KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

30 апреля 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 30-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин отурумунда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясына карата козголгон кылмыш иши боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесин 209-беренесине өзгөртүүгө уруксат берүү жөнүндө сунушу каралды.


Судьялар кеңеши баяндаманы угуп, Тартип комиссиясынын корутундусун талкуулап, Башкы прокуратуранын аталган сунушун канааттандыруу тууралуу чечим кабыл алды.


Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы А.Адимовго карата чыгарылган өкүм күчүнө киргендигине байланыштуу Судьялар кеңешинин чечими менен анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.


Судьялар кеңеши Мамлекеттик максаттуу программага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан даярдалган Жарлыктын долбоорун карап чыгып, өзүнүн каршы пикирлерин жана сунуштарын киргизди.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...