KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Кыргыз Республикасынын судьясынын ар-намыс кодекси

21 мая 2019

Адамдын укуктарын жана эркиндиктерин соттук коргоо объективдүүлүк жана калыстык башталыштарында соттук адилетүүлүктүжүзөгө ашыруучу компетенттүү жана көз каранды эмес сот тарабынан гана камсыздалышы мүмкүн. Ар бир судья кесиптик этика эрежелерин сактоого, чынчылдык жана ак ниеттик менен өз милдеттерин аткарууга, өзүнүн жекеар-намысыменен кадыр-баркын,жана сот бийлигинин кадыр-баркы мененаброюн сактоо жөнүндөтийиштүү кам көрүүгө милдеттүү.


Судьялар, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын сот тутуму жана судьяларынын статусу жөнүндөгү мыйзамдарга, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине негизделип, сот бийлигине жана сот адилеттүүлүгүнүн сапатына карата ишенимдин негизи катары судьялардын жүрүм-турум этикалык стандарттарын, ченемдерин белгилөө максатында Кыргыз Республикасынын судьяларынын Ар-намыс кодексин кабыл алышат.


1-глава. Жалпы жоболор


1-статья. Ушул Кодекс менен жөнгө салына турган мамилелер


Кыргыз Республикасынын судьяларынын Ар-намыс кодекси (мындан ары – Кодекс) судьянын кесиптик жана кызматтан (соттон) тышкаркы ишмердигиндеги жүрүм-турумунун этикалык ченемдерин белгилейт.


 2-статья. Ушул Кодекстин колдонулуш чөйрөсү


Ушул Кодекс Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына, “Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына, жана эл аралык укуктардын ченемдерине ылайык иштелип чыгарылган.


Ушул Кодекстин колдонулушу, ээлеген кызмат ордунан көз карандысыз бардык судьяларга, анын ичинде отставкадагы судьяларга да таркатылат.


Ушул Кодекс менен соттук этиканын кандайдыр бир маселеси жонго салынбаган учурда, судья өзүнүн жүрүм-турумунда коомдогу нравалык-этикалык жүрүм-турумдун жалпыга бирдей кабыл алынган принциптерин, ошондой эле сот адилеттүүлүгүнүн жана судьялардын жүрүм-турум чөйрөсүндөгү эл аралык стандарттарын карманууга тийиш.


Эгерде судьяларда кесиптик жана кызматтан (соттон) тышкаркы ишмердиктеги этикалык ченемдерди жана эрежелерди сактоо боюнча суроолор пайда боло турган болсо, ал Кыргыз Республикасынын  Судьялар кеңешинин (мындан ары – Судьялар кеңеши) комиссиясына суроо менен кайрылууга укуктуу.


3-статья. Ушул Кодексте колдонула турган негизги түшүнүктөр


Ушул Кодексте төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:


жакын адамдар – жубайы, ата-энелери, балдары, анын ичинде асырап алынган балдары, бир тууган ага-инилери жана эже-сиңдилери, ошондой эле багууда же толук көзөмөлүндө болушкан башка адамдар;


судьянын жубайы – катталган никеде турган адам;


судья – Кыргыз Республикасынын судьясы кызматын ээлеген адам, ошондой эле отставкада жүргөн судья;


тартип бузуу жоругу – судьянын, кылмыштуу болбогон, бирок “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын талаптарына, ушул Кодекстин жоболоруна шайкеш келбеген күнөөлүү аракети же аракетсиздиги;


судьянын тартип жоопкерчилиги – судьяга карата тартип бузуу жорукту жасагандыгы үчүн тартиптик таасир кылуу (жазалоо) чараларын колдонуу;


кызыкчылыктардын кагылышуусу – адамдардын коомдук-укуктук милдеттери менен өздүк (жеке) кызыкчылыктарынын ортосундагы кагылышуу, мында алардын өздүк (жеке) кызыкчылыктары алардын кызматтык милдеттерди аткаруусуна таасир көрсөтөт же таасир көрсөтүшү мүмкүн, бул жарандардын, уюмдардын же мамлекеттин укуктарын жана кызыкчылыктарын бузууга алып келет же алып келиши мүмкүн;


өздүк (жеке) кызыкчылык (таламдаштык) — өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруунун натыйжасында өзү жана/же жакын адамдары үчүн алууга умтулган материалдык жана/же башка пайда, ошондой эле артыкчылык;


процессуалдыктан тышкаркы кайрылуу – судьянын конкреттүү иштер боюнча сот тарабынан чечиле турган талаш-тартыштардын маңызы менен байланышпаган маселелер боюнча судьянын аракетине же аракетсиздигине карата даттануу.


2-глава. Судьянын кесиптик ишмердиги


4-статья. Көз карандысыздык принциби


Сот бийлигинин көз карандысыздыгы сот адилеттүүлүгүн жүзөгө ашырууда укук үстөмдүгүн камсыздоонун конституциялык принциби, калыстыктын шарты жана акыйкат соттук териштирүүнүн негизги кепилдиги болуп саналат. Сот бийлигинин көз карандысыздыгын колдоого алуу, көз карандысыздык принцибин кармануу судьянын милдети болуп эсептелет.


Судья бүтүндөй коомчулукка карата жана ал карап жаткан соттук иш боюнча процесстин бардык катышуучуларына карата көз карандысыз позициясын карманууга милдеттүү. Коомдук пикир, мүмкүн болгон эл алдындагы судьянын ишмердигин сындоо, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында дагы, ал тараптан кабыл алынып жаткан чечимдердин мыйзамдуулугуна, негизделишине жана акыйкаттуулугуна таасир кылбоосу керек.


Судья Судьялар кеңешине судьяга карата таасир кылуунун кайсы гана болбосун аракеттери, ага кабыл алына турган чечимге карата таасир кылуу максатында тике же кыйыр кысым кылуусу, ошондой эле кызыкчылыктардын кагылышуусун жаратууга мүмкүн болгон жагдайлардын бар экендиги тууралуу билдирүүгө милдеттүү.


5-статья. Объективдүүлүк жана калыстык принциби


Судьянын объективдүүлүгү жана калыстыгы сот адилеттүүлүгүн тийиштүү ишке ашыруунун милдеттүү шарттары болуп саналышат.


Судьянын жүрүм-туруму сот бийлигинин кадыр-баркын колдоого жана сот органдарына карата ишенимди өстүрүүгө, ошондой эле коомчулуктун судьянын объективдүүлүгүнө жана калыстыгына болгон ишенимин камсыздоого түрткү болууга тийиш.


Судья өз абалын, өзүнүн статусун жеке максатта, жакындарынын жана башка адамдардын кызыкчылыктарын артыкчылыктуу түрдө мыйзамга каршы канааттандыруу кызыкчылыктарында колдонууга укуксуз.


Судья процесстин катышуучулары менен болгон жеке өз ара катнаштары негизделген шектенүүнү пайда кылган, же судьяда кандайдыр-бир артыкчылык берүү же алдын ала аныкталган мамилелер бар экендигин көрсөтүүчү кырдаалдарды болтурбоого тийиш.


Судья соттук ишти калыстык менен объективдүү кароого таасир кылышы мүмкүн болгон кайсы гана болбосункомментарийлерден сактанууга милдеттүү.


 6-статья. Чынчылдык жана сатылбастык принциби


Судья төмөнкүлөргө милдеттүү:



  • өзү, жакын адамдары жана үй-бүлө мүчөлөрү үчүн өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын пайдалануу менен эч кандай бакубаттыктарды жана артыкчылыктарды түзбөөгө;

  • кызматтык милдеттерине байланышкан эч кандай жеке убадаларды бербөөгө;

  • өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруунун жүрүшүндө алынган купуялуу маалыматты жеке пайда алуунун каражаты катары колдонбоого;

  • соттун кызматкерлерине жана сотко келүүчүлөргө карата чынчыл, сабырдуу, сылык, адептүү, акыйкат болууга;

  • сатылбоого жана кандай гана болбосун коррупциялык аракеттерге каршы турууга, коррупциялык жүрүм-турумга чыдай албагандай атмосфераны түзүү үчүн күрөшүүгө;

  • анын аброюна же сот бийлигинин кадыр-баркына зыян келтирүүчү чыр-чатак (жаңжал) кырдаалдарына жол бербөөгө;

  • укук коргоо органдарына ага коррупциялык укук бузууларды жасоого тартуу максаттары менен кандайдыр бир адамдардын кайрылган учурлары тууралуу билдирип турууга.


 7-статья. Теңчилик принциби


Ишке катышып жатышкан бардык адамдарга (тараптарга) карата тең мамилени камсыздоо сот адилеттүүлүгүн объективдүү жана калыстык менен, жана соттук териштирүүнү акыйкаттуу жүзөгө ашыруунун милдеттүү шарты болуп эсептелет.


Судья өз милдеттерин аткаруу учурунда сот өндүрүшүнүн бардык катышуучуларына алардын жынысынан, расасынан, улутунан, тилинен, жаратылышынан, мүлктүк жана кызматтык абалынан, жашаган жеринен, динге болгон мамилесинен, ынанымдарынан, коомдук бирикмелерге тиешелүүлүгүнөн, ошондой эле башка жагдайлардан көз карандысыз ишти акыйкат кароону камсыздап, объективдүүлүктү жана калыстыкты көрсөтүү менен тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоого тийиш.


Судья өзүнүн милдеттерин аткаруу учурунда өзүнүн диний тиешелүүлүгүн көрсөтпөөгө тийиш.


8-статья. Судьянын компетенттүүлүк жана аракетчилдик принциби


Компетенттүүлүк жана аракетчилдик судьянын сот адилетүүлтүжүзөгө ашыруудаөз милдеттерин тийиштүү аткаруусунун зарыл шарттары болуп эсептелинет.


Судья ак ниеттик менен, жогорку кесиптик деңгээлде өз милдеттерин аткарууга, ишти өз маалында жана квалификациялуу кароо үчүн бардык чараларды көрүүгө тийиш.


Судья мыйзамда белгиленген мөөнөттө сапаттуу жана акыйкат соттук териштирүүнү камсыздоого багытталган чараларды көрүүгө; соттук териштирүүлөрдү негизсиз кийинкиге калтырууга жол бербестен, соттук отурумдарды тийиштүү ыкмада уюштурууга жана өткөрүүгө тийиш.


Судья өз милдеттерин тийишүү деңгээлде аткаруу үчүн дайыма өзүнүн кесиптик квалификациясын жогорулатуунун үстүндө иштеп жана аны жогорку денгээлде кармап турууга  милдеттүү.  Ушул максаттарда, судья өз алдынча окуу мүмкүнчүлүгүн колдонуу сыяктуу эле, мыйзамда белгиленген тартипте окутуудан да өтүүшү керек.


Судья эл аралык укук ченемдерин, аны менен кошо эле эл аралык конвенциялардыжана адам укуктары тармагындагы башка документтерди билүүгө тийиш.


Судья өз милдеттерин аткаруу учурунда алынган маалыматты жайылтууга укуксуз.


Судья процессте жүрүм-турумдун жогорку маданиятын сактоого, сот отурумунда тартипти колдоп турууга, өзүн татыктуу, чыдамкай, процесстин катышуучуларына жана сот отурумуна катышып жаткан башка адамдарга карата сылык  алып жүрүүгө тийиш.


Судья сот отурумуна катышуучу бардык адамдардан жана процесстин катышуучуларынан, ошондой эле сот аппаратынын кызматкерлеринен ушундай эле жүрүм-турумду талап кылууга тийиш.


 9-статья. Уюштуруу-тескөөчу функцияларын жүзөгө ашыруу учурундагы жүрүм-турум эрежелери


Соттун төрагасына жана соттун төрагасынын орун басарына, жогорку турган соттордун судьяларына, сот адилеттүүлүгүн ишке ашыруу боюнча судьялардын көз карандысыздыгын чектөөчү аракеттерге жол берүүгө, судьяларга алардын сот адилеттүүлүгүн жүзөгө ашыруу боюнча ишмердигине таасир кылуу максаты менен кысым көрсөтүүгө тыюу салынат.


Соттун төрагасы, соттун төрагасынын орун басары сот адилеттүүлүгүн жүзөгөашыруу боюнча милдеттерин аткаруу менен катар, ага жүктөлгөн административдик функцияларды ак ниет аткарууга, башка судьялар жана сот аппаратынын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аткарууларынын натыйжалуулугун жогорулатуусуна шарт түзүүгө тийиш.


Соттун төрагасы соттун аппаратынын кызматкерлеринен кесиптик ишмердигине карата ак ниеттүү жана аракетчил мамилени талап кылууга милдеттүү.


Соттун төрагасы соттун аппаратынын кызматкерлерине карата теңсиздик мамилеге жол бербөөгө тийиш.


Соттун төрагасы судьялардын жана соттун аппаратынын кызматкерлеринин ортосунда кызматтык жүктөмдү (жумушту) тең бөлүштүрүүнү камсыздоого тийиш.


Соттун төрагасы өзүнүн укугун кадр маселелерин чечүүдө, негизделбеген дайындоолорду, кимдир бирөөнү колдоочулук кылууга, үй-бүлөөлүк башкарууга жол бербей, ак ниет колдонууга тийиш.


Соттун төрагасы судьяларга жана башка адамдарга карата адептүү, сабырдуу болуп, өз аракеттерине болгон сынга карата чыдамдуу мамиле кылуусу керек, өзүнө карата сын-пикир мамилеси үчүн тике же кыйыр куугунтуктоого жол бербөөсү керек.


Кызмат боюнча кимдир бирөөнү колдоо (татыксыз мактоо, кызматтык зарылчылыктан улам пайда болбогон башка аракеттерди жасоо) сыяктуу эле, жазалабай коюуга дагы (кызматтык ишмердигинде жол берилген аткарбай койгону же тартип бузганы үчүн чараларды көрбөө, мыйзамсыз аракеттерине чара көрбөө) жол берилбейт.


Судья соттун аппаратынын кызматкерлеринен мамлекеттик жарандык кызматкерлердин кызматтык жүрүм-турумунун жалпы принциптерин сактоону, жогорку кесиптик деңгээлди кармоону, жүрүм-турумдун тийиштүү этикасын, тыюу салууларды, чектөөлөрдү сактоону, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамдары менен караштырылган милдеттерди аткарууну талап кылууга укуктуу.


3-глава. Судьянын соттон тышкаркы ишмердиги


10-статья. Судьянын соттон тышкаркы ишмердигинин принциптери


Соттон тышкаркы ишмердикте жана кызматтан тышкаркы мамилелерде судья сот бийлигинин аброюн төмөндөтүүчүжана судьялардын кадыр-баркына зыян тийгизүүчү жагдайлардын баарынан качууга тийиш.


Эгерде Кыргыз Республикасынын судьялардын статусу жөнүндө мыйзамдарга каршы келбесе жана сот адилеттүүлүгүнүн кызыкчылыгына зыян келтирбей турган болсо, судья илимий, педагогикалык, эксперттик жана чыгармачылык сыяктуу эле, соттон тышкаркы ишмердиктин ар түрдүү түрлөрү менен алектене алат жана ар түрдүү эл алдындагы иш-чараларга катыша алат.


Судья, өзүнүн кесиптик милдеттерин аткарууда тоскоолдуктарды жаратуучу, судьянын көз карандысыздыгына жана калыстыгына терс таасир тийгизүүчү, судьядан баш тартуу жөнүндө арыздардын көп болушуна жана өзүнүн баш тартуусуна алып келе турган,же Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө мыйзамдар менен белгиленген чектөөлөрдүн чегинен чыгуучуишмердиктин түрлөрү менен алектенбөөгө жана мындай эл алдындагы иш-чараларга катышпоого тийиш.


Судья,эгерде бул аракеттер судьянын объективдүүлүгүнөн жана калыстыгынан шектенүүлөрдү жарата турган болсо,конкреттүү сот ишине катышып жаткан жактар, алардын өкүлдөрү, прокурор, адвокат, башка кызыкчылыгы бар адамдар менен процессуалдык байланыштан тышкаркы байланыш менен баарлашууларды болтурбоого тийиш.


Судья соттон (кызматтан) тышкаркы ишмердикти жалпыга маалымдоо каражаттарында, анын ичинде интернеттеги коомдук тармактарда жарыялоодо,сот бийлигинин аброюн төмөндөтүшү жана судьялардын кадыр-баркына зыян тийгизишимүмкүн болгон жагдайларга жол бербей, тийиштүү сактыкты көрсөтүүгө тийиш.


11-статья. Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенишүү


Судья мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен укук, мыйзам чыгаруу, сот тажрыйбасы маселелери боюнча, бул анын жеке тажрыйбасына жана ал адистешкен тармактагы билимине негизделген өздүк позициясын айтуу катары кабыл алына турган мерчемде өз ара аракеттенишүүнү жүзөгө ашырууга укуктуу, мында ал анын көз карандысыздыгына, калыстыгына шектенүүлөрдү жана ага көрсөтүлгөн органдардын кызмат адамдары тарабынан таасир кылуусун пайда кылышы мүмкүн болгон жагдайлардын баарын болтурбоого тийиш.


Судья мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле ушул органдардын жетекчилеринин ишмердигине карата эл алдында ой-пикирин айтуудан, ой толгоодон жана баа берүүдөн карманууга тийиш.


Судья укукту өнүктүрүүгө жана мыйзам чыгарууну, сот тутумун жана сот адилеттүүлүгүн өркүндөтүүгө багытталган иш-чараларга катышууга укуктуу.


Эгерде бул судьялардын статусу жөнүндө мыйзамдарга каршы келбей турган болсо, судья                  докладдар жана лекциялар менен коомдук уктурууларга, илимий форумдарга жана конференцияларга катыша алат, макала жана китептерди жаза алат, илимий жана окутуучулук, анын ичинде акы төлөнүүчү негиздеги, ишмердикти жүзөгө ашыра алат, ошондой эле укук, мыйзам чыгаруу, сот адилеттүүлүгү чөйрөсүнө тиешелүү ишмердиктин башка түрлөрү менен алектене алат,


 12-статья. Кесиптик уюмдарга катышуу


Судья өзүнүн кызыкчылыктарын жана сот адилеттигинин кызыкчылыктарын коргоо, соттордун статусун өркүндөтүү, кесиптик даярдык, өзүнүн судьялык көз карандысыздыгын сактоону өркүндөтүү үчүн соттордун ассоциацияларын жана башка кесиптик уюмдарды түзүү эркиндигине жана аларга кирүү укугуна ээ.


Аларга катышуу ыктыярдуу болгон судьялардын кесиптик уюмдары судьяларга алардын статустарына ылайык берилген укуктарын коргоого шарт түзүүгө тийиш.


13-статья. Жеке ишкердикке катышуу менен байланышкан чектөөлөр


Судья жеке өзү же ишенимдүү адамдары аркылуу жеке ишкердикке, анын ичинде уюштуруу-укуктук формасынан көз карандысыз чарба жүргүзүүчү субъектти башкарууга катышуу менен алектенүүгө укуксуз.


14-статья. Юридикалык практиканы жүзөгө ашыруу менен байланышкан чектөөлөр


Судья судьялык кызматта турган мезгилинде адвокаттык жана башка юридикалык практика менен алектенүүгө, юридикалык кызматтарды көрсөтүүгө укуксуз. Ошол эле учурда судья өзүн-өзү коргоого, ошондой эле сот органдарында башка адамдарга мыйзамдуу өкүлчүлүк кылууга,өз үй-бүлө мүчөлөрүнө кеңеш берүүгө жана бөлөк юридикалык жардам көрсөтүүгө укуктуу.


15-статья. Саясий ишмердикке катышуу менен байланышкан чектөөлөр


Судья саясий ишмердикке катышпоого тийиш.


Судьяга кандайдыр-бир саясий уюмда болууга, башкарууга же кайсы бир кызматка ээ болууга; саясий уюмду же шайлануучу кызмат ордуна талапкерди колдоп чыгууга, ошондой эле шайлоо кызмат ордуна талапкерди эл алдында колдоого же каршы чыгууга; саясий уюм же талапкер тарабынан демөөрлөнүүчү иш-чараларга барууга; өзүнүн саясий көз караштарын эл алдында айтууга, саясий мүнөзгө ээ болгон жүрүштөр менен демонстрацияларга же башка саясий акцияларга катышууга болбойт.


Судья мамлекеттик ишмердикке регламенттештирилбеген ачык баа берүүдөн карманууга тийиш.


16-статья. Пикирин айтуу эркиндиги


Ар бир судья өз пикирин эркин билдирүү укугуна ээ.


Судья өз пикирин эркин билдирүү укугун ага анын статусуна ылайык салына турган чектөөлөр менен шайкеш боло тургандай ыкма менен жүзөгө ашырууга тийиш. Мында ал соттун аброю жана сот адилеттүүлүгүнүн калыстыгы шектенүүнү жарата турган бардык учурларда сабырдуулукту көрсөтүүгө тийиш. Судьяга сот адилеттүүлүгүнүн кызыкчылыктарына, анын көз карандысыздыгына жана калыстыгына зыян келтире турган эл алдындагы билдирүүлөрдү же эскертүүлөрдү айтуудан кармануу керек.


17-статья. Соттон тышкаркы ишмердикти жүзөгө ашырууга байланыштуу алына турган акы


“Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына каршы келбеген учурда, судья соттон тышкаркы ишмердикти жүзөгө ашыргандыгы үчүн акыны же чыгашалардын ордун толтурууну алууга укуктуу.


18-статья. Кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу


 Кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу, кесиптик ишмердикти жүзөгө ашыруу учурунда мүмкүн болгон кызыкчылыктардын кагылышуусунажол бербөө жоопкерчилигинөзүнө алуу, ошондой эле мурда бар болгон кызыкчылыктардын кагылышуусун жетечисине жана Судьялардын кеңешининкомиссиясына ушундай кызыкчылыктардын кагылышуусубар экендиги жөнүндө жазуу же оозеки жүзүндөгү арызыаркылуу жөнгө салуу тууралуу судьяга карата коюлган талаптардындатуюндурулат.


Судья өз кадыр-баркы жана өзүнүн үй-бүлө мүчөлөрүнүн кадыр-баркы жөнүндө кам көрүүгө тийиш жана кызматтык абалын өзүнүн жеке кызыкчылыктарында же үй-бүлөсүнүн башка мүчөлөрүнүн жана башка адамдардын кызыкчылыктарында пайдаланбоосу керек. Судья өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу учурунда үй-бүлөлүүлүктү болтурбоого тийиш.


Судья өз үй-бүлө мүчөлөрүнө, жакын туугандарына жана башка адамдарга анын сот адилеттүүлүгүн жүзөгө ашыруу ишмердүүлүгүнө таасир кылуусуна жол бербөөгө тийиш.


4-глава. Корутундулоочу жоболор


19-статья. Судьянын жоопкерчилиги


Ушул Кодекстин талаптарын бузуу тартиптик жорук болуп саналат. Тартиптик жорукту жасагандыгы үчүн судья тартиптик жоопкерчиликке “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына ылайык жоопкерчиликке тартылат.


20-статья. Ушул Кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби


Ушул Кодекске карата өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Судьяларынын курултайы тарабынан Судьялар кеңешинин же Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын, жергиликтүү соттун чогулушунун сунушу менен кабыл алынышы мүмкүн.


Кыргыз Республикасынын Судьяларынын курултайынын ушул Кодекске карата өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечими катышуучулардын санынын көпчүлүгү менен кабыл алынат.


21-статья. Ушул Кодекстин күчүнө кирүүсү


Ушул Кодекс Кыргыз Республикасынын Судьяларынын курултайы тарабынан бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.


Ушул Кодексти кабыл алуу менен Кыргыз Республикасынын Судьяларынын Х курултайы менен 2016-жылдын 19-февралында бекитилген Кыргыз Республикасынын Судьясынын абийир Кодекси күчүн жоготот.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...