөн жана ушул конституциялык Мыйзамга ылайык судьянын ыйгарым укуктары токтогондон тартып токтотулат. Судья ант берген учурдан тартып кызмат ордуна кирди деп эсептелет.

  3. Кыргыз Республикасынын бардык сотторунун судьялары бирдиктүү статуска ээ жана тиешелүү сотторду уюштуруу жана процесстик иши жөнүндө мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктар менен гана өз ара айырмаланышат.

  4. Судьяларга ээлеген кызматына, судьялык кызматтагы иш стажына жана мыйзамда каралган башка жагдайларга жараша квалификациялык класстар ыйгарылат.

  5. Ээлеген кызматына жараша эмгек акысынын өлчөмүндө, ошондой эле отставкага чыккан же статусу токтотулган учурда чыгуу жөлөкпулдарынын өлчөмүндөгү айырмачылыктарды белгилөө жана ээлеген кызматына, иш стажына жана башка жагдайларына жараша ушул конституциялык Мыйзамда аныкталган башка айырмачылыктар статусу өзгөрүлдү дегенди билдирбейт.


6-берене. Судьянын анты



  1. Кыргыз Республикасынын шайланган же дайындалган судьялары ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырышы ант берген күндөн тартып башталат.


Ант салтанаттуу кырдаалда төмөнкүдөй мазмунда берилет:


«Мен ,…, Кыргыз Республикасынын судьясынын кызматына киришип жатып, өз Ата Мекенимдин жана элимдин алдында:


сот адилеттигин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык так, ак ниеттүү, калыс жана адилеттүү жүзөгө ашырууга;


Кыргыз Республикасынын Судьясынын ар-намыс кодексинин эрежелерин бекем сактоого ант берем.».



  1. Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьялары антты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары — Жогорку Кеңеш) жыйналышында өздөрү шайланган күнү беришет.

  2. Жергиликтүү соттордун судьялары антты өздөрү дайындалган күндөн тартып 5 күндөн кечиктирбестен Жогорку соттун судьяларынын жыйналышында беришет.


Бир жергиликтүү соттон башкасына которулган жергиликтүү соттун судьясы ант бербейт.


7-берене. Судьянын статусуна ылайык ага коюлуучу талаптар



  1. Судья төмөндөгүлөргө милдеттүү:


1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын кыйшаюусуз сактоого, судьянын антын сактоого;


2) Кыргыз Республикасынын Судьясынын ар-намыс кодексинин талаптарын сактоого жана судьянын кадыр-баркын жана беделин жаманатты кыла турган бардык нерселерден оолак болууга;


3) сот адилеттигин ишке ашыруу боюнча ишке мыйзамсыз кийлигишүү аракеттерине каршы турууга;


4) судьялардын кеңешмесинин сырын сактоого;


5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз мүлкүн, кирешелерин жана чыгымдарын декларациялоого;


6) эмгек тартибинин эрежелерин сактоого.



  1. Судья төмөнкүлөргө укуксуз:


1) сотто жана башка мамлекеттик органдарда жеке же юридикалык жактардын иштери боюнча (мыйзамдуу өкүлчүлүк учурларын кошпогондо) өкүлү болууга;


2) ушул маселе боюнча сот актысы мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин кароонун заты болуп эсептелген маселе боюнча ачык-айкын сүйлөп чыгууга жол берүүгө;


3) мыйзамга ылайык жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматтарга киргизилген маалыматтарды же ага судьянын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга байланыштуу белгилүү болуп калган кызматтык маалыматтарды судьянын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга байланышпаган максаттарда жарыя кылууга же пайдаланууга;


4) протоколдук жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу берилген белектерди пайдаланууга. Мындай белектер мамлекеттик менчик деп таанылат жана мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, өзү судьялык кызматты ээлеген сотко соттун актысы боюнча судья тарабынан өткөрүп берилет. Протоколдук жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алынган белекти өткөрүп берген судья Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте аны сатып ала алат;


5) Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин (мындан ары — Судьялар кеңеши) уруксатысыз чет мамлекеттердин, саясий партиялардын ардак жана атайын (илимий жана спорттук наамдарды кошпогондо) наамдарын, сыйлыктарын жана башка айырмалоо белгилерин алууга;


6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине же Конституциялык соттун, Жогорку соттун, Судьялар кеңешинин чет мамлекеттердин тиешелүү соттору, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдар менен өз ара негиздеги макулдашууларына ылайык ишке ашырылуучу кызматтык иш сапарларды кошпогондо, жеке жана юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын чегинен сыртка кызматтык иш сапарларга чыгууга;


7) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде же Конституциялык соттун, Жогорку соттун чет мамлекеттердин тиешелүү соттору, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдар менен өз ара негиздеги макулдашууларында башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан чет өлкөлүк коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдардын жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башкаруу органдарынын, көзөмөлчүлүк же байкоочу кеңештеринин, башка органдарынын курамына кирүүгө;


8) иш таштоолорго жана митингдерге катышууга;


9) ишкердик ишти жүзөгө ашырууга, ошондой эле судьялык кызматты депутаттык иш же мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы иш, акы төлөнүүчү башка иш менен айкалыштырууга, буга төмөнкүлөр кирбейт:


а) тийиштүү соттун төрагасы менен макулдашуу боюнча, мыйзамдарда тыюу салынбаган каражаттардан кошумча төлөнүүчү педагогикалык, илимий, эксперттик жана чыгармачылык иш. Көрсөтүлгөн ишти жүзөгө ашыруу судьянын иштеген жери боюнча аткарган ишинин санына жана сапатына таасир этүүгө тийиш эмес;


б) соттук өз алдынча башкаруу органдарынын (судьялардын съездинин, Кеңешинин жана чогулушунун), Судьялар кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин (мындан ары — Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш) комиссияларынын ишине катышууга.



  1. Судьялар партияда тура албайт, кандайдыр бир саясий партияларды колдоп же аларга каршы чыга албайт.


8-берене. Судьянын негизги укуктары



  1. Судья ушул конституциялык Мыйзамда жана анын негизинде кабыл алынган башка мыйзамдарда каралган тартипте жана шарттарда төмөндөгүлөргө укуктуу:


1) башка сотко которулууга (ротацияланууга);


2) соттун төрагалыгына же соттун төрагасынын орун басарлыгына дайындалууга, ошондой эле судьялык өз алдынча башкаруу органдарына, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешке шайланууга;


3) отставкага чыгууга;


4) судьянын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгына талаптардын бузулгандыгы жөнүндө ага карата ар кандай айыптоолорду төгүндөөнү же алардын негизсиздигин таанууну талап кылууга;


5) анын мыйзамдуу кызыкчылыктарын жүзөгө ашырууга мамлекет жана судьялык өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көмөк көрсөтүлүшүнө;


6) ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген кепилдиктердин камсыз кылынышына.



  1. Эгерде бул укуктарды ишке ашыруу судьянын бийик статусуна карама-каршы келбесе, ушул берененин 1-бөлүгүндө укуктарды санап өтүү судья болуп эсептелген жарандын Кыргыз Республикасынын жарандарынаКонституциядаберилген башка укуктарын чектебейт.


9-берене. Судьялардын квалификациясын жогорулатуу



  1. Судья квалификациясын жогорулатууга милдеттүү.


Судьялардын квалификациясын жогорулатуу окуу программаларына ылайык 3 жылда бир жолудан кем эмес, бул мезгилге эмгек акысын сактоо менен жүзөгө ашырылат.



  1. Судьялардын квалификациясын жогорулатуудан өтүүсүнүн тартиби жана мөөнөттөрү Конституциялык соттун, Жогорку соттун төрагалары жана Судьялар кеңеши тарабынан аныкталат.

  2. Судьялардын квалификациясын жогорулатуу республикалык бюджеттин каражаттарынын, ошондой эле мыйзамдарда тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.


10-берене. Судьялардын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгы



  1. Судья жүрүм-туруму кынтыксыз болуп турган учурга чейин өзүнүн кызмат ордун ээлейт жана өзүнүн ыйгарым укуктарын сактайт.

  2. Судьянын бийик наамына коошпогон, ушул конституциялык Мыйзамдын31-беренесинин2-бөлүгүндө каралган тартип жосундарын (жосунун) судья тарабынан олуттуу же болбосо дайыма жасалган кынтыксыздык талаптарын бузуу деп түшүнүлөт.


11-берене. Сот бийлигинин символдору



  1. Сот адилеттигин ишке ашыруу учурунда судьялар мантия кийишет жана чечимди Кыргыз Республикасынын атынан чыгарышат.

  2. Сот жыйналыштарынын залдарында Кыргыз Республикасынын Герби жана Туусу илинет.

  3. Кыргыз Республикасынын шайланган жана дайындалган судьяларына ырастамалар берилет.


Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьяларынын ырастамасы Жогорку Кеңештин Төрагасы тарабынан берилет.


Конституциялык соттун, Жогорку соттун төрагасынын, төрагасынын орун басарынын ырастамасы Кыргыз Республикасынын Президенти (мындан ары -Президент) тарабынан берилет.


Жергиликтүү соттун судьясынын ырастамасы Президент тарабынан берилет.


Жергиликтүү соттун төрагасынын, төрагасынын орун басарынын ырастамасы Жогорку соттун төрагасынын сунушу боюнча Президент тарабынан берилет.


12-берене. Судьялардын квалификациялык класстары



  1. Судьяларга ээлеген кызмат ордуна, судьянын кызматындагы иш стажына, сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун сапатына, жүрүм-турумунун кынтыксыздыгына жараша квалификациялык класстар ыйгарылат.

  2. Квалификациялык класстар төмөнкүдөй бөлүнөт:


1) бешинчи квалификациялык класс;


2) төртүнчү квалификациялык класс;


3) үчүнчү квалификациялык класс;


4) экинчи квалификациялык класс;


5) биринчи квалификациялык класс;


6) жогорку квалификациялык класс.



  1. Судьяларга квалификациялык класстар Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Президент тарабынан ыйгарылат.


13-берене. Кыргыз Республикасынын судьясына квалификациялык классты ыйгаруу тартиби



  1. Квалификациялык класстар төмөнкүлөргө ыйгарылат:


1) жергиликтүү соттордун судьяларына — бешинчи — экинчи квалификациялык класстар;


2) Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьяларына — биринчи жана жогорку квалификациялык класстар.


Жергиликтүү соттордун судьяларына иш стажын, сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун сапатын, кынтыксыз жүрүм-турумун эске алуу менен биринчи квалификациялык класс ыйгарылышы мүмкүн.



  1. Жергиликтүү соттун кызмат ордуна биринчи жолу дайындалган жана квалификациялык классы жок судьясына дайындалган күндөн тартып 6 айдан эрте эмес бешинчи квалификациялык класс ыйгарылат.

  2. Судьяга кезектеги квалификациялык класс соңку квалификациялык класс ыйгарылган учурдан баштап 3 жылдан эрте эмес ыйгарылышы мүмкүн. Мында 3 жылдык мөөнөт судьянын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырбаган мезгилдеги мөөнөттү камтыбайт. Судьяга тартип жазасы колдонулган учурда 3 жылдык мөөнөттүн өтүшү тартип жазасы жоюлду деп эсептелген күнгө чейин токтотулуп турат.

  3. Судьяларга ыйгарылган квалификациялык класстар аларда өмүр бою калат. Кезектеги квалификациялык классты ыйгарууда мурдагы квалификациялык класс жоголот.

  4. Судьяны квалификациялык классынан ажыратууга кылмыш-жаза иши боюнча соттун өкүмү менен дайындалган кошумча жазанын түрү катары сот тартибинде гана жол берилет.


14-берене. Квалификациялык класстарга кошумча төлөө


Квалификациялык класстары бар судьяларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматтык айлык акыларына кошумча төлөм белгиленет.


2-глава. Судьялардын көз карандысыздыгынын кепилдиктери


15-берене. Судьянын көз карандысыздыгы



  1. Судьянын көз карандысыздыгы төмөнкүлөр аркылуу камсыз кылынат:


1) сот адилеттигин мыйзамда каралган тартипте гана жүзөгө ашыруу;


2) жоопкерчилик тартуу коркунучу менен ким тарабынан болбосун соттун ишине кийлигишүүгө тыюу салуу;


3) судьянын алмашылбастыгы;


4) судьянын кол тийбестиги;


5) судьянын жогорку статусуна ылайык аны мамлекеттин эсебинен материалдык жана социалдык жактан милдеттүү түрдө камсыз кылуу;


6) соттук өз алдынча башкаруу органдарынын иштеши;


7) отставкага чыгуу укугу.



  1. Конституциядажана ушул конституциялык Мыйзамда каралган судьянын көз карандысыздыгынын кепилдиктери кандай жагдайларда болбосун алып салынышы же төмөндөтүлүшү мүмкүн эмес.


16-берене. Судьянын ишине кийлигишүүгө жол берилбестик



  1. Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча ишке ар кандайча кийлигишүүгө тыюу салынат. Судьянын сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча ишине кийлигишкендиги үчүн күнөөлүү адам мыйзамда каралган жоопкерчиликти тартат.

  2. Судьядан конкреттүү сот иши боюнча отчет талап кылууга эч кимдин укугу жок.

  3. Процесстик мыйзамда каралган учурлардан жана тартиптен тышкары, судья каралган же анын өндүрүшүндө турган иштердин маңызы боюнча кандайдыр бир түшүндүрмөлөрдү жасоого, таанышуу үчүн ишти кимдир-бирөөгө берүүгө милдеттүү эмес.


17-берене. Судьялардын алмашылбастыгы



  1. Кыргыз Республикасынын бардык сотторунун судьялары алмашылбайт. Алар конституциялык мөөнөттүн чектеринде өз кызмат ордундарын ээлешет жана өз ыйгарым укуктарын сакташат.

  2. СудьяКонституциядажана ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартиптен жана негиздер боюнча каралгандан башка учурда кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу же четтетилиши, же болбосо анын ыйгарым укуктары токтотулуп турушу же токтотулушу мүмкүн эмес.

  3. Республиканын бир регионунда жайгашкан жергиликтүү сотто өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырып жаткан судья которуу (ротациялоо) тартибинде ушул конституциялык Мыйзамда каралган учурларда жана негиздерде гана ошол жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн башка жергиликтүү соттун тең же жогору турган кызмат ордуна жиберилиши мүмкүн.


Бир жергиликтүү сотто өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырып жаткан судья ушул конституциялык Мыйзамда каралган учурларда жана негиздер боюнча жүргүзүлүүчү которуу (ротациялоо) тартибинде башка жергиликтүү сотко жиберилген ‘учурда судьянын алмашпастыгынын талаптары бузулду деп эсептелбейт.


18-берене. Судьянын кол тийбестиги



  1. Судья кол тийбестик укугуна ээ жана кылмыш жасап жаткан жеринде кармалган учурларды кошпогондо, ал кармалууга жана камакка алынууга, тинтилүүгө же жекече текшерүүгө кабылууга тийиш эмес.


Кылмыш жасады деген шектенүү боюнча же башка негиз боюнча кармалган, же болбосо кайсы бир укук коргоо органдарына мажбурлап алынып келинген судья, эгерде кармалган учурда бул судьянын ким экендиги белгилүү болушу мүмкүн болбосо, анын ким экендиги аныкталгандан кийин токтоосуз бошотулууга тийиш.



  1. Судья, анын ичинде ыйгарым укуктары токтотулгандан жана ээлеген кызмат ордунан бошотулгандан кийин, судьянын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырып турган мезгилде жасаган укукка каршы жосуну үчүн сот тартибинде салынуучу кылмыш-жаза жана башка жоопкерчиликке ушул конституциялык Мыйзамда белгиленгенден башкача тартипте тартылышы мүмкүн эмес.

  2. Башка адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, судьяны жекече текшерүүгө жол берилбейт.


3-глава. Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьяларын шайлоонун, Конституциялык соттун, Жогорку соттун төрагасын жана төрагасынын орун басарларын дайындоонун жана бошотуунун тартиби


19-берене. Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьяларына коюлуучу талаптар, аларды шайлоо тартиби



  1. 40 жаштан жаш эмес, 70 жаштан улуу эмес, «Юриспруденция» адистиги боюнча жогорку юридикалык билими же тиешелүү багыт боюнча «бакалавр» академиялык даражасы бар, «магистр» академиялык даражасын ыйгаруу менен «Юриспруденция» даярдык багыты боюнча жогорку билими жана юридикалык кесип боюнча 15 жылдан кем эмес иш стажы бар, мамлекеттик жана расмий тилдерди билген Кыргыз Республикасынын жараны Конституциялык соттун судьясы боло алат.


40 жаштан жаш эмес, 70 жаштан улуу эмес, «Юриспруденция» адистиги боюнча жогорку юридикалык билими же тиешелүү багыт боюнча «бакалавр» академиялык даражасы бар, «магистр» академиялык даражасын ыйгаруу менен «Юриспруденция» даярдык багыты боюнча жогорку билими жана юридикалык кесип боюнча — 15 жылдан кем эмес иш стажы, анын ичинде 5 жылдан кем эмес судьялык стажы бар, мамлекеттик жана расмий тилдерди билген Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку соттун судьясы боло алат.



  1. Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьясынын кызмат ордун ээлөө үчүн талап кылынган юридикалык кесип боюнча иш стажына ушул конституциялык Мыйзамдын21-беренесинин3-бөлүгүндө белгиленген жергиликтүү соттордун судьялары үчүн каралган кызмат орундарында иштеген убактысы кошуп эсептелет.

  2. Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьялары Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин сунушуна негизделген Президенттин сунуштамасы боюнча, бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган гендердик өкүлчүлүгүн эске алуу менен курагынын чегине жеткенге чейин Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмес бөлүгүнүн добушу менен шайланат.

  3. Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьяларынын бош кызмат ордун ээлөөгө талапкерлерди тандоо Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш тарабынан конкурстук негизде жүзөгө ашырылат.


Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьясынын бош кызмат ордун ээлөөгө конкурс ушул конституциялык Мыйзамдын 24-беренесинде белгиленген тартипте конкурстук тандоону өткөрүү жолу менен жүзөгө ашырылат.



  1. Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьяларынын чектүү жаш курагына жеткенге чейин 60 күндөн кечиктирбестен, же болбосо Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьясынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган же ал кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган күндөн тартып 20 күндөн кечиктирбестен Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьяларынын бошотулуучу же бош кызмат ордун ээлөөгө конкурс жарыялайт.

  2. Конкурска катышууга арызды талапкер кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 14 күндүн ичинде Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешке берүүгө тийиш.


Арызга төмөнкүлөр тиркелет:


1) паспорттун көчүрмөсү;


2) жогорку юридикалык билими жөнүндө дипломдун нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү жана аяктагандыгы жөнүндө архивдик маалымкат;


3) талапкердин юридикалык кесип боюнча иш стажы бар экендигин тастыктаган эмгек китепчесинин, башка документтеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;


4) конкурска катышаардын алдында 6 айдын ичинде берилген ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык корутунду.


Арызга талапкердин ким экенин мүнөздөгөн башка документтер (пикирлер, сунуштамалар) тиркелиши мүмкүн.


Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан судьялары арыз берүү жолу менен Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьяларынын кызмат ордуна конкурстук тандоого катышууга укуктуу.


Конкурска катышууга арыз берген Кыргыз Республикасынын судьяларынын өздүк иштери Конституциялык соттун, Жогорку соттун аппараттары жана Сот департаменти тарабынан Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешке берилет.



  1. Арыздарды кабыл алуу аяктагандан кийин жана конкурстук тандоонун жыйынтыктары боюнча Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш 10 жумушчу күндүн ичинде Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьяларынын кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкерликти Президентке киргизет.

  2. Талапкерлерде Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьясынын кызмат ордуна талапкерди шайлоого жолтоо болуучу жагдайлар болбогон учурда, ушул берененин 10-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, Президент аларды 10 жумушчу күндүн ичинде Жогорку Кеңешке сунуш кылат.


Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьясынын кызмат ордуна сунуш кылынган талапкер боюнча материалдарды Президент өзүнүн чечимин жүйөлөштүрүү менен сунуш келип түшкөн күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешке кайтарып берүүгө укуктуу.



  1. Эгерде Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш 10 жумушчу күндүн ичинде Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьясынын кызмат ордуна талапкерди шайлоого жолтоо болуучу жагдайларды белгилебесе, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш Президентке ушул эле талапкер боюнча сунушту кайталап киргизет.


Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьясынын кызмат ордуна мурда сунушталган талапкерди Президентке кайталап киргизүү жөнүндө чечим Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин мүчөлөрүнүн жаппы санынын төрттөн үч бөлүгүнөн кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.



  1. Президент Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш тарабынан кайрадан киргизилген талапкерди Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьясынын кызмат ордуна дайындоого жолтоо болуучу жагдайлар болбогон мурда киргизилген талапкерлер менен бирге, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештен кайрадан сунуш келип түшкөн күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде Жогорку Кеңешке сунуш кылат.


Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш Президент тарабынан баяндалган жагдайларга макул болгон учурда, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш 10 жумушчу күндүн ичинде талапкерлердин тийиштүү тизмесинен кезектүүлүк тартибинде жаңы талапкерди алган баллынын санына жараша сунуштайт.


Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин кайталанган сунуштары көрсөтүлгөн кызмат ордуна талапкерлердин түзүлгөн тизмеси толук пайдаланылганга чейин киргизилет. Талапкерлердин түзүлгөн тизмеси толук пайдаланылган учурда Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш калган бош орундарга жаңы конкурстук тандоо жарыялайт.



  1. Сунушталган талапкер боюнча Жогорку Кеңеш сунуштама келип түшкөн күндөн тартып 2 жумадан кечиктирбестен чечим кабыл алат.

  2. Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьяларынын кызмат ордуна сунушталган талапкерлерди Жогорку Кеңеш шайлабаган учурда көрсөтүлгөн кызмат ордуна талапкерлердин тизмесинен Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин сунушу боюнча Президент башка талапкерди киргизет.

  3. Жогорку соттун, Конституциялык соттун судьяларын шайлоо үчүн жаңы талапкерлик боюнча Президенттин сунуштамасын Жогорку Кеңеш сунуш келип түшкөн күндөн тартып 2 жумадан кечиктирилбеген мөөнөттө карайт.

  4. Конституциялык сотко, Жогорку сотко төмөнкүдөй адамдар судья боло албайт:


1) соттуулугу, анын ичинде алынган же жоюлган соттуулугу барлар;


2) кынтыксыз эмес жүрүм-турумуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын судьялык кызмат ордунан мурда бошотулгандар;


3) укук коргоо органдарынын жана прокуратура органдарынын кызматкеринин наамын жаманатты кылганына байланыштуу укук коргоо органдарынан жана прокуратура органдарынан бошотулган же «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча адвокаттык иш менен алектенүү укугуна берилген лицензиядан ажыратылгандар;


4) «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин төртүнчү бөлүгүнүн жетинчи — тогузунчу абзацтарында каралган негиздер боюнча нотариалдык иш менен алектенүү укугуна берилген лицензиясы чакыртып алынгандар;


5) кылмыш жасады деп шектелгендер же айыпталгандар, же болбосо аларга карата реабилитациялабоочу негиздер боюнча кылмыш-жаза куугунтуктоосу токтотулгандар;


6) чет мамлекеттин жарандыгы барлар.


20-берене. Конституциялык соттун, Жогорку соттун төрагасын жана төраганын орун басарын дайындоонун жана бошотуунун тартиби



  1. Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьяларынын ичинен Президент Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмесинин макулдугу менен Конституциялык соттун, Жогорку соттун төрагаларын 5 жылдык мөөнөткө дайындайт.

  2. Конституциялык соттун, Жогорку соттун төрагасынын орун басарлары Президент тарабынан Конституциялык соттун, Жогорку соттун төрагасынын сунушу боюнча 5 жылдык мөөнөткө дайындалат.

  3. Конституциялык соттун, Жогорку соттун төрагасы, төрагасынын орун басары өз каалоосу боюнча, алар дайындалган ыйгарым укуктардын мөөнөтү аяктагандыгына, судьянын кынтыксыздыгынын талаптарын бузган учурда Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьясынын кызмат ордунан убактылуу четтетилгендигине байланыштуу жана ушул конституциялык Мыйзамда каралган негиздер боюнча судьянын ыйгарым укуктары токтотулган учурда Конституциялык соттун, Жогорку соттун төрагасы, төраганын орун басары кызматынан бошотулушу мүмкүн.


4-глава. Жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо тартиби, аларды которуу, жергиликтүү соттун төрагасын, төрагасынын орун басарын дайындоо


21-берене. Жергиликтүү соттордун судьяларына коюлуучу талаптар



  1. 30 жаштан жаш эмес жана 65 жаштан улуу эмес, «Юриспруденция» адистиги боюнча жогорку юридикалык билими же тиешелүү багыт боюнча «бакалавр» академиялык даражасы бар, «магистр» академиялык даражасын ыйгаруу менен «Юриспруденция» даярдык багыты боюнча жогорку билими жана юридикалык кесиби боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны жергиликтүү соттун судьясы боло алат.

  2. Төмөнкү адамдар жергиликтүү соттордун судьясы боло албайт:


1) соттуулугу, анын ичинде алынган же жоюлган соттуулугу барлар;


2) кынтыксыз эмес жүрүм-турумуна байланыштуу мурда Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордунан бошотулгандар;


3) укук коргоо органынын жана прокуратура органдарынын кызматкеринин наамын жаманатты кылганына байланыштуу укук коргоо органдарынан жана прокуратура органдарынан бошотулган же «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча адвокаттык иш менен алектенүү укугуна берилген лицензиядан ажыратылгандар;


4) «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин төртүнчү бөлүгүнүн жетинчи — тогузунчу абзацтарында каралган негиздер боюнча нотариалдык иш менен алектенүү укугуна берилген лицензиясы чакыртып алынгандар;


5) кылмыш жасоого шектелгендер же айыпталгандар, же болбосо аларга карата реабилитациялабоочу негиздер боюнча кылмыш-жаза куугунтуктоосу токтотулгандар;


6) чет мамлекеттин жарандыгы барлар.



  1. Судьянын кызмат ордун ээлөө үчүн зарыл болгон юридикалык кесип боюнча иш стажына төмөнкү кызматтардагы иш убактысы кошуп эсептелет:


1) Жогорку Кеңештин жогорку юридикалык билими бар депутаттарынын;


2) Президенттин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары — Министрлер Кабинети) Жогорку Кеңештеги, жогорку соттордогу өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлеринин;


3) юридикалык бөлүмдөрдүн, коргоо жана укук коргоо органдарынын маселелерин тейлеген бөлүмдөрүнүн, ошондой эле Президенттин Администрациясынын иши укук маселелерин чечүү менен коштолгон бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин;


4) Жогорку Кеңештин Аппаратынын юридикалык бөлүмдөрүнүн, укук тартибинин, адам укуктарынын, конституциялык мыйзамдардын, мамлекеттик түзүлүштүн маселелерин жана соттук-укуктук маселелерди тейлеген комитеттеринин бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарынын жогорку юридикалык билими бар жардамчыларынын, консультанттарынын;


5) Конституциялык соттун жана Жогорку соттун аппараттарынын кызматкерлеринин;


6) жергиликтүү соттордун аппараттарынын кызматкерлеринин;


7) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин;


8) прокуратура органдарынын кызматкерлеринин;


9) юстиция системасынын кызматкерлеринин;


10) ички иштер органдарынын юридикалык кызматтарынын, тергөө бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин;


11) улуттук коопсуздук кызматынын юридикалык кызматтарынын, тергөө бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин;


12) бажы органдарынын юридикалык кызматтарынын, тергөө бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин;


13) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун, ошондой эле аларга караштуу мекемелердин юридикалык кызматтарынын кызматкерлеринин;


14) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комиссияларынын, фонддорунун аппараттарынын юридикалык кызматтарынын кызматкерлеринин;


15) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппараттарынын юридикалык кызматтарынын кызматкерлеринин;


16) Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын жогорку юридикалык билими бар кызматкерлеринин;


17) менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын юридикалык кызматтарынын кызматкерлеринин;


18) Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын;


19) Кыргыз Республикасынын нотариустарынын;


20) жогорку окуу жайлардын укук маселеси менен иштеген профессордук-окутуучулар курамынын, окумуштуу катчысынын.


Мында адистиги боюнча иш стажына орунду ээлөө юридикалык жогорку билимдин болушунун милдеттүүлүгүн талап кылган кызмат орундарында иштеген убакыт кошуп эсептелет.


22-берене. Жергиликтүү соттун судьясынын бошотулуучу же бош кызмат ордун ээлөөгө конкурс



  1. Жергиликтүү соттун судьясынын бошотулуучу же бош кызмат ордун ээлөөгө талапкерлерди тандоо конкурстук негизде Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш тарабынан жүргүзүлөт.


Мында бош кызмат ордун ээлөө пайда болгон бош кызмат орду жөнүндө Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешке кийин маалымдоо менен судьяларды ротациялоо (судьяны бир жергиликтүү соттон башкасына которуу) мүмкүнчүлүгү тууралуу маселелерди Жогорку соттун төрагасы карагандан кийин жүргүзүлөт.



  1. Жергиликтүү соттун судьясынын бошотулуучу же бош кызмат ордун ээлөөгө талапкерлерди тандоо конкурстук тандоону өткөрүү жолу менен жүзөгө ашырылат.

  2. Жергиликтүү соттун судьясынын бош кызмат орду төмөнкүлөргө байланыштуу пайда болот:


1) жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аякташына;


2) Конституцияда белгиленген курактын чегине жеткенине;


3) жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганына;


4) жергиликтүү соттордун судьяларынын жаңы штаттык бирдиктери киргизилгендигине;


5) адистештирилген соттордун түзүлүшүнө.



  1. Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш жергиликтүү соттун судьясынын чектелген курагына жеткенге чейин 60 күндөн кечиктирбестен, же жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө актыны кабыл алган күндөн тартып 20 күндөн кечиктирбестен жергиликтүү соттун судьясынын бошотулуучу же бош кызмат ордун ээлөөгө конкурс жарыялайт. Конкурс жөнүндө кулактандыруу мамлекеттик басма сөз органына, ошондой эле Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин сайтына жайгаштырылат.


Жергиликтүү соттун судьясы өзүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин 80 күндөн эрте эмес жана 60 күндөн кеч эмес өзүн жергиликтүү соттун судьялыгына дайындоо жөнүндө Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешке арыз менен кайрылууга укуктуу. Мындай учурда Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш арыз келип түшкөн күндөн тартып 2 жумалык мөөнөттө аны ушул конституциялык Мыйзамдын 24-беренесинде каралган эрежелер боюнча карайт. Мында эгерде талапкер Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш тарабынан жергиликтүү соттун судьялыгына дайындоого сунушталбаса, анда жергиликтүү соттун судьясынын боло турган бош кызмат ордуна иштеп жаткан судьянын талапкерлиги четке кагылган күндөн тартып 5 күндөн кечиктирилбестен конкурс жарыяланат. Мындай судья судьялардын бош кызмат орундарына болгон башка конкурстарга өзүнүн талапкерлиги Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш тарабынан четке кагылган күндөн тартып бир жылдан эрте эмес катышууга укуктуу.



  1. Ушул берененин 3-бөлүгүнүн 4 жана 5-пункттарынын негизинде бош орун пайда болгондо жергиликтүү соттун судьяларынын бош кызмат ордун ээлөөгө конкурс өткөрүү жөнүндө кулактандыруу бош орун пайда болгон күндөн тартып 20 күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик басма сөз органына, ошондой эле Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин сайтына жайгаштырылат.


23-берене. Жергиликтүү соттун судьясынын бошотулуучу же бош кызмат ордун ээлөөгө конкурска документтерди берүү тартиби



  1. Жергиликтүү соттун судьясынын бошотулуучу же бош кызмат ордун ээлөөгө талапкердин арызы жана документтери талапкердин жеке өзү тарабынан, же болбосо почта аркылуу берилет.


Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин атына даректелген жергиликтүү соттун судьясынын бошотулуучу же бош кызмат ордуна талапкердин арызы Сот департаментине берилет.


Арызга төмөнкүлөр тиркелет:


1) талапкердин жарандыгы жана курагы жөнүндө тастыктаган паспорттун көчүрмөсү;


2) «Юриспруденция» адистиги боюнча жогорку юридикалык билими же тиешелүү багыт боюнча «бакалавр» академиялык даражасы бар, «магистр» академиялык даражасын ыйгаруу менен «Юриспруденция» даярдык багыты боюнча жогорку билими жөнүндө дипломунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;


3) эмгек китепчесинин, талапкерде юридикалык кесиби боюнча иш стажы бар экенин ырастаган башка документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;


4) талапкерде судьянын кызмат ордуна дайындоого тоскоолдук кылуучу оорулардын жоктугун көрсөтүү менен конкурска катышаар алдындагы 6 ай ичинде берилген ден соолугунун абалы жөнүндөгү медициналык корутунду;


5) ушул конституциялык Мыйзамда каралган талапкерге коюлуучу кошумча талаптардын болушун ырастаган документ.


Арызга талапкердин ким экендигин мүнөздөгөн башка документтер (пикирлер, сунуштамалар) тиркелиши мүмкүн.


Судьянын кызмат ордуна дайындоого тоскоолдук кылуучу оорулардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.



  1. Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьяларынын документтери Конституциялык соттун, Жогорку соттун аппараттары тарабынан түзүлөт жана Сот департаментине өткөрүп берилет.


Жергиликтүү соттордун судьяларынын документтери Сот департаменти тарабынан түзүлөт.



  1. Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан судьяларынын документтери төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:


1) судьянын өздүк ишин;


2) караган иштеринин санын жана сапатын чагылдыруучу судьялык кызмат ордунда иштеген мезгилиндеги маалыматтарды;


3) сыйлыктары, кубаттоолору жана жазалары жөнүндөгү маалыматтарды.



  1. Жергиликтүү соттун судьясынын бош кызмат ордуна талапкерлердин арыздарды жана документтерди берүү мөөнөтү Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш тарабынан белгиленет жана кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 14 күндөн аз болбоого тийиш.


Ушул беренеде белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин берилген документтер кабыл алынбайт.


Сот департаменти арызды жана ага тиркелген документтерди кабыл алгандан кийин тиешелүү органдардан талапкердин соттуулугу жөнүндөгү маалыматты өз алдынча суратып алат.


Тиешелүү ыйгарым укуктуу орган талапкердин соттуулугу бар же жоктугу жөнүндө маалыматты 10 күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө жиберүүгө милдеттүү.



  1. Жергиликтүү соттун судьясынын бош кызмат ордун ээлөөгө конкурска катышууга документтери кабыл алынган адамдар талапкерлердин тизмесине киргизилет. Талапкерлердин тизмеси талапкерлердин кесиптик жана адептик сапаттары жөнүндө пикирлерди алуу үчүн конкурс жөнүндө кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 40 күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик басма сөз органына жана Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин сайтына жарыяланат.


Пикирлерди алуу үчүн мөөнөт Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш тарабынан аныкталат.


24-берене. Конкурстук тандоо



  1. Конкурстук тандоо — юридикалык билимдин жогорку деңгээлине ээ, Конституциялык соттун, Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат орундарына сунуштоо үчүн инсандык, квалификация жана жүрүм-турум талаптарына жооп берген адамдарды табуу максатында көз карандысыз коллегиялуу орган — Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш тарабынан жүзөгө ашырылуучу процесс.


Конкурстук тандоо талапкерлердин маанилүү кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарын аныктоо үчүн аңгемелешүүлөрдү жүргүзүү жолу менен жүзөгө ашырылат.


Аңгемелешүүгө төмөнкүлөр киргизилет:


1) ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктап бараткан иштеп жаткан судьялар;


2) судьялык иш стажы бар, мында алардын конкурска катышууга арыз берүүнүн жана адамды судьянын кызмат ордунан бошотуунун же болбосо судьянын ыйгарым укуктарын токтотуунун ортосундагы тыныгуу мөөнөтү 10 жылдан ашпаган адамдар;


3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү жагынан тестирлөөдөн өткөн адамдар.



  1. Аңгемелешүүгө киргизүүдө Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш төмөнкүлөрдү иликтейт:


1) талапкерлердин документтерин жана алардын мыйзамдын талаптарына ылайыктуулугун;


2) декларациялоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык маалымат берип жаткан талапкердин, анын жубайынын, жакын туугандарынын кирешелери жана чыгымдары жөнүндө декларацияларын;


3) талапкердин жүрүм-турумунун кынтыксыздыгын тастыктоочу башка маалыматты (талапкерге пикирлерди, сунуштамаларды).


Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш судьянын бош кызмат ордун ээлөөгө талапкерге карата декларациялоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык маалымат берүүчү талапкердин, анын жубайынын, жакын туугандарынын кирешелери жана чыгымдары жөнүндө декларацияларын суратып алууга милдеттүү.


Документтерди иликтөөнүн натыйжалары боюнча Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш талапкерди конкурстук тандоого киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат. Талапкерди киргизүү жөнүндө чечим Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш тарабынан Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү тарабынан ачык добуш берүү менен кабыл алынат.



  1. Аңгемелешүү Судьялар кеңеши аныктаган тартипте жүргүзүлөт.


Аңгемелешүүнүн суроолору Судьялар кеңеши тарабынан жыл сайын бекитилет жана Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин сайтына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.



  1. Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш тарабынан сунуштоо же дайындоо үчүн Президентке сунушталган талапкерлердин тизмеси конкурстук тандоодон өтүүдө алган баллына ылайык кемүү тартибинде, бирок Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босоголук баллдан төмөн эмес түзүлөт.

  2. Конкурстун жыйынтыктары боюнча баллдын эң көп санын алган талапкерлер Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш тарабынан бош орундарга барабар санда сунуштоо же дайындоо үчүн Президентке сунуш кылынат.

  3. Конкурстук тандоодон өткөн жана босоголук баллды алган, бирок Президентке сунушталбаган талапкерлер талапкерлердин тизмесинде калтырылат. Босоголук баллды албай калган талапкерлер, ошондой эле Президенттин жүйөлөнгөн чечими менен Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешке материалдары кайтарып берилген талапкерлер, судьялардын бош кызмат орундарына башка конкурстук тандоолорго бир жылдан кем эмес мөөнөттөн кийин гана катышууга укуктуу.


Тиешелүү тизмеден талапкерлерди сунуштоо талапкер алган баллдын санына жараша кезектүүлүк тартибинде ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Талапкерлер аларды Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш Президентке сунуш кылышына жараша талапкерлердин тизмесинен чыгарылат.



  1. Мурда сунушталган бардык талапкерлер дайындалган же шайланган, судьялардын бардык бош кызмат орундары толтурулган же болбосо көрсөтүлгөн кызмат орундарына талапкерлердин түзүлгөн тизмеси толук пайдаланылган учурларда талапкерлердин тизмеси Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш тарабынан жок кылынат.

  2. Конкурстук тандоонун бардык материалдары талапкердин өздүк ишине тиркелет. Конкурска катышкан талапкерлердин өздүк иштери кайтарып берилбейт жана Сот департаментинде сакталат.


25-берене. Жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлерди дайындоо жана аларды жергиликтүү соттордун судьяларынын ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн жергиликтүү сотторго жиберүү тартиби



  1. Жергиликтүү соттордун судьялары конкурстук тандоодон өткөн жана Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш сунуштаган адамдардын ичинен Президент тарабынан дайындалат.

  2. Конкурстук тандоонун натыйжалары боюнча жергиликтүү соттун судьялыгына дайындоо үчүн талапкерге сунуш Президентке киргизилет.


Сунушталган талапкер боюнча материалдарды алган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде аларды Президент өзүнүн жүйөөлүү чечими менен Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешке кайтарып берүүгө укуктуу.


Бул учурда Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш алган баллынын санына жараша талапкерлердин тизмесинен жаңы талапкерди кезектүүлүк тартибинде 10 жумушчу күндүн ичинде сунуштайт.


Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин кайталанган сунуштары көрсөтүлгөн кызмат ордуна талапкерлердин түзүлгөн тизмеси толук пайдаланылганга чейин киргизилет. Талапкерлердин түзүлгөн тизмеси толук пайдаланылган учурда Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш жаңы конкурс өткөрөт.



  1. Жергиликтүү соттордун судьяларын дайындооКонституциядакаралган мөөнөткө Президенттин жарлыгы менен жүзөгө ашырылат.


Президенттин жарлыгы менен дайындалган жергиликтүү соттун судьясы жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн конкреттүү жергиликтүү сотко жиберилет.


26-берене. Жергиликтүү соттун судьяларын которуунун (ротациялоонун) негиздери жана тартиби



  1. Жергиликтүү соттун судьясы бир жергиликтүү соттон башка жергиликтүү сотко төмөнкүдөй негиздер боюнча которулушу мүмкүн:


1) өз каалоосу боюнча;


2) сот кайра уюшулган, анын түзүмү жана судьялардын штаттык саны өзгөргөн учурда;


3) судьядан жана мамлекеттен көз каранды болбогон жагдайлар боюнча судьяларды мамлекеттик коргоо максатында;


4) бир сотто жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарын 7 жылдан ашык жүзөгө ашырган учурда;


5) жергиликтүү соттун штаттык санында бош кызмат орду пайда болгондо -ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте.


Жогорку соттун төрагасы тарабынан жергиликтүү соттун судьяларын которууну (ротациялоону) жүзөгө ашыруу тартиби ал бекиткен жобого ылайык аныкталат.



  1. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 4-пункттарында каралган негиздер боюнча судьяларды которуу (ротациялоо) жаш курак чегине жеткенге чейин дайындалган судьяларга карата алардын арызы боюнча Жогорку соттун төрагасы тарабынан жүзөгө ашырылат. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган судьянын жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарын 7 жылдан ашык жүзөгө ашырып келе жатканы тууралуу маалымкат берет. Судьялардын арыздары Сот департаментине Жогорку соттун төрагасынын атына берилет.


Жогорку соттун төрагасы которуу (ротациялоо) жөнүндө судьялардын арыздарын карап чыгып, аларды канааттандырат жана которуу (ротациялоо) жөнүндө судьялардын өз ара макулдугу болгондо гана судьяларды которуу (ротациялоо) жөнүндө Президентке сунуш киргизет.


Бир жердеги жергиликтүү соттон башка жердеги жергиликтүү сотко которулган судьялар акыркы которулган (ротация болгон) күндөн тартып 5 жылдан эрте эмес учурда которуу (ротациялоо) тууралуу арыз менен кайра кайрылууга укуктуу.



  1. Жергиликтүү сот кайра уюштурулган, судьяларынын штаттык бирдиктерин башка жергиликтүү сотторго берүү менен анын түзүмү өзгөрүлгөн учурда Жогорку соттун төрагасы кайра уюштуруп жаткан соттун, же болбосо түзүмү өзгөрүлгөн соттун судьяларынын штаттык бирдиктери берилип жаткан сотторго аларды которуу (ротациялоо) жагынан судьялардын пикирин угат. Судьяларды которуу (ротациялоо) жөнүндө Жогорку соттун төрагасынын чечими судьялардын жаңы жердеги ишинин бардык жагдайларын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен кабыл алынат.

  2. Которуу (ротациялоо) маселелерин Жогорку соттун төрагасы судьяларга жана мамлекетке көз каранды болбогон жагдайлар боюнча судьяларды мамлекеттик коргоо максатында токтоосуз карайт. Укук коргоо органдарынын тиешелүү материалдары менен ырасталган тиешелүү жергиликтүү соттун төрагасынын кайрылуусу же судьянын кайрылуусу ушул маселени кароо үчүн негиз болуп саналат. Судьяларды мамлекеттик коргоого алуу максатында которуу (ротациялоо) жөнүндө Жогорку соттун төрагасынын чечими судьяга каршы коркунучтун бар экенин негиздеген бардык жагдайларды иликтегенден жана аныктагандан кийин кабыл алынат.

  3. Белгилүү бир мөөнөткө дайындалган жергиликтүү соттун судьясын которуу (ротациялоо), ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2 жана 3-пункттарында каралган учурларда, анын ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө карата жүзөгө ашырылат.

  4. Судьяларды которуу (ротациялоо) жөнүндө чечим Жогорку соттун төрагасы тарабынан кабыл алынат жана тиешелүү жарлыкты чыгаруу үчүн Президентке жиберилет. Жогорку соттун төрагасынын чечими келип түшкөн күндөн тартып 10 күндүн ичинде жарлыкка кол коюлууга тийиш.


Президент сунушталган талапкер боюнча материалдар келип түшкөн күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 3-пункттарында каралган негиздер боюнча аларды өзүнүн жүйөлөштүрүлгөн чечими менен Жогорку соттун төрагасына кайтарып берүүгө укуктуу.


27-берене. Жергиликтүү соттордун төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын дайындоо жана бошотуу тартиби



  1. Жергиликтүү соттордун төрагалары жана төрагаларынын орун басарлары Жогорку соттун төрагасы тарабынан жергиликтүү соттордун судьяларынын ичинен 5 жылдык мөөнөткө дайындалат.

  2. Жергиликтүү соттордун төрагалары, төрагаларынын орун басарлары өз каалоосу боюнча, алар дайындалган ыйгарым укуктардын мөөнөтү аяктагандыгына, жергиликтүү соттун судьясынын кызмат ордунан убактылуу четтетилгендигине байланыштуу, тартиптик жаза чарасы бир нече жолу колдонулган учурда судьянын кынтыксыздыгынын талаптарын бузганда жана ушул конституциялык Мыйзамда каралган негиздер боюнча судьянын ыйгарым укуктары токтотулган учурда жергиликтүү соттун төрагасы, төрагасынын орун басары кызматынан бошотулушу мүмкүн.


5-глава. Судьяны кызматтан четтетүүнүн, ыйгарым укуктарын токтотуунун негиздери жана тартиби


28-берене. Судьяны кызматынан убактылуу четтетүү



  1. Судьялар кеңеши судьяны кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга (айыпталуучу катары тартууга) макулдук берген учурда, ал кызмат ордунан убактылуу четтетилет (судьянын милдеттерин аткаруудан четтетилет).

  2. Судьяны кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга (айыпталуучу катары тартууга) макулдук берилген учурда, Судьялар кеңеши аны Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьясынын кызмат ордунан убактылуу четтетүү тууралуу сунушту кийин Жогорку Кеңешке киргизүү үчүн — Президентке, жергиликтүү сотгун судьясы боюнча сунушту Президенттин кароосуна киргизет.

  3. Судьяны кызмат ордунан убактылуу четтетүү судьянын эмгек акысын жана судьяны материалдык жана социалдык жактан камсыз кылуунун жана башка түрлөрүн токтото турууга алып келбейт.

  4. Кызматынан убактылуу четтетилген судья, эгерде аны кызмат ордунан убактылуу четтетүү жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн негиз болгон жагдайлар болбой калса, аны шайлаган же дайындаган орган тарабынан мурда ээлеген кызматына кайрадан коюлат (судьянын милдеттерин аткарууга киришти деп эсептелет).


29-берене. Судьянын ыйгарым укуктарын токтотуунун негиздери жана тартиби



  1. Судьянын ыйгарым укуктары курагынын чегине жеткендигине, ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн аякташына байланыштуу токтотулат.

  2. Судьянын ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулат:


1) отставкага кетүү тууралуу жазуу жүзүндө арыз бергенде;


2) өз каалоосу боюнча жазуу жүзүндө арыз бергенде;


3) ден соолугунун абалы боюнча судьянын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга медициналык комиссиянын корутундусу менен жөндөмсүздүгү ырасталганда;


4) Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьясы жергиликтүү соттун судьясы болуп дайындалганда; жергиликтүү соттун судьясы Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьясы болуп шайланганда;


5) сот адилеттигин жүзөгө ашыруу менен байланышпаган башка жумушка өткөндө;


6) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда же болбосо башка-мамлекеттин жарандыгын алганда;


7) судьянын эмгекке жарактуулугу чектелгенде же болбосо соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими менен ал эмгекке жараксыз деп таанылганда;


8) ал өлгөндө;


9) анын өлгөндүгү тууралуу соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими жарыяланганда;


10) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими менен ал дайынсыз жок деп таанылганда;


11) жергиликтүү соттун судьясы ушул конституциялык Мыйзамдын 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган негиздер боюнча башка жергиликтүү сотко которуудан баш тартканда;


12) ага медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чараларды колдонуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;


13) ага карата соттун айыптоочу өкүмү же болбосо реабилитациялабоочу негиздер боюнча кылмыш-жаза куугунтугун токтотуу жөнүндө токтом мыйзамдуу күчүнө киргенде;


14) судьяны кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндөгү тартип жазасы колдонулганда;


15) судьянын кызмат орду менен айкалышпаган иштер менен алектенгенде;


16) саясий партияларга мүчө болгондо, ал кайсы бир саясий партияны колдоп сөз сүйлөп чыкканда;


17) ал Президенттикке, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер катары катталганда;


18) Жогорку Кеңешке шайлоого катышып жаткан саясий партиянын катталган тизмесине киргенде.



  1. Судьянын ыйгарым укуктары ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган негиздер пайда болгон күндөн тартып Судьялар кеңешинин сунушу боюнча тиешелүү түрдө Президент же Жогорку Кеңеш тарабынан судьяны кызмат ордунан бошотуу жолу менен токтотулат. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 9, 10, 13-пункттарында каралган соттун чечимдери жокко чыгарылган учурда, жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктары — Президент тарабынан, ал эми Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьяларынын ыйгарым укуктары Жогорку Кеңеш тарабынан кайрадан калыбына келтирилет.

  2. Отставкага кетүү тууралуу жазуу жүзүндөгү арыз ал берилген күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде кайра чакыртылып алынышы мүмкүн.


30-берене. Судьянын отставкасы



  1. Судьянын кызмат ордунан кетиши судьянын отставкасы деп таанылат.

  2. Ар бир судья жаш курагына карабастан өз каалоосу боюнча отставкага кетүүгө укуктуу. Эгерде судья катары анын жүрүм-туруму кынтыксыз болуп саналса жана анын ыйгарым укуктары ушул конституциялык Мыйзамдын29-беренесинин1-бөлүгүндө, 2-бөлүгүнүн 1-3, 5, 11, 17 жана 18-пункттарында каралган негиздер боюнча токтотулган болсо, судья отставкага кетти деп эсептелет.

  3. Отставкага кеткен судья отставкадагы судьянын статусуна ээ болот. Отставкадагы судьянын статусун тастыктаган документ Судьялар кеңеши белгилеген тартипте берилет.

  4. Эгерде соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүндө билип туруп адилетсиз сот актысын чыгарууда судьянын күнөөлүү экени аныкталбаса гана, отставкада жүргөн судьяда отставкадагы судьянын наамы, судьялык коомдоштукка таандыктыгы, сот адилеттигин жүзөгө ашырууда ал айткан пикир жана сот тарабынан кабыл алынган чечим үчүн кол тийбестиктин кепилдиктери сакталып калат.

  5. Отставкадагы судьянын статусу отставкадагы судья Кыргыз Республикасынын жарандыгын сактап турганда жана аны жаманатты кылуучу жана ошонун өзү менен сот бийлигинин беделин төмөндөтүүчү кадамдарга барбаганга чейин сакталат.

  6. Судьянын отставкада болушунун тартиби жана аны токтотуу шарттары Судьялар кеңеши тарабынан бекитилет.


6-глава. Судьялардын жоопкерчилиги


31-берене. Судьялардын тартип жоопкерчилиги



  1. Судья тартип бузган жосун жасагандыгы үчүн тартип жоопкерчилигине тартылат.

  2. Судьянын өз кызматтык милдеттерин аткаруудагы же болбосо кызматтан тышкары иштериндеги айыптуу аракети же аракетсиздиги тартип жосуну деп таанылат, алар төмөнкүлөрдөн билинет:


1) сот адилеттигин жүзөгө ашырууда мыйзамдуулукту айкын жана одоно бузганда;


2) Кыргыз Республикасынын Судьясынын ар-намыс кодексин одоно бузганда;


3) кеңешүүчү бөлмөнүн сырын же ишти жабык сот жыйналышында кароо учурунда судьяга белгилүү болгон сырды ачыкка чыгарганда;


4) сот адилеттигин жүргүзүүдө же мыйзамда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда анын ишине кийлигишүүлөрдүн ар кандай түрлөрү, ошондой эле мыйзамда каралбаган ар кандай башка кийлигишүүлөр тууралуу Судьялар кеңешине мыйзамда белгиленген тартипте билдирбей койгондо;


5) өз мүлкүн, кирешелери менен чыгашаларын өз убагында декларациялабаганда жана бербегенде, мында ага билип туруп жалган маалыматтарды чагылдырганда;


6) эмгек тартибинин эрежелерин одоно бузганда, ал соттун ишинде терс натыйжаларга алып келгенде;


7) судьяга коюлуучу ушул конституциялык Мыйзамдын 7-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-6 жана 8-пункттарында каралган башка талаптарды одоно бузганда.



  1. Сот актысын төмөнкүдөй жокко чыгаруу же өзгөртүү мыйзамды одоно бузуунун айынан болгон учурларды кошпогондо, сот актысын жокко чыгаруу же өзгөртүү судьяны тартип жоопкерчилигине тартууга алып келбейт.

  2. Судьяны тартип бузган жосунду жасагандыгы үчүн тартип жоопкерчилигине тартуу төмөнкүдөй тартип жаза чараларынын бирин колдонууга алып келет:


1) алдын ала эскертүү;


2) эскертүү;


3) сөгүш берүү;


4) судьяны ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу.


Ар бир тартип жосуну үчүн тартип жосунунун мүнөзүн, аны жасаган жагдайларды жана кесепеттерин, тартип жосунун жасаган судьянын күнөөсүнүн формасын, ким экендигин, судьянын аракеттери (аракетсиздиги) аркылуу жеке (юридикалык) жактардын укуктары, эркиндиктери жана мыйзамдуу кызыкчылыктары канчалык даражада бузулгандыгын эске алуу менен бир гана тартип жазасы колдонулат.


Эгерде ушул берененин 5-бөлүгүнүн экинчи абзацында каралган тартип жазасы күчүндө турган мөөнөттүн ичинде, тиешелүү тартип жазасы колдонулгандан кийин судья жаңы тартип жосунун жасабаса, ал тартип жоопкерчилигине тартылган жок деп эсептелет.



  1. Судьяга алдын ала эскертүү судьянын аракеттерине (аракетсиздигине) карата оозеки сөгүш берүү, ал эми эскертүү жана сөгүш — судьянын аракеттерине (аракетсиздигине) карата жазуу жүзүндөгү сөгүш берүү аркылуу жасалат.


Алдын ала эскертүүнүн күчүнүн мөөнөтү — 6 айды, эскертүүнүкү — 9 айды, сөгүштүкү — 12 айды түзөт.


Алдын ала эскертүү, эскертүү же сөгүш колдонулган тиешелүү тартип жазасынын мөөнөтүнүн жарымы өткөндөн кийин Судьялар кеңеши тарабынан алып салынышы мүмкүн.



  1. Судьяны тартип жосунун жасагандыгы үчүн ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу өзгөчө учурларда, Судьялар кеңешинин чечими менен ырасталган кынтыксыздык талаптарын судья бузгандыгы үчүн тартип жазасынын эң катуу чарасы катары колдонулат.


Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн негиз боюнча Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьялары ээлеген кызмат ордунан Президенттин сунушу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен — Жогорку Кеңеш тарабынан, ал эми жергиликтүү соттордун судьялары Президент тарабынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.



  1. Судьяны ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндөгү тартип жоопкерчилигине тартуунун тартиби бузулган учурда Судьялар кеңешинин чечими сотко даттанылышы мүмкүн.


Судьяга карата тартип жазасынын башка түрлөрүн колдонуу жөнүндө Судьялар кеңешинин чечимдерине даттанылбайт.


Конституциялык соттун, Жогорку соттун жана жергиликтүү соттун судьясын мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Жогорку Кеңештин, Президенттин чечимдерине даттанылбайт.



  1. Судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө маселелерди кароо, аларга тартип жазасын колдонуу жана алып салуу тартиби «Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленет.


32-берене. Судьяны сот тартибинде колдонулуучу кылмыш-жаза жана башка жоопкерчиликке тартуунун тартиби



  1. Судьяны кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга Судьялар кеңешинин макулдугу менен жол берилет.

  2. Жетиштүү негиздер бар болгон учурда судьяны кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу үчүн Кылмыштардын бирдиктүү реестринде каттагандан кийин Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Судьялар кеңешине судьяны кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу жөнүндө сунуш киргизет, анда жазык ишинин жагдайлары жана судья шектелип жаткан кылмыш-жаза мыйзамынын беренеси көрсөтүлөт.

  3. Судьяны сот тартибинде колдонулуучу башка жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн Судьялар кеңешине сунуштаманы тиешелүү мамлекеттик орган киргизет.

  4. Кылмыштын же башка укук бузуунун курамынын квалификациясы аларды тергөөнүн жүрүшүндө судьянын абалын начарлатууга алып келиши мүмкүн болуучу өзгөртүүгө учураганда судьяны жоопкерчиликке тартууга ушул беренеде белгиленген тартипте жол берилет.

  5. Эгерде сунушта жүйө-далилдер судья судьялык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырып жатканда ээлеген позицияга негизделген болсо, Судьялар кеңеши судьяны сот тартибинде колдонулуучу кылмыш-жаза же администрациялык жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө сунушту канааттандыруудан баш тартат.

  6. Ошол эле негиздер боюнча Судьялар кеңеши мындай макулдук берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алган учурда судьяны сот тартибинде колдонулуучу кылмыш-жаза же башка жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө кайталап сунуш киргизүүгө жол берилбейт.

  7. Ыйгарым укуктары токтотулган судьялар судьянын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырып жаткан мезгилде жасаган жосундары үчүн ушул беренеде белгиленген тартипте кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат.

  8. Судьяны сот тартибинде салынуучу кылмыш-жаза же администрациялык жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө Судьялар кеңешинин чечимине даттанылбайт.


7-глава. Судьялардын статусунун социалдык кепилдиктери


33-берене. Судьяларды материалдык жактан камсыз кылуу



  1. Судьялар сот бийлигин каржылоо үчүн каралган республикалык бюджеттин каражаттарынан эмгек акы менен камсыз кылынат.


Судьялардын эмгегине акы төлөө шарттары Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Президент тарабынан аныкталат. Судьяларга эмгек акы төлөөнүн өлчөмү алар кызматта турган кезинде азайтылышы мүмкүн эмес.



  1. Турак жайга же аны жакшыртууга муктаж болгон судьяларга кызматтык турак жай берилет же турак жайды ижарага алууга байланыштуу чыгымдар компенсацияланат, же болбосо турак жай шартын жакшыртуу үчүн жетиштүү финансылык каражаттар сот системасынын бюджетинен бөлүнөт.


Судьяга кызматтык турак жай судья өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырып жаткан сот турган жерден берилет. Кызматтык турак жайдын аянтынын өлчөмү судьянын үй-бүлөсүнүн ар бир мүчөсүнө туура келүүчү турак жай аянтынын кеминде 20 чарчы метринен аз болбошу керек.


Кызматтык турак жай менчиктештирилбейт.


Жаш курагынын чегине жеткендиги боюнча ыйгарым укуктары токтотулган, кеминде 20 жылдык судьялык иш стажы бар жана кызматтык турак жайды ээлеп турган судья мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен өзүнчө квартира же үй түрүндө турак жай менен камсыз кылынат же ага жеке турак жай курууга көмөк көрсөтүлөт.


Турак жай менен камсыз кылуунун же жеке турак жай курууга көмөк көрсөтүүнүн тартиби Судьялар кеңешинин макулдугу менен Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.



  1. Судьяга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ден соолугун чыңдоо үчүн жөлөкпул төлөп берүү менен узактыгы 30 календардык күн болгон ар жылдык акы төлөнүүчү өргүү белгиленет.


Судьяга анын юридикалык кесип боюнча иш стажын эске алуу менен жыл сайын төмөнкүдөй акы төлөнүүчү кошумча өргүү берилет:


1) 5 жылдан 10 жылга чейин — 2 жумушчу күн;


2) 10 жылдан 15 жылга чейин — 4 жумушчу күн;


3) 15 жылдан 20 жылга чейин — 6 жумушчу күн;


4) 20 жылдан ашык — 8 жумушчу күн.


Аял судьяларга эмгек мыйзамдарына ылайык кош бойлуулук жана төрөт, ошондой эле бала багуу боюнча өргүү берилет.


Судьяга жазуу жүзүндөгү арызы боюнча эмгек мыйзамдарына ылайык эмгек акысын сактабастан өргүү берилиши мүмкүн.



  1. Судья акысыз формалык кийим (мантия) менен камсыз кылынат.


Формалык кийимдин (мантиянын) сыпатталышы, судьяларга формалык кийимди (мантияны) берүүнүн тартиби, аны кийип жүрүү мөөнөтү жана эсептен чыгаруу Судьялар кеңеши тарабынан бекитилет.


34-берене. Судьяны жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык жактан коргоо чаралары



  1. Судья мамлекеттин каражаттарынын эсебинен милдеттүү медициналык камсыздандырылууга тийиш. Ооруган учурда дарыланууга байланышкан чыгымдар мамлекеттин каражаттарынын эсебинен компенсацияланат. Медициналык маалымкат менен ырасталган судьянын ооруган мезгилинде анын орточо айлык эмгек акысы сакталат.


Мамлекеттин каражаттарынын эсебинен медициналык милдеттүү камсыздандыруунун жана судья ооруган мезгилде дарыланууга байланыштуу чыгымдарды компенсациялоонун тартиби Кыргыз Республикасынын министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.


Өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу судья анын андан ары кесиптик ишин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган мертинген же ден соолугуна башкача зыян келтирилген учурда мамлекеттик милдеттүү камсыздандыруу боюнча алган төлөмдөрдү кошпостон, ага эмгек акынын жана дайындалган пенсиянын ортосундагы айырма түрүндө ай сайын компенсация төлөнөт.



  1. Судьянын өмүрү республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен милдеттүү мамлекеттик камсыздандырылууга тийиш.


Судья өлгөн учурда, ошондой эле ушул конституциялык Мыйзамдын 29-беренесинин 2-бөлүгүнүн 9-пунктунда каралган негиздер боюнча судья ыйгарым укуктарын токтоткон учурда анын үй-бүлөсүнө судьялык иштеги ар бир толук жылы үчүн соңку кызмат орду боюнча орточо айлык эмгек акынын өлчөмүндө, бирок анын бир жылдык эмгек акысынан кем болбогон бир жолку жөлөкпул төлөнөт.



  1. Ушул конституциялык Мыйзамдын29-беренесинин2-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарына ылайык ыйгарым укуктары токтотулган адамдарга 20 жылдык жана андан ашык судьялык стажы бар болсо; ушул конституциялык Мыйзамдын 29-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3 жана 7-пункттарына ылайык; жаш курагынын чегине жеткендигине байланыштуу; 15 жыл жана андан ашык судьялык стажы болуу менен ыйгарым укуктарынын мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу судьялык иштин ар бир толук жылы үчүн акыркы кызмат орду боюнча төлөнгөн орточо бир айлык эмгек акынын өлчөмүндө, бирок анын бир жылдык эмгек акысынан кем эмес бир жолку жөлөкпул төлөнөт.


Мында ушул бөлүктүн биринчи абзацында саналып өткөн жана судья болуп кайрадан шайланган же дайындалган адамдарга мурда кызмат ордунан бошотулганда же судьянын ыйгарым укуктары токтотулганда бир жолку жөлөкпул алган учурда соңку шайланган же дайындалган учурдан тартып өткөн, судья болуп иштеген убактысы гана эсепке кирет.



  1. Пенсиялык куракка жеткен судьяларга мыйзамдарда каралган тартипте жана учурларда пенсия жалпы негиздерде төлөнөт.


Ушул берененин 3-бөлүгүндө саналган адамдарга, ошондой эле отставкадагы судьяларга дайындалган пенсияга үстөк акы төмөнкүдөй тартипте жана өлчөмдөрдө эсептелет:


1) судья катары 15 жылдан 20 жылга чейинки иш стажы болсо — дайындалган пенсиянын 1,5 эсе өлчөмдөгү үстөк акы;


2) судья катары 20 жылдан 25 жылга чейинки иш стажы болсо — дайындалган пенсиянын 2 эсе өлчөмдөгү үстөк акы;


3) судья катары 25 жылдык жана андан ашык иш стажы болсо — дайындалган пенсиянын 2,5 эсе өлчөмдөгү үстөк акы.



  1. Судьялык иштин стажын жана үстөк акы чегерүү үчүн пенсиянын өлчөмүн эсептөө судья ыйгарым укуктарын токтоткон же судья кызмат ордунан бошотулган учурдан тартып белгиленет.

  2. Жогорку соттун Конституциялык палатасынын, Конституциялык соттун судьялары болуп иштеген адамдарга пенсиясына үстөк акынын өлчөмү юридикалык кесип боюнча иш стажын эске алуу менен ушул берененин 4 жана 5-бөлүктөрүнө ылайык аныкталат.

  3. Ушул беренеде белгиленген үстөк акыларды төлөө Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду аркылуу республикалык бюджеттин каражаттарынан жүргүзүлөт.


35-берене. Судьяларды мамлекеттик коргоо



  1. Судьяларды мамлекеттик коргоо алардын кызматтык ишине байланыштуу өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө кол салуу коркунучу болгондо камсыз кылынат жана төмөнкүдөй коопсуздук чаралары көрүлөт:


1) жеке кайтаруу, турак жайын жана мүлкүн кайтаруу;


2) курал, жекече коргонуунун атайын каражаттарын берүү жана коркунуч жөнүндө кабарлоо;


3) коопсуз жерге убактылуу жайгаштыруу;


4) коргоого алынган судья жөнүндө маалыматтардын купуялыгын камсыз кылуу;


5) башка сотко которуу (ротациялоо), иштеген (кызмат кылган) жерин өзгөртүү жөнүндө сунуш кылуу;


6) жашоо үчүн башка жерге көчүрүү.



  1. Зарыл болгон учурда көрсөтүлгөн коопсуздук чаралары судьялардын жакын туугандарына карата да колдонулушу мүмкүн. Көрүлүп жаткан коопсуздук чаралары коргоого алынган адамдардын турак жайлык, эмгектик, пенсиялык жана башка укуктарын кысымга албоого тийиш.

  2. Коопсуздук чараларын колдонуу шарттары жана тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.


8-глава. Корутунду жоболор


36-берене. Ушул конституциялык Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби



  1. Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

  2. Ушул конституциялык Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:


1) «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 9-июлундагы № 141 конституциялык Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 605-ст.);


2) «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 19-январындагы № 6 конституциялык Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2010-ж., № 1; 6-ст.);


3) «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июнундагы № 41 конституциялык Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 6, 536-ст.);


4) «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтотуу тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 25-январындагы № 4 конституциялык Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 1, 1784-ст.);


5) «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 26-майындагы № 66 конституциялык Мыйзамынын 2 жана 3-беренелери (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 5, 2290-ст.);


6) «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 10-августундагы № 167 конституциялык Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2778-ст.);


7) «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 11-июлундагы № 130 конституциялык Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 916-ст.);


8) «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 26-июнундагы № 94 конституциялык Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 6, 491-ст.);


9) «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 7-июлундагы № 116 конституциялык Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 692-ст.);


10) «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 27-июлундагы № 149 конституциялык Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 7, 867-ст.);


11) «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 192 конституциялык Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 10, 1054-ст.);


12) «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 8-декабрындагы № 194 конституциялык Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 11, 1171-ст.);


13) «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 23-декабрындагы № 216 конституциялык Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 11, 1193-ст.);


14) «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын. 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 7-8, 750-ст.);


15) «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 31-мартындагы № 31 конституциялык Мыйзамы («Эркин Тоо» газетасы, 2020-жылдын 3-апрели, № 32);


16) «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 40 конституциялык Мыйзамы («Кыргыз Республикасынын ченемдик актылары», 2020-жылдын 25-майы, № 18-21);


17) «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 24-июнундагы № 76 конституциялык Мыйзамы («Эркин Тоо» газетасы, 2021-жылдын 29-июну, № 75).



  1. Сот органдарына жана судьялык өз алдынча башкаруу органдарына, Министрлер Кабинетине ушул конституциялык Мыйзамдан келип чыгуучу чараларды көрүү сунушталсын.

  2. Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирсин.










Кыргыз Республикасынын


         Президенти

 


С.Н. Жапаров










2021-жылдын 30-сентябрындаКыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...