KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Сот залдарындагы аудио жана видео жаздыруу: жыйынтыктар жана пландар

15 апреля 2021

Бүгүн, 2021-жылдын 15-апрелинде,   Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрайымы Чинара Садырова «Сотко ишеним»  USAID-IDLO Программасынын  жаңы фазасынын бет ачарына катышышты,  анын жүрүшүндө сот залдарында аудио жана видео жазуу тутумунун (АВФ) ишке киргизилишинин натыйжалары   көрсөтүлдү.


Аталган иш-чарага Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасы Карыбек  Дүйшеев,Жогорку соттун судьясы Инара Гилязетдинова, жергиликтүү соттордун судьялары,   Жогорку сотко караштуу  Сот департаментинин  директорунун орун басары  Таалайбек Мукалаев, USAID уюмунун демократия жана мамлекеттик башкаруу маселелери боюнча  бөлүмдүн директору Ноэль Бауэр жана IDLO уюмунун директору Альфред Хьюстон катышышты.


Аудио жана видео жазуу тутуму сот отурумунун жүрүшүн так жана объективдүү жазууга, сот отурумдарынын онлайн режиминде трансляциялоого, тараптардын электрондук протоколдорго жеткиликтүүлүгүнө ээ болууга, сот отурумдарына айыпталуучу, жабырлануучу жана сот процессинин башка катышуучулары катары аралыктан катышууга мүмкүнчүлүк берет.


Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин алдындагы “Адилет сот” маалыматтык технологиялар башкармалыгы сот тутумун санариптештирүүнү техникалык иштеп чыгуу, ишке ашыруу жана талдоо менен алектенет.


«Адилет сот» маалыматтык технологиялар башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Рустам Шабыевдин айтымында, аудио-видео жазуу системасын ишке ашыруу 2018-жылы башталган, анда аталган тутум Бишкек шаардык сотунда үч сот залында пилоттук түрдө башталган. 2019-жылы 20 соттун 77 сот залы аудио-видео жаздыруу  тутуму менен жабдылган. Үчүнчү этапта, 47 соттун 77 сот залы жабдылган. Бүгүнкү күндө 157 сот залы жабдылган. 2022-жылга чейин аудио-видео жаздыруу тутумун Кыргыз Республикасынын бардык сотторуна киргизүү пландаштырылууда.


“Сотко ишеним” USAID-IDLO  Программасынын алкагында ауидио-видео жазуу тутумун киргизүү сот тутумунун көз карандысыздыгын чыңдап, соттордун ачык-айкындуулугун камсыз кылат жана сот адилеттигинин сапатын жогорулатат.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...