KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө

22 ноября 2021

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ


2021-жылдын 15-ноябры № 137



Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө


Глава-1. Жалпы жоболор



1-берене. Жөнгө салуу предмети




  1. Ушул конституциялык Мыйзам Кыргыз РеспубликасынынСот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин статусун, түзүү тартибин, уюштурулушун жана иш-аракетин аныктайт.

  2. Кеңештин укуктук негизи, уюштурулушу, ыйгарым укуктары жана иш тартиби Кыргыз РеспубликасынынКонституциясында, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында (мындан ары — Судьялардын статусу жөнүндө конституциялык Мыйзам), ушул конституциялык Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат.

  3. Конституциялык мыйзамдарды кошпогондо, башка мыйзамдарда Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешти уюштуруунун жана ишинин маселелерин регламенттөөгө жол берилбейт.

  4. Башка конституциялык мыйзамдарда Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешти уюштуруунун жана ишинин маселелери регламенттелген учурда, алар ушул конституциялык Мыйзамга каршы келбеген бөлүгүндөколдонулат.



2-берене. Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши




  1. Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши (мындан ары — Кеңеш) Кыргыз Республикасынын Конституциясына (мындан ары Конституция) ылайык түзүлгөн, көз карандысыз коллегиялуу орган болуп саналат.

  2. Кеңештин негизги милдети Кыргыз РеспубликасынынКонституциялык сотунун (мындан ары — Конституциялык сот), Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун (мындан ары — Жогорку сот) жана жергиликтүү судьяларынын бош кызмат орундарына талапкерлерди тандоо, аларды дайындоого сунуштоо болуп саналат.



3-берене. Кеңештин иш принциптери



Кеңеш өз ишин көз карандысыздык, ачык-айкындуулук, коллегиялуулук жана объективдүүлүк принциптеринде жүзөгө ашырат.



4-берене. Кеңештин ыйгарым укуктары




  1. Кеңеш:


1) штаттык саны беш жана андан көп бирдикти түзгөн соттордо бир жыныстагы адамдардын жетимиш пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алуу менен Конституциялык соттун судьяларынын, Жогорку соттун судьяларынын жана жергиликтүү соттордун судьяларынын бош кызмат орундарына сынактык тандоо өткөрөт;


2) сынактык тандоонун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине (мындан ары — Президент) талапкерлерди киргизет:


а) Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьясынын бош кызмат ордуна сунуштоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине (мындан ары – Жогорку Кеңеш);


б) жергиликтүү соттун судьясынын бош кызмат ордуна дайындоо үчүн;


3) Кеңештин Регламентин бекитет;


4) Кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтото туруу, токтотуу жөнүндө чечим кабыл алат.



  1. Кеңеш ошондой эле судьялардын статусу жөнүндө конституциялык Мыйзамда, ушул конституциялык Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

  2. Кеңешөз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:


1) мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдардан жана алардын кызмат адамдарынан зарыл маалыматтарды, документтерди жана башка материалдарды суратууга жана алууга;


2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын оозеки түшүндүрмөлөрүн угууга жана жазуу жүзүндө суратып алууга;


3) өз жыйналыштарына мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарын, уюмдардын өкүлдөрүн, жарандарды чакырууга;


4) судьялардын кесипкөй ишинин сапатына баа берүүнү көрсөтүү талабы менен Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине (мындан ары — Судьялар кеңеши) кайрылууга.


Суралган документтердин жана материалдардын тизмеги Кеңештин Регламенти менен бекитилет.



5-берене. Кеңештин ишин уюштуруу, каржылоо, материалдык-техникалык, усулдук жагынан камсыз кылуу




  1. Кеңештин ишин уюштуруу, каржылоо, материалдык-техникалык жана усулдук жагынан камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти (мындан ары — Сот департаменти) жүзөгө ашырат.

  2. Сот бийлигинин, Президенттинжана Жогорку Кеңештин өкүлү болгон Кеңештин мүчөлөрү өз ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырат. Кеңеште иштөө убагында алар кызматтык милдеттерин аткаруудан бошотулат жана алардын негизги жумуш орду боюнча эмгек акылары сакталып турат.


Элдик Курултайдан жана юридикалык коомчулуктан шайланган Кеңештин мүчөлөрүнө аларды шайлаган, дайындаган учурдан тартып ай сайын материалдык сыйакы төлөнүп берилет.


Материалдык сыйакы төлөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары — Министрлер Кабинети) тарабынан аныкталган өлчөмдө Сот департаменти тарабынан республикалык бюджеттин каражаттарынан жүргүзүлөт.



  1. Кеңештин региондордон келген мүчөлөрүнө Министрлер Кабинетитарабынан аныкталган тартипте транспорттук чыгымдарынын орду толтурулат жана иш-сапар чыгымдары төлөнүп берилет.

  2. Кеңештин ишин уюштуруу, каржылоо, материалдык-техникалык жана усулдук жагынан камсыз кылуу республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен өзүнчө сап менен жүргүзүлөт.

  3. Кеңешти материалдык-техникалык жана усулдук жактан камсыз кылууну жакшыртуу максатында эл аралык уюмдардын гранттык каражаттары тартылышы мүмкүн.



2-глава. Кеңештин курамы жана аны түзүү тартиби, Кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу, токтото туруу



6-берене. Кеңештин курамы




  1. Кеңеш 12 мүчөдөн турат.


Кеңеш өз курамынын үчтөн экисинен кем эмесин түзгөн судьялардан түзүлөт, үчтөн бирин Президенттин, Жогорку Кеңештин, Элдик Курултайдын жана юридикалык коомчулуктун өкүлдөрү түзөт.



  1. Кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген күндөн тартып 3 жылды түзөт.

  2. Кеңештин мүчөсү ушул конституциялык Мыйзамда каралган негиздер боюнча анын курамынан чыккан учурда, Кеңештин жаңы мүчөсү Кеңештин курамынын ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө бош орун түзүлгөн учурдан тартып бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен, Кеңештин мүчөсүн шайлоо жол-жобосуна ылайык Жогорку Кеңешке сунушталууга тийиш. Кеңештин жаңы мүчөсүтиешелүүлүгүнө жараша Судьялар кеңеши тарабынан шайланат, Президент тарабынан дайындалат, Жогорку Кеңеш, Элдик Курултай, юридикалык коомчулук тарабынан шайланат.

  3. Бир эле адам катары менен эки мөөнөттөн ашык Кеңешке мүчөболо албайт.

  4. Кеңешке талапкерлерди көрсөтүү жана жаңы курамын түзүү Кеңештин иштеп жаткан курамынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин эки ай калганда башталат.



7-берене. Кеңештин мүчөлүгүнө талапкерлерге карата коюлуучу талаптар




  1. Кеңештин курамына сунушталуучу адамдар:


1) 40 жаштан жаш эмес курактагы Кыргыз Республикасынын жараны болууга тийиш;


2) кынтыксыз абройго, коомдо сый-урматка ээ болууга тийиш;


3) чет мамлекеттин жараны болбоого тийиш;


4) кайсыдыр бир саясий партияда турбоого тийиш;


5) соттолгондугу, анын ичинде соттолгондугу алып салынгандыгы же жоюлгандыгы жок болууга тийиш.


Кылмыш жасоого шектелген же айыпталган, же болбосо реабилитацияланбоочу негиздер боюнча кылмыштык куугунтуктоосу кыскартылган адам Кеңештин мүчөсү боло албайт.



  1. Судьялар кеңеши тарабынан көрсөтүлгөн, 5 жылдан кем эмес судьялык иш стажы бар судья Кеңештин мүчөсү боло алат.


Конституциялык соттун, Жогорку соттун, жергиликтүү соттордун төрагалары жана алардын орун басарлары, ошондой эле Судьялар кеңешинин курамына кирген судьялар Кеңештин курамына кире албайт.



  1. Юридикалык коомчулуктан 40 жашка чыккан, юридикалык жогорку билими жана юридикалык кесиби боюнча 15 жылдан кем эмес иш стажы бар жана мамлекеттик же муниципалдык кызматта турбаган адам Кеңештин мүчесү боло алат.


Кеңештин мүчөлөрү сотто тараптардын өкүлү жана адвокат катары катышууга укуксуз.



  1. Төмөнкү адамдар Кеңештин мүчөлөрү боло албайт:


1) кынтыксыз эмес жүрүм-турумуна байланыштуу мурда Кыргыз Республикасынын судьясы кызматынан бошотулган;


2) укук коргоо органынын же прокуратура органынын кызматкеринин наамын жаманатты кылганына байланыштуу укук коргоо органдарынан же прокуратура органдарынан бошотулган же адвокаттык же нотариалдык иш жүргүзүү укугун берүүчү лицензиясынан ажыратылган;


3) аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген;


4) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында же мамлекеттин үлүшү 50 жана андан ашык пайызды түзгөн ишканалардын, уюмдардын башкаруу органдарында иштегендер;


5) укук коргоо органдарында же прокуратура органдарында кызматта тургандар, ошондой эле бул органдардын кадрларынын тескөөсүндө болгондор;


6) Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинде тургандар.



8-берене. Кеңешти түзүү тартиби




  1. Кеңеш бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алуу менен түзүлөт.

  2. Судьялар кеңеши Судьялар кеңешинин Регламентинде каралган тартипте Кеңештин курамына 8 судьяны шайлайт.

  3. Президент Кеңештин курамына бир өкүлдү дайындайт.

  4. Жогорку Кеңеш «Кыргыз Республикасынын Жогорку КеңешининРегламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында (мындан ары — Жогорку Кеңештин Регламенти) каралган тартипте Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен Кеңештин курамына бир өкүлдү шайлайт.

  5. Элдик Курултай Элдик Курултайдын Регламентинде каралган тартипте Кеңештин курамына бир өкүлдү шайлайт.

  6. Юридикалык коомчулуктун өкүлдөрүнүн ичинен талапкерлер Кеңештин курамына талапкерлерди көрсөтүүжөнүндө жарыяланган күнгө карата бирикме катары иш жүзүндө 5 жылдан кем эмес иш алып барган юристтердин коомдук бирикмелеринин уставдык органдары тарабынан шайланат.


Юристтердин коомдук бирикмеси Кеңештин курамына 4 талапкерге чейин көрсөтүүгө укуктуу. Коомдук бирикменин уюштуруу документтерине ылайык жол- жоболоштурулган тиешелүү чечими коомдук бирикменин каттоо алгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү менен бирге Жогорку Кеңешке жиберилет.



  1. Жогорку Кеңеш юридикалык коомчулуктун бир өкүлүн Жогорку КеңештинРегламентиндекаралган тартипте Кеңешке шайлайт.

  2. Кеңештин курамы Жогорку КеңештинРегламентиндекаралган тартипте Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилет.



9-берене. Кеңештин биринчи жыйналышы




  1. Кеңештин мүчөлөрү Кеңештин курамынын кеминде үчтөн экисин Жогорку Кеңеш бекиткен күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен биринчи жыйналышка чогулат.

  2. Биринчи жыйналышты Кеңештин жашы боюнча улуу мүчөсү алып барат.

  3. Сот департаменти Кеңештин жашы улуу мүчөсүнө Кеңештин биринчи жыйналышын өткөрүү күнүн, ордун жана убактысын аныктоо зарылчылыгы жөнүндө билдирет жана аны уюштуруу боюнча чараларды көрөт.

  4. Кеңештин биринчи жыйналышында:


1) төрагалык кылуучу Кеңештин мүчөлөрүн тааныштырат;


2) Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен курамында Кеңештин 3 мүчөсү болгон эсептөө комиссиясы ачык добуш берүү менен шайланат;


3) Кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо өткөрүлөт.



10-берене. Кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоонун тартиби жана алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү




  1. Кеңеш Кеңештин төрагасын жана анын орун басарын жашыруун добуш берүү менен бир жылдык мөөнөткө Кеңештин мүчөлөрүнүн ичинен шайлайт. Мында Кеңештин төрагасы судьялардын ичинен шайланат. Президенттен жана Жогорку Кеңештен Кеңештин мүчөлөрү Кеңештин төрагасынын орун басарлары боло алышпайт.


Бир эле адам катары менен эки мөөнөткө Кеңештин төрагасы, төраганын орун басары болуп шайлана албайт.



  1. Төраганын, төраганын орун басарынын кызмат ордуна талапкерлер Кеңештин мүчөлөрү тарабынан, же болбосоөзүн-өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлөт.

  2. Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан көбүнүн добушун алган талапкер Кеңештин шайланган төрагасы, төраганын орун басары болуп эсептелет.

  3. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири да шайлануу үчүн талап кылынган добуштардын санын албай калган учурда, көбүрөөк добуш алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт.

  4. Эгерде экинчи турда талапкер Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан көбүнүн добушун ала албаса, жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен жаңы шайлоо өткөрүлөт.

  5. Эгерде биринчи турда талапкерлер добуштардын бирдей санын алган учурда, жаңы шайлоо өткөрүлөт.

  6. Кеңештин төрагасын, төраганын орун басарын шайлоо Кеңештин кийинки жыйналышына калтырылышы мүмкүн эмес.

  7. Кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо Кеңештин чечими менен жол-жоболоштурулат.

  8. Кеңештин төрагасынын, төраганын орун басарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү ал шайланган күндөн тартып башталат жана жаңы төрага, төраганын орун басары тиешелүү айдагы жана шайланган күндөн мурунку күнү токтотулат.

  9. Кеңештин жаңы төрагасын, төраганын орун басарын шайлоо иштеп жаткан төраганын, төраганын орун басарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн акыркы айында жүргүзүлөт. Эгерде Кеңештин жаңы төрагасын, төраганын орун басарын шайлоо ушул беренеде белгиленген мөөнөттө өткөрүлбөй калган учурда, Кеңештин иштеп жаткан төрагасы, төраганын орун басары Кеңештин жаңы төрагасы, төраганын орун басары шайланганга чейинөз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууну уланта беришет.

  10. Кеңештин төрагасы, төраганын орун басары ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда, бош кызмат ордун ээлөөушул беренеде каралган шайлануу тартибине ылайык жүзөгө ашырылат.

  11. Кеңештин төрагасын, төраганын орун басарын шайлоо боюнча Кеңештин жыйналышы Кеңештин жалпы курамынын үчтөн экисинен кем эмеси болгондо гана ыйгарым укуктуу болуп эсептелет.



11-берене. Кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу, токтото туруу




  1. Кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда токтотулат:


1) ал бекитилген мөөнөт аяктаганда;


2) өз каалоосу боюнча ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө арыз бергенде;


3) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде;


4) Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулганда;


5) реабилитацияланбоочу негиздер боюнча кылмыш иши токтотулганда;


6) ага карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргенде;


7) аны аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү же аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө соттун чечими күчүнө киргенде;


8) ал өлгөндө же аны өлдү деп жарыялоо тууралуу соттун чечими күчүнө киргенде;


9) аны дайынсыз жоголду деп таануу жөнүндө соттун чечими күчүнө киргенде;


10) жүйөлүү себепсиз Кеңештин кезектеги жыйналыштарына катары менен беш жолу келбегенде (ырастоочу документтер болгондо, дарыланууда, өргүүдө, иш-сапарында же окууда болуу жүйөлүү себептер болуп эсептелинет);


11) ушул Мыйзамда каралган учурда өзүнүн баш тартуусун билдирбегенде;


12) Кыргыз Республикасынын судьясынын кызматынан бошотулганда;


13) Судьялар кеңешинин мүчөсү болуп шайланганда;


14) Кеңештин мүчөлөрү Элдик Курултайдын, юридикалык коомчулуктун өкүлдөрүнүн ичинен мамлекеттик же муниципалдык кызматка киргенде;


15) анын чет мамлекеттин жараны болгону аныкталганда;


16) адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензиясынан ажыратылганда;


17) саясий партияга таандыктыгы аныкталганда;


18) судьянын кынтыксыз эмес аброю жөнүндө фактылар белгиленгенде;


19) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында же мамлекеттин үлүшү 50 жана андан көп пайыздан ашкан ишканалардын, уюмдардын башкаруу органдарында иштеген фактысы аныкталганда;


20) Кеңештин курамына талапкерлерге ушул конституциялык Мыйзамда коюлуучу талаптарга ылайык келбеген факты аныкталганда;


21) укук коргоо органдарында же прокуратура органдарында кызмат өтөө жана бул органдардын кадрларынын тескөөсүндө болуу фактысы аныкталганда;


22) укук коргоо органынын же прокуратура органынын кызматкеринин наамын жаманатты кылгандыгына байланыштуу укук коргоо органдарынан же прокуратура органдарынан бошотулган фактысы белгиленгенде;


23) сотто тараптардын өкүлү, же болбосо адвокат катары катышуу фактысы белгиленгенде;


24) Кыргыз Республикасынын судьяларына таасир этүү фактысы аныкталганда;


25) Конституциялык соттун, Жогорку соттун жана жергиликтүү соттун судьясынын кызмат ордуна сынактык тандоого катышуу үчүн арыз берилген учурда.



  1. Кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары, аны кылмыш жоопкерчилигине тарткан учурда, Кеңештин чечими менен токтотулуп турат.

  2. Кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3 — 25-пунктуларында каралган негиздер боюнча Кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу үчүн негиз болуп саналган жагдайларды тастыктоочу тиешелүү мамлекеттик органдардан маалымат Кеңеш тарабынан алынган күндөн тартып Кеңештин чечими менен токтотулат.



3-глава. Кеңештин төрагасынын, Кеңештин төрагасынын орун басарынын, Кеңештин мүчөсүнүн жана Кеңештин катчысынын ыйгарым укуктары



12-берене. Кеңештин төрагасынын жана төраганын орун басарынын ыйгарым укуктары




  1. Кеңештин төрагасы:


1) Кеңештин ишин уюштурат, ошондой эле мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка уюмдар менен өз ара мамилелерде Кеңештин атынан чыгат;


2) жыйналыштарды чакырат, Кеңештин жыйналыштарында кароо үчүн киргизилүүчү маселелерди аныктайт, баяндамачыларды аныктайт;


3) Кеңештин жыйналыштарына төрагалык кылат;


4) Кеңешке берилген материалдарды текшерүүнү уюштурат;


5) Кеңештин жыйналыштар залында коомдук тартипти бузган адамдарды сыртка чыгартат;


6) Кеңештин ишинин жыйынтыктарын жалпылоону уюштурат жана анын ишин уюштурууну жакшыртууга багытталган чараларды көрөт;


7) ушул конституциялык Мыйзамда каралган учурларда Кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө жана Кеңештин жаңы мүчөсүн Кеңештин курамына дайындоонун, шайлоонун зарылдыгы жөнүндө Президентке, Жогорку Кеңешке, Судьялар кеңешине, Элдик Курултайга, юридикалык коомчулукка маалымдайт;


8) бул бөлүмдүн кызматкерлерине карата сыйлоо же болбосо тартиптик таасир этүү чараларын колдонуу тууралуу чечим кабыл алуу үчүн Сот департаментинин жетекчилигине Кеңештин ишин уюштуруу, каржылоо, материалдык-техникалык жана усулдук жагынан камсыз кылууну камсыздоочу бөлүмүнүн иши жөнүндө маалымдайт.



  1. Кеңештин төрагасы болбогон мезгилде, анын ыйгарым укуктарын орун басары аткарат.



13-берене. Кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары




  1. Кеңештин мүчөсү:


1) Кеңештин жыйналыштарына катышат;


2) Кеңештин кароосуна берилген материалдар менен таанышат;


3) материалдарды иликтөөгө жана текшерүүгө катышат;


4) каралып жаткан маселелер боюнча жүйөлөштүрүлгөн жана негизделген сунуштарды киргизет;


5) добуш берүү жолу менен чечимдерди кабыл алууга катышат;


6) Кеңештин чечимдерине кол коёт;


7) өзгөчө пикирин киргизет. Өзгөчө пикир ар бир талапкер боюнча материалдарга тиркелет;


8) Кеңештин төрагасы жана анын орун басары болбогон учурда, Кеңештин төрагасынын чечиминин же Кеңештин чечиминин негизинде Кеңештин жыйналышына төрагалык кылат.



  1. Кеңештин мүчөсү төмөнкүлөргөмилдеттүү:


1) Кеңештин жыйналыштарына катышууга;


2) Кеңештин компетенциясына кирген маселелерди кароодо калыс жана объективдүү болууга;


3) ага жүктөлгөн ыйгарым укуктарын аткарууда өзүнө белгилүү болуп калган судьялардын жана судьялыкка талапкерлердин жеке турмушу жөнүндө маалыматтардын купуялуулугун сактоого;


4) эгерде ага карата чечим кабыл алынып жаткан адамга жубайы, жакын тууганы болуп саналса, Кеңештин жыйналышынын күн тартибине киргизилген маселени кароодо өзүн алып салууну билдирүүгө.


14-берене. Кеңештин катчысы



  1. Кеңештин катчысынын функциялары Сот департаментинин жооптуу кызматкерине жүктөлөт.

  2. Кеңештин катчысы:


1) Кеңештин иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштурат;


2) Кеңештин жыйналышын даярдоону камсыз кылат;


3) Кеңештин жыйналышын өткөрүү күнү, убактысы жана орду жөнүндө Кеңештин мүчөлөрүнө, жалпыга маалымдоо каражаттарына кабарлайт;


4) Кеңештин кезектеги жыйналышынын күн тартибин Кеңештин мүчөлөрүнө жеткирүүнү камсыз кылат;


5) судьянын бош кызмат ордун ээлөөгө ниеттенген талапкерлер боюнча добуш берүүнү даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылат;


6) Кеңештин жыйналышынын протоколун жүргүзөт;


7) кызыкдар жактарга чечимдердин көчүрмөлөрүн жөнөтүүнү камсыз кылат;


8) Конституциялык соттун, Жогорку соттун жана жергиликтүү соттун судьяларынын бош кызмат орундарын ээлөөгө сынак өткөрүү жөнүндө жарыяны мамлекеттик басма сөз органына жана Кеңештин расмий сайтына жайгаштырат;


9) Кеңештин төрагасынын тескемеси боюнча Кеңештин компетенциясына таандык болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.



4-глава. Кеңештин жыйналыштарын өткөрүү тартиби



15-берене. Кеңештин жыйналыштары




  1. Кеңештин жыйналыштары зарылдыгына жарашаөткөрүлөт.

  2. Кеңештин жыйналышын өткөрүү күнү, убактысы жана орду Кеңештин төрагасы тарабынан белгиленет.

  3. Кеңештин жыйналышын өткөрүү убактысы жөнүндө анын мүчөлөрү, өзүнө карата маселе каралып жаткан адамдар, жалпыга маалымдоо каражаттары аны өткөрүүгө чейин беш календардык күн калгандан кечиктирбестен катчы тарабынан кабарландырылат.


Бештен кем эмес сандагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын тизмеги Кеңештин чечими менен бекитилет.



  1. Кеңештин жыйналышында протокол түзүлөт.

  2. Кеңештин жетекчи курамын тандоо, Кеңештин ишин регламенттөөчү документтерди бекитүү, финансылык жана материалдык-техникалык камсыз кылуу, конкурстук тандоо маселелери боюнча Кеңештин жыйналышы Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын төрттөн үчүнөн кем эмеси катышканда укук ченемдүү болуп саналат.


Калган учурларда Кеңештин жыйналышы Кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүгү катышканда укук ченемдүү болуп саналат. Кеңештин жыйналыштары аудиожазууларды жана видеотартууларды гана жүргүзүү менен ачык өткөрүлөт.



16-берене. Кеңештин жыйналышын өткөрүү тартиби




  1. Кеңештин жыйналышында чечиле турган маселелерди кароо төрагалык кылуучунун же Кеңештин мүчөсүнүн баяндамасы менен башталат.

  2. Кеңештин жыйналышында материалдарды кароо тиешелүү кызматтарды ээлөөгө ниеттенген адамдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана башка кызыкдар ар кандай адамдардын катышуусу менен ачык өткөрүлөт.


Жыйналышты өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай кабарландырылган, тиешелүү кызматты ээлөөгө ниеттенген адамдын катышпагандыгы башка талапкерлерге карата маселени маңызы боюнча кароо үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.



  1. Кеңештин жыйналыштары милдеттүү түрдө видеожазылууга жана видеотартылууга тийиш. Аудиожазууларды жана видеотартууларды сактоо, аларга кирүү жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу Сот департаментине жүктөлөт.



17-берене. Катышпай коюу жана өзүнүн катышуудан баш тартуусу




  1. Эгерде маселени кароого өзү катышпай турган жагдайлар түзүлсө, же өзүнүн калыстыгынан күмөн санатуучу башка жагдайлар болсо, Кеңештин мүчөсү маселени кароого катыша албайт жана катышуудан баш тартууга тийиш.

  2. Катышпай коюу ага тиешелүү маселе каралып жаткан адам тарабынан билдирилиши мүмкүн. Катышпай коюунун негиздери жазуу жүзүндө баяндалат.

  3. Кеңештин мүчөсүн катыштырбай коюу жөнүндө чечим жыйналышка катышкан Кеңештин жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

  4. Эгерде ага карата чечим кабыл алынып жаткан адамга жубай, жакын тууган болуп саналган учурда, Кеңештин мүчөсү маселени кароого катыша албайт жана өзүнүн катышпай тургандыгын билдирүүгө милдеттүү.

  5. Ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайлар болгондо, өзүнүн катышпай турганын билдирбеген учурда Кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары токтотулат.



18-берене. Конституциялык соттун, Жогорку соттун жана жергиликтүү coттун судьяларынын бош кызмат ордун ээлөөгө сынак жарыялоо




  1. Конституциялык соттун, Жогорку соттун жана жергиликтүү соттун судьясынын бош кызмат ордун ээлөөгө талапкерлерди тандоо сынактык негизде жүзөгөашырылат.

  2. Кеңеш Конституциялык соттун, Жогорку соттун жана жергиликтүү соттун судьясынын бош кызмат ордунун пайда болушу жөнүндө мамлекеттик басма сөз органында, ошондой эле Кеңештин расмий сайтында жарыялайт.

  3. Бош кызмат ордунун пайда болушу жөнүндө жарыяда судьялык бош кызмат ордуна талапкерлерденарыздарды кабыл алуучу жер, арызга тиркелүүчү документтердин тизмеги, ошондой эле документтерди тапшыруу мөөнөтү көрсөтүлөт.

  4. Судьянын бош кызмат ордуна сынакка Кыргыз РеспубликасынынКонституциясынын жана Судьялардын статусу жөнүндө конституциялык Мыйзамдын талаптарына жооп берген адамдар катыша алат.

  5. Конституциялык соттун, Жогорку соттун жана жергиликтүү соттун судьясынын бош кызмат ордун ээлөөгөталапкердин Кеңештин дарегине арызы жана документтери талапкердин жеке өзү тарабынан же почта аркылуу Сот департаментине берилет. Судьянын бош кызмат ордун ээлөөгө ниеттенген иштеп жаткан судьялардын документтери судьялардын статусу жөнүндө конституциялык Мыйзамда аныкталган тартипте берилет.

  6. Толук эмес көлөмдө же судьялардын статусу жөнүндө конституциялык Мыйзамда белгиленген талаптарды сактабастан, белгиленген мөөнөтөн кийин келип түшкөн документтер, кайтарып берүүнүн себептерин көрсөтүү менен талапкерге Кеңештин чечиминин негизинде кайтарылып берилет.

  7. Талапкерлердин акыркы тизмеси мамлекеттик басма сөз органында жана Кеңештин расмий сайтында, ошондой эле ушул Мыйзамдын15-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жалпыга маалымдоо каражаттарынын тизмегинде жарыяланат.



19-берене. Судьянын кызмат ордуна сынак



Конституциялык соттун, Жогорку соттун жана жергиликтүү соттун судьясынын бош кызмат ордуна көрсөтүү (дайындоо) тууралуу сунуш сынактык тандоонун натыйжалары боюнча берилет, аны өткөрүү тартиби судьялардын статусу жөнүндө конституциялык Мыйзамда аныкталат.



20-берене. Кеңештин чечимдери




  1. Кеңештин чечимдери ачык добуш берүү аркылуу Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

  2. Кеңештин мүчөлөрү добуш берүүдө калыс калууга укуксуз.

  3. Кабыл алынган чечимге макул болбогон учурда, Кеңештин мүчөсү өзгөчө ой-пикирин жазуу жүзүндө баяндоого укуктуу, ал Кеңештин жыйналышынын протоколуна тиркелет.

  4. Добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча Кеңеш чечим кабыл алат, анда чечим чыгарылган күнү жана орду, маселени караган Кеңештин курамы камтылууга тийиш. Чечимге төрагалык кылуучу жана Кеңештин жыйналышка катышкан мүчөлөрү тарабынан кол коюлат.

  5. Кеңештин чечими каралган маселе кабыл алынгандан кийин тиешелүү болгон адамдардын катышуусунда түздөн-түз жарыяланат. Адамдын катышпай калганы чечимди жарыялоо үчүн тоскоолдук болуп саналбайт. Кеңеш кабыл алынган чечимдин резолюциялык бөлүгүн гана жарыялоого укуктуу. Чечимдин резолюциялык бөлүгү жарыяланган учурда анын толук тексти үч күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен даярдалат.

  6. Кызыкдар адамдар чечим ал кабыл алынгандан кийин анын көчүрмөсүн беш күндүн ичинде алууга укуктуу.

  7. Конкурстук тандоонун жыйынтыктары боюнча Кеңештин чечими чечим кабыл алынган учурдан тартып үч күндөн кечиктирилбестен милдеттүү түрдө жалпыга маалымдоо каражаттарына жана Кеңештин расмий сайтында жарыяланууга тийиш.

  8. Кеңештин чечимдери Кеңеш тарабынан конкурстук тандоонун жол-жоболору бузулган учурда гана талапкер тарабынан биринчи инстанциядагы сотко даттанылышы мүмкүн, анын чечими угузулган учурдан тартып күчүнө кирет. Биринчи инстанциядагы соттун чечими Жогорку сотко даттанылышы мүмкүн. Жогорку соттун соттук актысы акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт.


Даттануулар Кеңештин чечимин алган учурдан тартып үч жумушчу күндөн кечиктирилбестен берилет.


Сотко келип түшкөн даттануулар келип түшкөн учурдан тартып үч күндүк мөөнөттө каралууга жатат. Эгерде даттанууларда камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылса, алар боюнча чечимдер беш күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен

кабыл алынат. Соттун чечими арыз берүүчүгө токтоосуз тапшырылат.


Сот даттануунун негиздүүлүгүн белгилөө менен, талаш чечимди мыйзамсыз деп тааныйт жана Кеңештин чечимин жокко чыгарат, же болбосо эгерде Кеңештин талаш чечиминин мыйзамдуу экенин белгилесе, даттанууну канааттандыруудан баш тартылат.


Даттанууларды берүү мөөнөттөрү кайра калыбына келтирүүгө жатпайт. Көрсөтүлгөн мөөнөттөр өткөндөн кийин даттануулар кабыл алынбайт.



21-берене. Судьянын кызмат ордуна сунуштоо жана дайындоо жөнүндө Кеңештин сунушу




  1. Кеңеш конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча Президентке сунуш киргизет:


1) Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьясынын кызмат ордуна шайлоо үчүн Жогорку Кеңешке сунуштама киргизүү жөнүндө; 2) жергиликтүү соттун судьясынын кызмат ордуна дайындоо жөнүндө.



  1. Судьялардын кызмат ордуна талапкерлер боюнча Кеңеш тарабынан киргизилген сунуштарды Президент жана Жогорку Кеңеш тарабынан кароонун тартиби судьялардын статусужөнүндө конституциялык Мыйзамда аныкталат.



5-глава. Корутунду жоболор



22-берене. Ушул конституциялык Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби




  1. Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

  2. Ушул конституциялык Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартыптөмөндөгүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:


1) «Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июнундагы № 40 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 6, 535-ст.);


2) «Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 27 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кецешинин Жарчысы, 2012-ж., № 4, 2108-ст.);


3) «Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 26-июнундагы № 95 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 6, 492-ст.);


4) «Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-июлундагы № 155 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 7, 873-ст.);


5) «Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы № 149 Мыйзамынын 4-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 7-8, 751-ст.);


6) «Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 27-июнундагы № 77 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 6, 348-ст.);


7) «Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 31-мартындагы № 32 Мыйзамы («Эркин-Тоо» гезити, 2020-жылдын 3-апрели, № 32).



  1. Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши «Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынын6-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамы түзүлгөнгө чейин өз ыйгарым укуктарын сактайт.










Кыргыз Республикасынын


Президенти

 


С.Н.Жапаров



Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...