KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

2021 -жылдын 27-28 -майында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү

28 мая 2021

2021 -жылдын 27 -28 -майында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Күн тартибинде Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши төмөнкү маселелерди карады:



  1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө маселени кароо;

  2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына квалификациялык класстарды берүү маселесин кароо;

  3. Жергиликтүү соттордун судьяларынын ижара чыгымдарын компенсациялоо жөнүндө арыздарын кароо;

  4. Сот системасынын 2022-жылга бюджетинин долбоорун жана 2023-2024-жылдарга болжолун кароо;

  5. Ар түрдүү маселелер.


Биринчи маселе боюнча, Баткен облустук сотунун судьясы Мусаев Сайдибаказ Темировичтин өзүнүн  жазган арызынын негизинде  анын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө маселе болгон. Арызды кайтарып алуунун мыйзамда белгиленген мөөнөтү өткөндүктөн, Соттор кеңешинин бир добуштан кабыл алынган чечими менен Баткен облустук сотунун судьясы С.Т.Мусаевдин арызын канааттандыруу чечими кабыл алынды.


Белгилей кетсек, 2021 -жылдын 27 -майында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин бюджеттик комиссиясынын жыйыны болуп өткөн, анын жыйынтыгында Соттор кеңешинин жыйынына сот системасын каржылык камсыздоо бөлүмдөрүнүн башчылары чакырылган.


Сот тутумунун органдарынын ар бир өкүлүнө сметалардын жана 2022-жылга пландалган иш-чаралардын (чыгымдардын) шайкеш келүүсүнө  байланыштуу бир катар суроолор берилди.


Негизги суроолорго Сот департаментинин директорунун орун басары — Мукалаев Т.С., Сот департаментинин Ресурстарды башкаруу башкармалыгынын  башчысынын милдетин аткаруучу — К.Усоналиев жана материалдык -техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы — Осмонбекова А.Ж. жооп беришти.


Ошондой эле бюджеттин долбоорун талкуулоонун жүрүшүндө соттордун аппаратынын штаттык санын көбөйтүү жөнүндө маселе көтөрүлдү. Судьялардын жардамчыларынын штаттык бирдиктеринин санын 158 бирдикке көбөйтүү жөнүндө сунуш киргизилген жергиликтүү соттордун аппаратынын кызматкерлеринин ишин оптималдаштыруу боюнча жумушчу топтун корутундусунун негизинде, КР жергиликтүү сотторунун судьяларынын штаттык бирдиктерине бирдей санда бир судьяга бир жардамчысы деген эсеп менен.


КР Судьялар кеңеши соттордун штаттык санын көбөйтүү тууралуу чечим кабыл алды.


28-21-май күндөрү Судьялар кеңешинин чечими менен 2022-жылга Сот тутумунун консолидацияланган бюджети бекитилген.


Андан соң Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына квалификациялык класстарды берүү, ошондой эле жергиликтүү соттордун судьяларынын турак жайды ижарага алуу боюнча чыгымдарын компенсациялоо тууралуу арыздары каралды.


28-21-майда Судьялар кеңешинин чечими менен, жергиликтүү соттордун судьялары Кыргыз Республикасынын Президентине квалификациялык классты берүү үчүн сунуш кылынат, ошондой эле жергиликтүү соттордун судьяларына турак жайды ижарага алуу боюнча алардын чыгымдарын компенсациялоого макулдугун берет.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...